Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Онунчу Мантра

анйад эвахур видйайа
анйад ахур авидйайа
ити шушрума дхиранам
йе нас тад вичачакшире

анйат —түрдүү; эва — шек-күмөнсүз; ахух — айтылат; видйайа — билимди тереңдетүүнүн натыйжасында; анйат — ар түрдүү; ахух — айтылат; авидйайа — түркөйлүккө чөмүлүүнүн натыйжасында; ити — ушундай; шушрума — мен уккам; дхиранам — татуулашкандардан; йе — ким; нах — бизге; тат — бул; вичачакшире — түшүндүрүштү.

Акылмандар түркөйлүктү салтка айландырганга караганда, билимди жогорулатуу процесси такыр башкача жыйынтыкка алып келээрин бизге тушундүрүштү.

КОММЕНТАРИЙ: Бхагавад-гитанын (13.8-12) он үчүнчү бөлүмүндө билимди өнүктүрүү жолу төмөнкүдөй баяндалган:

1. Кемчиликсиз адам болуу керек жана башкаларга, ылайыктуу урмат көрсөтүүнү үйрөнүү керек.
2. Атак-даңк үчүн эле өзүн динчил кылып көрсөтпөө керек.
3. Башкаларга өзүнүн иш-аракети, ою, сөзү менен тынчсыздануу алып келбөө керек.
4. Чыдамкай болууга үйрөнүү керек жана эч кимдин ушак сөздөрүнө азгырылбоо керек.
5. Башкалар менен болгон мамиледе эки жүздүүлүктөн качууну үйрөнүү керек.
6. Адам баласы, акырындап аны руханий жактан өзүн-өзү таануусуна алып келе алган чыныгы рухий устатты табуусу керек, мындай рухий устаттын бардык көрсөтмөлөрүн кыңк этпестен аткаруу керек, ага кызмат кылуу керек жана жөндүү суроолорду берүү керек.
7. Өзүн өзү таануу деңгээлине жетүү үчүн, Кудай таануучу жазмаларда көрсөтүлгөн, жөндөөчү принциптерге ээрчүү керек.
8. Кудай таануучу жазмалардын көрсөтмөлөрүнө кыйшайуусуз ээрчүү керек.
9. Өзүн өзү таануу процессине тоскоол болгон нерселердин баарынан тыйылуу керек.
10. Денени кубаттоо үчүн керек болгондон ашыкча эч нерсе албоо керек.
11. Өзүбүздү физикалык дене катары эсептебешибиз керек, же биздин дене менен туугандык байланышта болгондорду өзүбүздүн жеке менчигибиз катары эсептебешибиз керек.
12. Биздин материалдык денебиз тирүү кезинде, биз төрөлүү, картайуу, ооруу жана өлүү азабына дуушар болуубузду дайыма эстөөбүз керек. Бул материалдык дененин азаптарынан кутулуу үчүн кандай аракет жасабайлы, ал эч нерсеге алып келбейт. Эң жакшысы – бул өзүбүздөгү руханий «менди» кайра табуунун ыкмасын табуу.
13. Руханий прогресс үчүн керек болгондон башка эч нерсеге байланбоо керек.
14. Аялына, балдарына жана үйүнө, Кудай таануучу китептерде көрсөтүлгөндөн ашыкча байланбоо керек.
15. Биз каалагандай же биз каалабагандай көрүнгөн нерсеге, бул эмоциялардын булагы акыл экендигин билүү менен сүйүнүү же кайгыруу керек эмес.
16. Жогорку Кудай Инсан, Шри Кришнанын аруу берилгени болуу керек, жана Ага толук көңүл коюу менен кызмат кылуу керек.
17. Чөйрөсү руханий практикага ыңгайлуу, тынч жана жайбаракат жайда обочолонуп жашоого табитти өрчүтүү, жана материалист адамдар көп чогулган жайдан алыс болуу керек.
18. Окумуштуу же философ болуп, дененин өлүүсү менен материалдык билим да бүтөөрүн, руханий билим түбөлүктүү жана өзгөрүлбөс экендигин баамдап, руханий илимди үйрөнүү керек.

Бул он сегиз осуят, акыйкатты акырындык менен таануу процессинин методологиясы болуп саналат. Мындан башка бардык методдор караңгылык категориясына кирет. Улуу ачарья, Шрила Бхактивинода Тхакур айткан, материалдык билимдин бардык формалары, чындыгында, иллюзордуу энергиянын сырткы гана аспекттери болуп саналат жана кимде ким мындай билимди өркүндөтсө, акылы эшектикинен айырмаланбайт. Шри Ишопанишаддын бул мантрасында да ушул нерсе ырасталат. Материалисттик илимдин өнүгүүсү адамды эшектин деңгээлине чейин түшүрөт. Кээде, кээ бир саясатчы материалисттер, динчил адам болумуш болушуп, азыркы цивилизацияны шайтанчыл деп аташып, уяткарышат, бирок, тилекке каршы, алар Бхагавад-гитада баяндалган өзүн-өзү таануунун акыйкат жолуна түшүүнү каалашпайт, жана ошондуктан алар дүйнөнүн жексур кейпин өзгөртүүгө жөндөмсүз.

Азыркы коомдо атүгүл өспүрүм да өзүн көз карандысызмын деп эсептейт жана улууларды эч кандай урматтабайт. Туура эмес билим берүү системасынан улам биздин университеттерде дүйнөдөгү жаштардын баары улууларга жалаң гана баш оору алып келишет. Ошондуктан Шри Ишопанишад түркөйлүктү өнүктүрүү менен билимди өнүктүрүүнүн айырмачылыгын даана көрсөтөт. Азыркы замандагы университеттер, ырасын айтканда, түркөйлүктүн булагы болуп саналат, а андагы илимпоздор бир канча өлкөлөрдү жер менен жексен кылганга жөндөмдүү өлтүрүүчү куралдын түрлөрүн жасоо менен алектенишет. Университеттердин учурдагы студенттерине брахмачарьинин (пакизалыгын сактаган, окуучунун) жөнгө салуучу принциптери жөнүндө эч нерсе айтышпайт, а алар өздөрү да ыйык жазмалардын насааттарына ишеним артышпайт. Азыркы учурда адамдар диний принциптерди, иш-жүзүндө колдонуу үчүн эмес, мансап жана атак-даңк үчүн гана үгүттөшөт. Ошондуктан, душманчылдык, коомдук жашоо жана саясатка эле эмес, дин чөйрөсүнө да жайылды.

Түркөйлүктү жайылтуу дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө улутчулдуктун жана шовинизмдин жаралуусуна алып келди. Элдер, биздин кенедей планетабыз – башка көптөгөн планеталар менен бирдикте учу-кыйырсыз ааламда сүзгөн материянын кенедей эле уюткусу экендиги жөнүндө ойлонгулары да келбейт. Космос мейкиндигинин учу-кыйырсыздыгынын алдында бул материянын уюткулары абада калкыган чаңдар сыяктуу эле. Бирок Кудай ушунчалык кайрымдуу болгондуктан, бул уюткуларды мейкиндикте калкыта турган бардык керектүүлөр менен камсыздап, өзүнчө жетиштүү кылып жасаган. Космос кемелеринин учкучтары өздөрүнүн жетишкендиктери менен аябай сыймыктанышат, бирок планета деп аталган алп космос кемелеринин жогорку учкучуна көңүл бурушпайт.

Космосто сансыз сандагы күн жана планеталык системалар жайгашкан. Биз, Жогорку Кудайдын чексиз кичинекей бөлүкчөлөрү, ушул сансыз планеталардын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан биз кайра кайра төрөлөбүз жана өлөбүз, а биздин бардык пландарды, адатта карылык жана оорулар жок кылат. Адамдын жашоосунун узактыгы жүз жылга жакын болуусу керек, бирок ал барган сайын жыйырма-отуз жылга кыскарууда. Коомдо өкүм сүргөн түркөйлүктөн улам, акмакка айланган адамдар, бул планеталарда, аларга бөлүнгөн жыйырма же отуз жылдын ичинде колдон келишинче көбүрөөк дене ырахаттарына батуу үчүн өздөрүнүн өлкөлөрүн түзүштү. Келесоо адамдар өздөрүнүн өлкөлөрүндө баары ыраазы болгондой кылып чек ара салууга аракет кылып жатышат, бирок бул иш жүзүндө мүмкүн эмес. Жана ушул нерсе үчүн, бир өлкө башкалардын тынчсыздануусунун булагына айланат. Мамлекет мүлкүнүн элүү пайыздан ашыгы коргонууга чыгымдалат, а руханий билимди өнүктүрүүгө эч ким чындап кам көрбөйт. Жана буга карабай адамдар эч кандай негизсиз эле материалдык жана руханий илимдердин өнүккөндүгү менен сыймыктанышат.

Шри Ишопанишад мындай билим берүү системасынын туура эмес экендигин эскертет, а Бхагавад-гита чыныгы билимди кантип алуу керектигин үйрөтөт. Бул мантра билимди, видьяны, дхирадан алуу керек деп айтат. Дхира деген сөз «сабырдуу» дегенди, б.а. материалдык куру кыял тынчын ала албаган адамды түшүндүрөт. Бирок адам баласы жогорку руханий жактан өзүн өзү таанууга жеткиче, ал сабырдуулукту туруктуу сактай албайт. Руханий өзүн өзү таануучулуктун жогорку баскычында адам баласы бардык каалоолорунан жана азаптардан кутулат. Дхира, материя менен жалгашуунун натыйжасында аздыр-көптүр кокустук аркылуу ээ болгон материалдык денеси жана акылы, ага жат экендигин түшүнөт. Ошондуктан дхира, болгону, пайдасыз келишимден максималдуу пайда чыгарууга умтулат.

Руханий тирүү жан үчүн материалдык дене жана акыл пайдасыз келишим болуп саналат. Тирүү жандын маңдайына жазылган милдети – тирүү, руханий дүйнөдө түрдүү иш-аракет менен алектенүү, а материалдык дүйнө өлүк. Тирүү руханий учкундар жансыз материянын уюткуларын башкарып атканы үчүн, бул өлүк дүйнө тирүү өңдөнөт. Чындыгында тирүү жандар гана – жогорку тирүү жандын ажырагыс бөлүкчөлөрү – бул дүйнөнү кыймылга келтиришет. Кимде-ким бул жөнүндө улуу кадырлуулардан үйрөнүп, жөндөөчү принциптерди карманып, бул билимдин акыйкатына жетсе, аны дхира деп аташат.

Кимде ким адеп-ахлак принциптерин кармангысы келсе, чыныгы рухий устатты табуусу керек. Адеп-ахлак принциптерине тиешелүү трансценденттүү билимди жана көрсөтмөнү шакирт рухий устаттан алат. Мындай билимди, түркөй билим берүүнүн кооптуу жолу аркылуу алууга мүмкүн эмес. Чыныгы рухий устатты момундук менен угуу аркылуу гана дхира болууга мүмкүн.

Мисалы, Аржуна Жогорку Кудай Инсан, Кудай Кришнанын Өзүнө момундук менен назар салып дхира болду. Мыкты шакирт Аржуна сыяктуу болуусу керек, а рухий устат – аныгында Кудайдын Өзүнө барабар. Дхирадан (сабырдуудан) билим (видья) алуу процесси ушундай.

Адхира, кимдин дхира даярдыгы жок болсо, насаат айтууга жана башкаларды башкарууга укугу жок. Өздөрүн дхира деп аташкан учурдагы саясатчылар, чындыгында адхиралар, алар эч кимге жетиктүү билим бере алышпайт. Аларды өздөрүнүн эмгеги үчүн алуучу сый акы гана кызыктырат. Алар элди өзүн өзү таануучулуктун акыйкат жолуна багыттай алышмак беле? Ошондуктан чыныгы билим алуу үчүн, дхираны момундук менен угуу керек.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада