Шри Ишопанишад
Киришүү
Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупаданын, 1969 – жылдын 6 – октябрында Конвей Холлдо (Лондон, Англия) окуган лекциясы.
Айымдар жана мырзалар, бүгүнкү лекциянын темасы Веда окуусу. Веда деген эмне? Веда* деген сөздүн санскриттик этиш уңгусун ар түрдүү которсо болот, бирок акыр аягы бул сөздүн ар түрдүү маанилеринин баары “билим” деген сөздүн тукумдары болушат. Силер алган билимдердин баары веда, себеби Веда окуусу – бул баштапкы билим. Биз шартталган абалда турган кезде, биздин билимибиз көптөгөн кемчиликтерге ээ. Шартталган жана кутулган жандын ортосундагы айырма, шартталган жанда төрт кемчиликтин бар болгондугунда. Анын биринчи кемчилиги, ал катачылык кетиргенге мажбур. Мисалы, биздин өлкөдө Махатма Гандини улуу адам катары сыйлашат, бирок ал да көп ката кетирди. Атүгүл жашоосунун акыркы күнү катчысы ага мындай деп эскерткен: “Махатма Ганди, Жаңы Делидеги бул жыйналышка барбаңыз. Мен ал жак кооптуу экенин досторуман уктум”. Бирок ал уккан жок. Ал тигил жакка барам деп көшөрдү эле, өлтүрүлдү. Атүгүл ушундай, Махатма Ганди, президент Кеннеди жана ушуларга окшогон улуу адамдар да жаңылышат. Адамга ката кетирүүчүлүк мүнөздүү. Шартталган жандын кемчиликтеринин бири ушунда.
Кийинки кемчилик – куру кыялга азгырылуу. Куру кыял – бул, жок нерсенин – майянын реалдуулугуна ишенүү. Деги эле майя “бар болбогон нерсе” дегенди түшүндүрөт. Ар бир адам өзүнүн денесин менмин деп эсептейт. Эгерде мен силерден, кимсиңер деп сурасам, “Мен мистер Жонмун, мен бай адаммын”, ж. б. у. с. жоопторду бересиңер. Булардын баары, өзүн дене катары эсептөөнүн ар түрдүү формалары. Бирок силер дене эмессиңер. Бул куру кыял.
Үчүнчү кемчилик – алдамчылыкка жөндөмдүүлүк. Ар бир адам башкаларды алдаганга жөндөмдүү. Адам баласы жеткен түркөй болуп туруп, өзүн акылдуу катары көрсөтүшү мүмкүн. Адам баласы ар кадам сайын адашат жана катачылык кетирет, бирок бул ага: “Мен ойлойм, бул мындай, тигил – тигиндей” деп талкуулаганга тоскоолдук кылбастыгын биз жогоруда айтып өттүк. Ушуну менен бирге ал, атүгүл өзүнүн “мен” табиятын да билбейт. Ал өзү мыкты сапаттардан алыс болуп туруп, философия боюнча китептерди жазат. Анын оорусу ушунда. Алдамчылык деген ушул.
Жана акыркысы, биздин сезимдерибиз кемчиликтүү. Биз өзүбүздүн көзүбүз менен аябай сыймыктанабыз. Көбүнчө элдер бизден сурашат: “Сиз мага Кудайды көрсөтө аласызбы?” А бирок сизде Кудайды көрө ала турган көз барбы? Ага ылайыктуу көз болмоюнча сиз Аны көрө албайсыз. Эгерде азыр бөлмө капыстан караңгы болуп калса, сиз атүгүл өзүңуздүн колуңузду да көрө албайсыз. Сиздин көрүү жөндөмдүүлүгүңүз ушунчалык кымбатпы? Ошентип, акыйкат билимди (веданы) биздин жетиксиз сезимдерибиздин жардамы аркылуу алууну көздөбөшүбүз керек. Шартталган тирүү жанга тиешелүү мындай кемчиликтерибиз болуп туруп, биз эч кимге жетик билим бере албайбыз. Биз өзүбүз да кемчиликтүүбүз. Ошондуктан биз Ведалардын кадыр-баркын кыңк этпестен кабыл алабыз.
Ведаларды кээде индуизмдин ыйык китептери деп аташат, бирок “индуизм” деген сөз чет элден келген. Биз индус эмеспиз. Биздин маданиятыбыздын маанисин варнашрама деген сөз сүрөттөйт. Бул сөз менен, Веданы тутунган жана адамзат коомун төрт варналарга жана ашрамдарга, башкача айтканда төрт катмарга жана руханий жашоонун төрт тепкичине бөлүүнү кабыл алгандарды аташат. Бул системаны варнашрама деп аташат. Бхагавад-гитада (4.13) айтылган: “Бул бөлүү баржокто бар, себеби ал Кудай тарабынан жаратылган”. Коом брахмандарга, кшатрийлерге, вайшьилерге жана шудраларга бөлүнөт. Брахман деген эмне экенин билген акыл-эстүү адамдарды Брахман деп аташат. Кшатрийлер – булар башкаруучулар катмары, башкача айтканда акыл-эстүү адамдардын экинчи катмары. Андан соң вайшьилер – соодагерлер катмары. Адамдардын бул тайпаларын кайсы коомдон болсо да тапса болот. Веданын принциби ушундай, жана биз аны кабыл алабыз. Веданын принциптерин далилдөөнү талап кылбай туруп кабыл алышат, себеби Ведаларда катачылык болушу мүмкүн эмес. “Кабыл алуу” деген сөздүн мааниси ушундай. Мисалы, Индияда уйдун тезеги, жаныбардын тезеги экенине карабай таза болуп эсептелинет. Ведаларда, тезекке тиер замат, дароо жуунуу керек экендиги айтылат. Бирок, башка жеринде уйдун тезеги таза экендиги айтылган. Эгерде таза эмес жайды уйдун тезеги менен шыбаса, ал жер таза болуп калат. Биз күнүмдүк жүйөөлүү пикирге таянып, “Бул карама-каршылык” - деп, каршы болушубуз мүмкүн. Жана чындыгында, жүйөөлүү пикир көз карашында бул карама-каршылык, бирок ошентсе да мында катачылык жок. Бул факт. Калькуттада, бир белгилүү илимпоз-дарыгер уйдун тезегин изилдеп, анын бүт антисептикалык касиеттерге ээ экенин тапты.
Индияда, эгерде бир адам экинчисине: “Сен аны-муну жасашың керек” дечү болсо, - тигил болсо: “Эмне үчүн? Эмне үчүн мен сенин көрсөтмөлөрүңү кыңк этпей аткарышым керек? Ведаларда бул жөнүндө эмне делген?”, - деп сурай алат. Веда буйруктарын өз алдыбызча талкуулаганга болбойт. Бирок акыр аягында, эгерде сиз бул буйруктардын ар бирин кылдат үйрөнсөңүз, анда алардын катасыздыгын көрөсүз.
Веда адамдын акыл-эси аркылуу жаратылган эмес. Веда билими руханий дүйнөдөн, Кришнадан келген. Веданын башкача аталышы – шрути. Шрути деген сөз менен угуу аркылуу алынган билимди аташат. Бул эмпирикалык билим эмес. Шрутини энеге салыштырышат. Энебизден биз өтө көп нерселерди үйрөнөбүз. Мисалы, эгерде сиз атаңыз ким экенин билгиңиз келсе, буга ким жооп бере алат? Сиздин энеңиз гана. Качан сизге энеңиз: “Мына сенин атаң”, - деп айтса, сиз макул болгонго аргасыз болосуз. Атанын кимдигин эксперименталдык жол аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу, эгерде сиз, өзүңүздүн тажрыйбаңыздан, сиздин эмпирикалык билимиңизден, сиздин сезимдериңиздин таасиринин чөйрөсүнөн сырткары жаткан нерсени тааныгыңыз келсе, анда Веданы кабыл алууңуз керек. Бул учурда, эксперимент кылуу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Бардык эксперименттер илгери эле жасалган. Акыйкат аныкталган. Энебиздин сөзүнө ишенип кабыл алгандай эле бизге аны кабыл алуу эле калат. Башка жол жок.
Веданы – эне, а Брахманы – ата, баба деп аташат, анткени ал веда билимин алгандардын алгачкысы болгон. Брахма ааламдагы биринчи тирүү жан болгон. Ал веда билимин алды да, өзүнүн баласы Нарадага, башка шакирттерине жана балдарына өткөрүп берди, а алар аны өздөрүнүн шакирттерине өткөрүп беришти. Веда билими ушинтип окуучулук мурас тизмегинде өткөрүлүп берилет. Бхагавад-гита дагы, веда билими ушундай жол менен берилерин тастыктайт. Эксперименттерди коюу менен, сиз акыр аягы ушул эле жыйынтыкка келесиз, бирок, убакытты үнөмдөө үчүн, жөн эле Веда окуусун кабыл алган жакшы. Эгерде сиздин атаңыз ким экенин билгиңиз келсе, жана бул суроодо энеңизге ишенсеңиз, анда анын айткандарынын баарын кабыл алууңуз керек. Далилдин үч түрү бар: пратьякша, анумана жана шабда. Пратьякша деген ”эмпирикалык далил” дегенди түшүндүрөт. Эмпирикалык далилдердин дайыма алсыз жактары болот, анткени биздин сезимдер кемчиликтүү. Мисалы, биз күн сайын күндү көрөбүз, жана ал бизге кичинекей диск сыяктуу көрүнөт, антсе да ал чындыгында көпчүлүк планеталардан алда канча чоң. Анда биздин байкоолорубуздун баасы канча? Күн тууралуу туура түшүнүк алуу үчүн, биз китептерди окуубуз керек. Демек, тикеден-тике тажрыйба мыкты эмес. Далилдин башка түрү анумана, индуктивдүү билим же гипотеза болуп эсептелет: “Менимче, бул мындай...”. Мындай далилдин мисалы, бүтүндөй божомолдорго негизделген Дарвиндин теориясы. Бирок муну илим деп атоого болбойт. Бул болгону божомол, жана ал дагы кемчиликтүү. Кадырлуу булактан алынган билим гана мыкты болуп саналат. Эгерде радиостанция сизге көрсөтүү программасын жөнөтсө, сиз ага каршы чыкпайсыз. Бул учурда сизге эксперимент жасоонун кереги жок, себеби программа ишенимдүү булактан алынды.
Веда билимин шабда прамана деп аташат, же башкача айтканда шрути. Шрути деген, билим, угуу процессинде алынуусу керек дегенди түшүндүрөт. Веда, эгерде биз трансценденттүү илимди түшүнгүбүз келсе, анда бул суроодо билги адамды угуубуз керектигин үйрөтөт. Трансценденттүү билимдин булагы материалдык ааламдан сырткары жайгашкан. Ушул ааламда жеткиликтүү болгон билим – бул материалдык билим, а андан сырткары турган нерсе жөнүндөгү билим – трансценденттүү билим. Биз атүгүл материалдык ааламдын чек арасына жетүүгө да күчүбүз жетпейт, а рухий дүйнөгө баруу жөнүндө айтпай эле коёлу. Демек, толук билим алуу мүмкүн эмес.
Антсе да рухий дүйнө бар. Көрүнгөн жана көрүнбөгөн материянын чегинен сырткары, түбөлүктүү тирүү жандар жайгашкан, түбөлүктүү планеталар калкыган рухий асман жайылып жатат. Бирок сиз кантип муну текшере аласыз? Бул жөнүндө веда жазмаларында айтылат, бирок кантип сиз эксперименттерди жасай аласыз? Бул мүмкүн эмес. Ошондуктан биз жөн эле Ведаларда баяндалган маалыматты кабыл алуубуз керек. Бул веда билими деп аталат. Биздин Кришна аң-сезими кыймылында биз улуу кадыр-барктуудан, Кришнадан билим алабыз. Кришнанын кадыр-баркын бардык категориядагы элдер таанышат. Биринчи кезекте, мен трансценденталисттердин эки категориясы жөнүндө айтып жатам. Трансценденталисттердин бир категориясы – бул имперсоналисттер, маявадилер. Демейде аларды Шанкарачарья мектебинин ведантисттери деп аташат. Трансценденталисттердин башка категориясына Рамануджачарья, Мадхавачарья, Вишнусвами сыяктуу вайшнавдар киришет. Вайшнава-сампрадая сыяктуу эле Шанкара-сампрадая да Кришнанын, Жогорку Кудай Инсан экенин моюнга алат. Шанкарачарья имперсоналист катары эсептелет, анткени ал имперсонализмди, инсансыз Брахманды даават кылган, бирок чындыгында ал жашыруун персоналист болчу. Өзүнүн Бхагавад-гитага берген комментарийлеринде ал минтип жазат: “Жогорку Кудай Инсан, Нараяна, – бул Кришна. Ал Деваки жана Васудеванын уулу катары келди”. Ал атайын Анын атасынын жана энесинин аттарын айтып өтөт. Ошентип, трансценденталисттердин баары Кришнаны Жогорку Кудай Инсан катары кабыл алышат. Бул талашсыз чындык. Кришна аң-сезими кыймылында, биз Кришнанын Өзү тарабынан айтылган “Бхагавад-гитадан” алынган билимге таянабыз. Биз “Бхагавад-гита, түп нускасында” китебин жарыяладык, себеби Кришна айткандардын баарын, Анын сөздөрүнө жеке чечмелөө бербестен кабыл алабыз. Бул веда билими. Веда билими таза, ошондуктан биз аны кабыл алабыз. Биз Кришна айткандардын баарын кабыл алабыз. Кришна аң-сезиминин маңызы ушунда. Ошентип көп убакыт үнөмдөлөт. Чыныгы кадыр-барктууну кабыл алуу менен, көп убакытты үнөмдөйсүз. Материалдык дүйнөдө таанып билүүнүн эки методу бар: индуктивдүү жана дедуктивдүү. Дедуктивдүү билимдин мисалы адамдын ажалдуу экени жөнүндөгү биздин түшүнүгүбүз болуп саналат. Сиздин атаңыз адам ажалдуу дейт, сиздин эжеңиз адам ажалдуу дейт, баары адам ажалдуу дешет, бирок сиз өзүңүз эксперимент жасабайсыз. Сиз адамдын ажалдуу экенинен шектенбейсиз, сиз жөн эле бул чындыкка ишенесиз. Эгерде сиз, адамдын ажалдуу экенин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүүнү кааласаңыз, сизге бардык адамдарды изилдөө керек болот, жана ушуну менен бирге кайсы бир жерде өлбөс адам жашаары, бирок ал сизге жолуга электиги ыктымалдыгын эсепке албоого болбойт. Ошентип сиздин изилдөөңүз эч качан бүтмөк эмес. Бул процесс санскрит тилинде ароха, жогору карай процесс деп аталат. Өз күчүнө жана жетиксиз сезимдерге гана таянып билим алууга аракет кылуу башынан эле ийгиликсиздикке дуушар. Ошентип туура тыянакка келүү мүмкүн эмес.
“Брахма-самхитада” минтип айтылат: “Ойдун ылдамдыгы менен жүргөн самолет менен саякатка чыккыла”. Материалдык самолёттор саатына үч миң чакырым ылдамдыкта уча алышат, бирок ойдун ылдамдыгы кандай? Сиз үйүңүздө отурасыз, капыстан сизден айталы, он миң чакырым алыс аралыкта жайгашкан Индия жөнүндө ойлодуңуз да, дароо ошерде болуп калдыңыз. Сиздин ойлоруңуз сизди заматта ал жакка алып барды. Ойдун ылдамдыгы ушунчалык жогору. Ошондуктан “Брахма-самхитада” айтылат: “Руханий асман мейкиндигинде, ойдун ылдамдыгы менен миллиондогон жылдар саякаттап, анын учу-кыйырсыздыгына ишенесиз”. Атүгүл ага жакындоого да мүмкүн эмес. Мына эмне үчүн Ведаларда адам чыныгы рухий устатты, гуруну табуусу керектиги, тагыраак айтканда милдеттүү экендиги ырасталат. Рухий устаттын сапаттары кандай? Ал Веданын маңызын кадырлуу булактардан өздөштүргөн жана Брахманда бекемделген. Ал ээ болуш керек болгон эки сапат ушундай, болбосо аны чыныгы устат деп атоого болбойт.
Кришна аң-сезими кыймылы бүтүндөй веда принциптерине негизделген. “Бхагавад-гитада” Кришна айтат, Веданы үйрөнүүнүн чыныгы максаты – Аны таануу. “Брахма-самхитада” да айтылат: “Кришна, Говинда сансыз келбеттерге ээ, бирок алардын баарынын мааниси бир”. Алар биздин кемчиликтүү келбеттерибизге окшобойт. Анын келбети мыкты. Менин келбетимин башталышы бар, а Анын келбетинин башталышы жок. Ал ананта. Жана Анын келбетинин – толуп жаткан жана көп түрдүү келбеттеринин – аягы жок. Менин денем, менин үйүмдө эмес ушул жерде турат. Силер өзүңөрдүн үйүңөрдө эмес, залда отурасыңар. Бирок Кришна бир эле учурда бардык жерде боло алат. Ал Голока Вриндаванда боло туруп, ошол эле учурда Ал бардык жерде болуучу. Ал – баштапкы инсан, эң кары тирүү жан, бирок Кришнанын кайсы сүрөтүн карабаңыз, сиз он беш – жыйырма жаштагы жигитти көрөсүз. Сиз эч жерден карыяны таппайсыз. Сиз “Бхагавад-гитада” Кришнанын арабачынын ролундагы сүрөтүн көргөнсүз. Ал учурда Анын жашы жүздөн ашкан болчу, Анын небере-чеберелери бар болчу, антсе да Ал жаш жигиттей көрүнчү. Кришна, Кудай, эч качан карыбайт. Анын улуу кудурети ушундай. Эгерде сиз, веданы үйрөнүү аркылуу Кришнаны тааныгыңыз келсе, туңгуюкка кептелесиз. Бул теоретикалык жактан мүмкүн, бирок өтө чоң кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок сиз Ал жөнүндө Ага берилген жандан оңой эле биле аласыз. Кришнага берилген адам сизге Аны: “Мына Ал, алыңыз Аны”, - деген сөз менен эле бере алат. Кришнага берилген жандардын кудурети ушундай.
Эң алгач бир гана Веда болгон, жана аны окуу зарыл эмес болчу. Элдер ушунчалык акылдуу болушкандыктан, аны, рухий устаттын оозунан бир эле жолу угуп түшүнө алгыдай, ушунчалык жакшы эс тутумга ээ болушкан. Айтылган сөздүн маанисин заматта эле түшүнүү үчүн, аларга бир нерсени бир эле жолу угуу жетиштүү болчу. Бирок, беш миң жыл мурун Вьясадева, азыркы доордун, Кали-юганын элдерине кам көрүп, Веданы жазган. Ал, убакыттын өтүшү менен элдердин жашоосу кыскарарын, алардын эс тутумдары начар болуп калаарын, а акыл-эстин курчу кетерин билген. “Ошондуктан, мен веданы жазып, анын даанышмандыгын окутуум керек”, - деп ойлогон. Ал Веданы төрт бөлүмгө бөлгөн: “Риг”, “Сама”, “Атхарва” жана “Яджур” – жана ушул бөлүмдөрдү өзүнүн шакирттерине тапшырган. Андан соң, ал жогорку акыл-эске ээ эмес элдер: стрилер, шудралар жана двиджа-бандхулар жөнүндө ойлогон. Ал аялдарга, шудраларга (жумушчулар) жана двиджа-бандхуларга (тектүүлүгүнө карабай ылайыктуу сапаттарга ээ эместерге) кам көрүүнү чечкен. Брахмандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, бирок брахмандык сапаттарга ээ эмес адамды, двиджа-бандху деп аташат. Алар үчүн ал “Махабхаратаны”, Индиянын тарыхын ушинтип атап, жана он сегиз Пураналарды жаратты. Булардын баары: Пураналар, “Махабхарата”, төрт Веда жана Упанишадалар – веда адабиятын түзүшөт. Упанишадалар Веданын бөлүгү болуп саналат. Андан соң Вьясадева веда билимин окумуштуулар жана философтор үчүн, Ведалардын королу “Веданта-сутрада” жалпылап берген. Вьясадева өзүнүн Гуру Махаражы (рухий устаты) Нараданын насаатын аткарып, “Веданта-сутраны” өзү жазган, бирок ошентсе да ал канааттануу сезбеди. Бул узун аңгеме. Бул “Шримад-Бхагаватамда” баяндалган. Вьясадева атүгүл Пураналарды, Упанишадаларды жаратып жана “Веданта сутраны” жазгандан кийин да канааттанбай калган. Ошондо анын рухий устаты Нарада ага “Веданта сутраны” түшүндүр деп көрсөтмө берген. Веданта “улуу билим” дегенди түшүндүрөт, а бул Кришна Өзү. Кришна айтат, бардык Ведалардын максаты – Аны түшүнүү: веданта-крд веда-вид эва чахам. Кришна айтат: “Мен – “Ведантанын” түзүүчүсүмүн жана Ведалардын билгичимин”. Демек Ведалардын түпкү максаты – Кришна. Бул вайшнавдардын “Веданта” философиясына болгон комментарийлеринин баарында түшүндүрүлгөн. Бизде, гаудия-вайшнавдарда, “Веданта” философиясына – жеке комментарий бар, ал Баладева Видьябхушананын “Говинда-бхашьясы”. Мадхавачарья да, Рамануджачарья да “Ведантага” комментарийлерди жазышкан. Шанкарачарьянын комментарийи жападан жалгыз эмес. “Ведантага” комментарийлер көп, бирок вайшнавдардын комментарийи алгачкы болгон эмес, ошондуктан элдер Шанкарачарьянын комментарийи – жападан жалгыз дешип туура эмес ойлошот. Мындан сырткары, Вьясадева өзү “Ведантага” мыкты комментарий – “Шримад-Бхагаватамды” жазган. “Шримад-Бхагаватам” да, “Веданта-сутрадагы”: джанмадй асйа йатах деген сөздөр менен башталат. Бул сөздөр “Шримад-Бхагаватамда” кеңири түшүндүрүлгөн. “Веданта-сутрада” Брахман, Абсолюттуу Акыйкат деген эмне экендиги тууралуу кыйытма гана бар: “Абсолюттуу Акыйкат – бул баржоктун булагы”. Бул учкул сөз, а мунун кеңири түшүндүрмөсү “Шримад-Бхагаватамда” айтылат. Эгерде баары Абсолюттуу Акыйкаттан чыкса, анда Абсолюттуу Акыйкаттын табияты кандай? Бул “Шримад-Бхагаватамда” айкындалат. Абсолюттуу Акыйкат аң-сезимге ээ болуусу керек. Ал жарык чачуучу (сва-рат). Биз, башкалардан билим алуу менен өзүбүздүн аң-сезимибизди өнүктүрөбүз жана түшүнүгүбүздү тереңдетебиз, бирок Ал жөнүндө, Ал жарык чачуучу деп айтылган. “Веданта-сутра” веда билимин кыска формада жалпылап берет, жана муну “Шримад-Бхагаватамда” автор өзү айтат.
Аягында биз, веда билимин таанууга чындап умтулгандардын баарын, “Шримад-Бхагаватам” жана “Бхагавад-гитаны” үйрөнүүдө, анын маанисин түшүнгөнгө аракет кылууларын суранабыз.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек