Шри Ишопанишад
Сегизинчи Мантра
са парйагач чхукрам акайам авранам
аснавира шуддхам апапа-виддхам
кавир маниши парибхух свайамбхур
йатхататхйато 'ртхан вйададхач
чхашватибхйах самабхйах
сах — мындай адам; парйагат — чындыгында билүүсү керек; шукрам — баарынан кудуреттүү; акайам — денесиз; авранам — кемчиликсиз; аснавирам — венасы жок; шуддхам — таптаза, күнөө жукпаган; апапа-виддхам — коргоочу; кавих — баарын билүүчү; маниши — философту; парибхух — эң улууну; свайамбхух — өзүнө шүгүрлүүнү; йатха татхйатах — аткаруучу; артхан — каалоолорду; вйададхат — сыйлайт; шашвати-бхйах — эзелки; самабхйах — убактан бери.
Мындай адам чындыгында баарынан улууну, денесизди, баарын билүүчүнү, кемчиликсизди, венасызды, арууну жана булганбоочуну, кемтиксиз философту, эзелки убактардан бери ар биринин каалоосун аткаруучуну билүүсү керек.
КОММЕНТАРИЙ: Бул мантрада Абсолюттуу Кудай Инсандын трансценденттүү жана түбөлүктүү формасы тууралуу баяндалат. Жогорку Кудай формасыз эмес. Ал материалдык дүйнөдөгү формаларга эч кандай катышы жок, трансценденттүү формага ээ. Бул дүйнөдө тирүү жандардын формасы материалдык табият аркылуу жаратылган, жана материалдык механизмдер сыяктуу иш-аракет жасайт. Материалдык дененин анатомиялык түзүмү механикалык түзүлүшкө ээ болуусу керек, башкача айтканда ал вена жана башкаларга ээ болуусу керек, бирок Жогорку Кудайдын трансценденттүү денесинде вена да, эч кандай буга окшогон нерселер да жок. Бул мантрада Анын денесиздиги ачык айтылган. Бул Анын денеси менен рухунда айырма жок экендигин түшүндүрөт. Биздин денебизден айырмачылыгы Анын денеси Ага, материалдык табияттын мыйзамдары менен байланбаган. Материалдык-шартталган жашоодо жан, одоно дене жана назик акылдан айырмаланат. Бирок Кудайдын денеси менен акылынын жана Анын Өзүнүн ортосунда эч кандай айырмачылык жок. Ал – Толук Бүтүн, жана Анын Акылы, денеси жана Ал Өзү бири-бирине шайкеш келет.
Брахма-самхитада (5.1) Жогорку Кудай тууралуу ушуга окшош баян келтирилген. Ал жерде айтылат, Ал – сач-чид-ананда-виграха. Бул Анын, Өзүнө түбөлүк жашоону, билимди жана ырахатты камтыган трансценденттүү форма экендигин түшүндүрөт. Демек Ал, бизге материалдык жашообузда керек болгон өзүнчө денеге же акылга муктаж эмес. Веда жазмаларында, Анын трансценденттүү денеси биздин денебизге таптакыр окшобостугу ачык айтылат; ошондуктан кээде Ал жөнүндө айтышат, Ал формага ээ эмес деп. Бул деген, Ал биздикине окшогон формага ээ эмес, жана Анын формасын биздин сезимдерибиз менен кабыл алууга мүмкүн эмес дегенди түшүндүрөт. Брахма-самхитанын (5.32) башка бир жеринде айтылат, Кудайдын денесинин каалаган бир мүчөсү башка бир мүчөлөрүнүн кызматын аткара алат деп. Башкача айтканда, Кудай колу менен баса алат, бир нерсени буту менен ала алат, колу же таманы менен көрө алат, көзү менен тамактана алат ж.б.у.с. Шрути-мантраларда да айтылган, Кудай биздикине окшогон кол жана буттарга ээ болбогону менен Анын башка кол жана буттары бар, алардын жардамы менен биз Ага сунуштаган бардык нерселерди кабыл алат, жана баарынан ыкчым кыймылдайт. Булардын баарын Шри Ишопанишаддын ушул мантрасы Кудайды шукрам, баарынан кудуреттүү деп атоо менен тастыктайт.
Сыйынууга (арча-виграха) арналган, Кудайды жетинчи мантрада баяндалгандай түшүнүшкөн чыныгы ачарьялар храмдарга орнотушкан Кудайдын формасы, Кудайдын баштапкы формасынан эч кандай айырмаланбайт. Баштапкы форма – бул Шри Кришнанын формасы. А Шри Кришна Өзүн Баладева, Рама, Нрисимха, Вараха ж.б. ушул сыяктуу чексиз көп формаларда таратат. Бардык ушул формалар бир эле Кудай Инсан болуп саналат. Ушул сыяктуу эле, храмдарда сыйынышкан арча-виграха да, Кудайдын бир формасы – экспансиясы болуп саналат. Арча-виграхага сыйынуу менен адам заматта, Өзүнүн баарынан кудуреттүү энергиясынын жардамы менен Өзүнүн берилгендеринин кызматын кабыл алуучу Кудайга жакындай алат. Кудайдын арча-виграха формасы бул дүйнөгө ачарьялардын, касиеттүү устаттардын өтүнүчү менен келет, жана Анын баарынан кудуреттүү энергиясынын арты менен Кудайдын Өзүндөй иш-аракет жасайт. Шри Ишопанишаддын ушул мантрасы менен, жана башка шрути мантралар менен тааныш эмес келесоолор, аруу берилгендер сыйынышкан арча-виграха материалдык элементтерден жасалган деп эсептешет. Мыкты көрөгөчтүгү жок келесоо адамдарга же каништха адхикарилерге, бул форма материалдуу өңдөнөт, себеби алар Кудайдын баарынан кудуреттүү жана баарын билүүчү экендигин жана Өзүнүн каалоосу менен материяны рухка, а рухту – материяга айландыра ала тургандыгын билишпейт.
Бхагават-гитада (9.11-12) Кудай, адамдар жарыбаган билимдери менен ушунчалык бузулушкандыктан, Кудайдын үстүнөн, Ал бул дүйнөгө адам кейпинде түшүп келгени үчүн эле шылдыңдашканына кейийт. Бул жарыбаган билими бар адамдар Кудайдын баарынан кудуреттүү экендигин билишпейт, ошондуктан Кудай Өзүн, мындай жалган философторго эч качан толук ачпайт. Ал Өзүн, берилгендерге гана, алардын Ага берилгендик даражасына жараша ачат. А тирүү жандардын бузулуусунун себеби, алар өздөрүнүн Кудай менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө унуткандыктарында.
Башка көптөгөн веда мантраларындай эле, ушул мантрада да, Кудай эзелки убактардан бери тирүү жандарды бардык керектүүлөр менен камсыздап келгени апачык айтылган. Тирүү жан бир нерсени каалайт, жана Кудай анын каалоосун, ал канчалык даражада татыктуу болгонуна жараша аткарат. Эгерде адам жогорку сот болууну кааласа, ал керектүү билим алуу менен буга татыктуу болуп эле эмес, ага жогорку соттун наамын бергенге укуктуу болгон бийликтин макулдугун да алуусу керек. Бул орунду ээлөө үчүн кесипке ээ болуу жетишсиз. Бул орунга аны бийлиги бар адам дайындоосу керек. Ушул сыяктуу, Кудай тирүү жанга, анын эмгегине жараша жыргалчылык берет, бирок жалаң эле эмгектенүү жетишсиз, Кудайдын ырайымы дагы керек.
Адатта, тирүү жандар Кудайдан эмнени суроо керектигин жана кандай орунга жетишүү керектигин билишпейт. Бирок, качан тирүү жан өзүнүн чыныгы табиятын түшүнгөндө, ал Кудайдан, Ага трансценденттүү жана сүйүү менен кызмат кылуу үчүн, ага Аны менен трансценденттүү мамиледе болуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сурайт. Тилекке каршы, материалдык табияттын таасири астында тирүү жандар Кудайдан таптакыр башка нерселер жөнүндө сурашат. Бхагавад-гита (2.41) алардын ойлоо жөндөмдөрүн көп бутактуу же чаржайыт деген сөз менен аныктайт. Руханий акыл-эс бирдиктүү, а материалдык акыл-эс көптөгөн ар түрдүүлүккө ээ. Шримад-Бхагаватамда (7.5.30-31) айтылган, кимди сырткы энергиянын утурумдук сулуулугу өзүнө тартса, жашоонун чыныгы максаты – Кудайга кайра кайтуу керектиги жөнүндө унутат. Муну унутуп, адам баласы ар түрдүү пландарды жана программаларды түзүү менен, мунун баары сагыз чайнаганга окшош нерсе экендигине карабастан, өзүнүн материалдык абалын жакшыртууга умтулат. Бирок Кудай ушунчалык ак көңүл болгондуктан, унутчаак тирүү жандарга, алардын иш-аракеттерине тоскоол болбостон, өздөрүнүн жолун улаганга уруксат берет. Ошондуктан Шри Ишопанишаддын бул мантрасында, Кудай тирүү жанды, анын каалоолоруна ылайык сыйлайт дегенди түшүндүргөн, йатхататхйатах деген, абдан даана сөз колдонулган. Эгерде тирүү жан тозокко барууну кааласа, анда Кудай буга каршы болбойт, а эгерде ал кайра Кудайга карай, үйүнө кайтууну кааласа, анда Кудай ага, анын бул каалоосун да жүзөгө ашырууга жардам берет.
Бул мантрада Кудайды парибхух деп аташат, бул баарынан улуу дегенди түшүндүрөт. Андан жогору же ага тең боло турган эч ким жок. Калган башка тирүү жандар бул жерде жарды деп аталышкан. Тирүү жандар Кудайдан жыргалчылык сурашат, а Ал аларга, эмнени каалашса ошону берет. Эгерде тирүү жандар Кудайдай кудуреттүү болушкан болсо, башкача айтканда эгерде алар баарынан кудуреттүү жана баарын билүүчү болушкан болсо, анда аларга Кудайдан эч нерсени, атүгүл кутулуу деп аталган нерсени да суроонун кажети болмок эмес. Тирүү жан үчүн чыныгы кутулуу Жогорку Кудайга кайтуу дегендик. Имперсоналисттер өзүлөрүнө элестетишкен кутулуу, - бул жомок, жана жарды, өзүнө келип, өзүнүн чыныгы абалын түшүнмөйүнчө дайыма Кудайдан сезим жыргалдарын суроону уланта берет.
Жогорку Кудай гана токпейил. Кудай Шри Кришна беш миң жыл мурун жерге келген кезде, Ал Өзүн Өзүнүн ар түрдүү ишмердигинде Жогорку Кудай Инсан катары толук көргөздү. Балалык чагында эле Ал Агхасура, Бакасура, Шакатасура деген кудуреттүү демондорду өлтүрүп, Ал ушундай кудуретке, кандайдыр бир өзгөчө күч жумшоо менен ээ болду деп айтууга болбойт. Ал, оордуктарды көтөрүп машыкпай туруп эле Говардхан тоосун көтөрдү. Ал, социалдык абалга карабай туруп эле гопилер менен бийледи, жана Аны эч ким эч кандай сөз менен жемелебеди. Гопилердин Кришнага болгон сезимдери, күйөөлүү аялдын өзүнүн сүйүктүүсүнө карата болгон жашыруун сүйүүсү таризинде болсо да, алардын Кудай Кришна менен болгон өз ара мамилелерине, атүгүл санньясинин жөндөөчү принциптерин катуу карманган Кудай Чайтанья да сыйынган. Кудай дайыма таза бойдон жана булганычсыз каларына далил катары, Шри Ишопанишад Аны шуддхам жана апапа-виддхам деп атайт, мааниси антисептикалык жана коргоочу дегенди түшүндүрөт. Анын антисептикалыктыгынын мааниси, атүгүл таза эмес нерселер да Ага бир эле жолу тийсе тазаланып калаарында. Коргоочу деген сөз Аны менен болгон мамиленин таасиринин кудуреттүүлүгүн көрсөтөт. Бхагавад-гитада (9.30-31) айтылган, жаңы эле (руханий практиканы) баштоочу берилген жан су-дурачара өңдөнүүсү мүмкүн, башкача айтканда кемчилиги жок эмес адам, ошого карабастан аны таза деп эсептөө керек, себеби ал туура жолдо. Кудай менен болгон мамиленин коргоочу таасири ушундай. Кудай дагы апапа-виддхам. Бул деген, күнөө Ага тие албайт деген. Жадагалса Анын жоруктары кээде күнөө сыяктуу көрүнсө да, булар биз үчүн баарыбир жакшы нерсе болуп саналат, анткени Кудайга күнөө тие албайт. Кандай кырдаал болбосун Ал шуддхам, эң таза бойдон калат, ошондуктан Аны көбүнчө күнгө салыштырышат. Күн жердин ар кайсы булганган жайларындагы нымды кургатат, бирок өзү таза бойдон калат. Чындыгында, ал тазартуучу касиетке ээ жана эң булганч нерселерди да тазалайт. Эгерде, материалдык объект болуп саналган күн ушундай кудуретке ээ болсо, анда Баарынан Кудуреттүү Кудайдын тазартуучу күчүн элестетүү да кыйын.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек