Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Тогузунчу Мантра

андхам тамах правишанти
йе 'видйам упасате
тато бхуйа ива те тамо
йа у видйайа ратах

андхам — одоно түркөйлүк; тамах — караңгылык; правишанти — кирет; йе — кимде ким; авидйам — түркөйлүккө; упасате — сыйынса; татах — мындан да; бхуйах — жогору; ива — окшоп; те — алар; тамах — караңгылык; йе — кимде ким; у — дагы; видйайам — билимди жогорулатуу менен; ратах — алектенсе.

Кимде ким, түркөйлүк иштерде өнүксө, караңгылыктын капкараңгы аймактарына түшөт. Бирок кимде ким, ошентип аталган билимдерди өнүктүрсө мындан да жаман.

КОММЕНТАРИЙ: Бул мантрада эки түшүнүк салыштырылат: видйа жана авидйа. Авидья, түркөйлүк, күмөнсүз коркунучтуу, бирок видья, башкача айтканда билим, эгерде ал катачылыкка же адашууга алып келсе, андан да коркунучтуу. Шри Ишопанишаддын бул мантрасы, качандыр бир илгерки убактардан да бүгүнкү күндө актуалдуу. Заманбап цивилизация эл агартуу майданында маанилүү ийгиликтерге жетишти, бирок жыйынтыгында адамдар, мурдагыдан да бактысызыраак эле болушту, себеби материалдык өнүгүүгө өтө эле көп көңүл бурушуп, жашоонун эң маанилүү аспекти – руханий аспекти жөнүндө унутушту.

Видья жөнүндө айтчу болсок, анда ал Шри Ишопанишаддын биринчи мантрасында, Жогорку Кудай баарынын кожоюну, жана бул фактты унутуу түркөйлүк деп өтө так айтылган. Бул акыйкатты адам канчалык терең унуткан болсо, ошончолук караңгылыкка батат, жана ушул көз караш боюнча, билим берүү деп атап өнүктүрүп жаткан Кудайсыз цивилизация, билими төмөн көпчүлүк элдердин коомуна караганда коркунучтуураак.

Элдер ар түрдүү категорияларга бөлүнүшөт: кармилер, гьяналар жана йогдор. Кармилер – булар, туйгуларын канааттандыруу менен алектенгендер. Практикалык жактан караганда азыркы коомдо, адамдардын 99,9 пайызы индустриализация, экономиканы өнүктүрүү, мекенчилдик, саясий ишмердүүлүк ж.б.у.с. көрнөк-жарнактардын арты менен өздөрүнүн сезимдерин канааттандыруу менен алек. Баардык бул ишмердүүлүктөр аз же көп өлчөмдө туйгуну канааттандыруу принциптерине негизделген жана Шри Ишопанишаддын биринчи мантрасында кеп болгон Кудайдын аң-сезими менен эч кандай байланышы жок.

Итче кумар жыргалчылыгына чөмүлгөн адамдар, Бхагавад-гитанын (7.15) тилинде мудхалар деп аталышат. Бул сөз алар, түркөйлүктүн символу болгон эшектердей эле түркөй жана караңгы дегенди түшүндүрөт. Маанисиз кумар кандыруу менен алек болгон адамдар, Шри Ишопанишаддын аныктамасы боюнча авидьяга сыйынышат. Жана ким ушундай цивилизацияны, эл агартуунун алга илгерилөөсү деп атап колдогон болсо, ал кумар кандыруу үчүн гана жашаган адамдан да чоң зыян алып келет. Динсиз адамдардын илиминин илгерилөөсү, кобранын башындагы баалуу таш сыяктуу эле коркунучтуу. Баалуу таш менен жасалгаланган кобра, жасалгасы жок кобрага караганда коркунучтуураак. Хари-бхакти-судходаяда (3.11) динсиз адамдардын илимий жетишкендиктерин өлүк денедеги жасалгага салыштырышат. Башка көптөгөн өлкөлөрдөй эле Индияда да, кээ бир адамдар, кайгырган туугандарын эптеп жубатуу үчүн маркумдун жасалгаланган денесин акыркы сапарга узатуу салтын карманышат. Азыркы заманбап цивилизациянын баары материалдык тиричиликтин түгөнбөгөн көйгөйлөрүн эптеп жеңилдетүү үчүн болгон маанисиз аракеттерди өзүнө камтыйт. Бул иш-аракеттердин баары кумар кандырууга эле багытталган. Бирок сезимдерден жогору акыл, акылдан жогору – акыл-эс, а акыл-эстен жогору – жан турат. Ошондуктан азыркы учурдагы билим алуунун максаты өзүн өзү таануу, руханий баалуулуктарды түшүнүү болуусу керек. Кандай болбосун башка, биздин «мен» табиятын түшүнүүгө алып келбеген билим алууну авидья, түркөйлүк деп эсептөө керек. Жана аны менен тарбиялануу – демек түркөйлүктүн капкараңгы аймактарына түшүү.

Бхагавад-гита (2.42, 7.15) мындай адашкан дүнүйөлүк агартуучуну веда-вада-рата жана майайапахрта-жнана деп атайт. Алар адамдардын эң төмөнү демон-атеисттер да болушу мүмкүн. Ким веда-вада-рата болсо, өзүн веда жазмаларынын билерманы катары көрсөтөт, бирок, тилекке каршы, Ведалардын максатын туура эмес түшүнөт. Бхагавад-гитада (15.15) айтылат, Веданын максаты Кудай Инсанды түшүнүү болуп саналат, бирок аларды бул таптакыр кызыктырбайт деп. Алар карма ишмердигинин натыйжаларына арбалышкан: бейишке жетүү ж.б.у.с.

Шри Ишопанишаддын биринчи мантрасында айтылгандай, биз, баары Кудай Инсандын менчиги болуп саналарын билүүбүз керек жана бизге бөлүнгөн турмуштук жыргалдардын үлүшүнө эле алымсынып калбообуз керек. Бардык веда адабияттарынын максаты – бул унутчаак тирүү жандардагы Кудай аң-сезимин ойготуу. Ар түрдүү вариациялар менен бул принцип, акылы кыска адамдар түшүнүүсү үчүн дүйнөнүн бардык жазмаларында чагылдырылган. Демек, бардык диндердин эң жогорку максаты – адамдардын Кудайга кайтуусуна жардам берүү.

Бирок, веда-вада-рата деп аталгандар, унутчаак жандын Кудай Инсан менен болгон байланышын калыбына келтирүү болгон, Веданын чыныгы максатын түшүнүүнүн ордуна, Веданын түпкү максаты – бул алардын материалдык кулчулугунун башкы себеби, бейиш жыргалдарына болгон ышкыбоздук сыяктуу экинчи даражадагы жыйынтыктарга жетүүнүн өзү эле акылга сыярлык деп эсептешет. Веда адабияттарын өздөрүнүн талкуулоосу менен, мындай адамдар, башкаларды адашууга гана алып келет. Кээде алар, атүгүл карапайым адамдар үчүн арналган, веда акыйкатын авторитеттүү түшүндүрүүнү өзүнө камтыган Пураналарды сындашат. Веда-вада-раталар, улуу устаттардын (ачарьялардын) беделин жокко чыгаруу менен Ведаларды өздөрү каалагандай чечмелешет. Мындан сырткары андай адамдарда, өздөрүнүн чөйрөсүндөгү кайсы бир принципсиз адамга, веда акылмандыгынын улуу билерманы деген наам берүү менен, аны мактоо өнөкөтү бар. Бул мантра биринчи кезекте, ушундай видйайам ратах деген абдан даана санскрит сөзү менен мүнөздөлгөн адамдарга каршы багытталган. Видйайам, Веда бардык билимдердин (видья) булагы болуп саналгандыктан, Веданы үйрөнүү дегенди түшүндүрөт, а ратах алектенүүчү дегенди түшүндүрөт. Демек, видйайам ратах Веданы үйрөнүү менен алектенүүчү дегенди түшүндүрөт. Бул мантра Веданы изилдөөчүлөр деп аталгандарды айыптайт, себеби, өздөрүнүн ачарьяларга баш ийүүнү каалабагандыктарынан улам алар Веданын чыныгы максатын билишпейт. Алар, веда жазмалары – жөнөкөй эмес китептер экендигин билишпейт, жана буларды, окуучулук мурас тизиминде турган устаттын жардамысыз түшүнүү мүмкүн эмес.

Веданын трансценденттүү окуусун түшүнүү үчүн, чыныгы рухий устатка кайрылуу керек. Бул Мундака-упанишаданын (1.2.12) көрсөтмөсү. Бирок веда-вада-раталардын өздөрүнүн, трансценденттүү окуучулук мурас тизимине таандык эмес жеке ачарьялары бар, ошондуктан алар веда жазмаларынын маанисин тура эмес түшунүшөт жана жыйынтыгында Веданы билбегендерден дагы төмөн түшүшүп, түркөйлүктүн капкараңгы аймактарында калышат.

Адамдардын майяяпахрита-гьяна түркүмүнө өздөрүн Кудаймын деп эсептегендер киришет. Алар өздөрүн Кудай деп эсептешет жана кайсы бир башка Кудайга сыйынуунун эч кандай зарылдыгын көрүшпөйт. Ошол эле учурда алар кадимки эле адамга, эгерде ал бай болсо, сыйынууга даяр, бирок Кудай Инсанга сыйынуудан баш тартышат. Өздөрүнүн акмакчылыгын моюнга алууга жөндөмсүз мындай акмактардын башына эч качан, Кудай, Өзүнүн иллюзордуу энергиясы, майянын капканына кантип түшүп калуусу мүмкүн деп ойлонуу да келбейт. Эгерде Кудай майянын капканына түшкөн болсо, анда бул, майя Кудайдын Өзүнөн да кудуреттүүрөөк дегенди түшүндүрмөк. Мындай адамдар, Кудай баарынан кудуреттүү, бирок эгерде Ал баарынан кудуреттүү болсо, анда ал кантип майянын бийлигинен баш тарта алмак? деп айтышат. Үйдө туулма кудайлар бул суроолорго кыпындай да маанилүү жооп бере алышпайт, бирок аларды, өздөрүнүн Кудай болуп алгандыгы толук канааттандырат.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада