Шри Ишопанишад
Он биринчи мантра
видйам чавидйам ча йас
тад ведобхайа саха
авидйайа мртйум тиртва
видйайамртам ашнуте
видйам —акыйкат билим; ча — жана; авидйам —билимсиздик; ча — жана; йах — инсан; тат — ошол; веда — билет; убхайам — аны да, муну да; саха — бир эле мезгилде; авидйайа — түркөйлүкты өркүндөтүү менен; мртйум — кайталанма өлүм; тиртва — ашып түшөт; видйайа — билимди өнүктүрүү менен; амртам — өлбөстүк менен; ашнуте — жыргайт.
Кимде ким бир эле убакта түркөйлүккө батуу процессин жана трансценденттүү билимди өнүктүрүү процессин түшүнө алса, ошол гана кайталануучу төрөлүү жана өлүүнү жеңип, өлбөстүк белегинин үзүрүн көрөт.
КОММЕНТАРИЙ: Материалдык дүйнө жаралгандан баштап ар бир адам өлбөстүккө жетүүгө умтулат, бирок табияттын ээ-жаа бербеген мыйзамдары эч кимге өлүмдөн кутулууга мүмкүндүк бере элек. Эч ким өлгүсү келбейт, эч ким картайгысы да, ооругусу да келбейт. Бирок табияттын мыйзамдары баарын карылыкка, ооруга жана өлүмгө алып келет. Материалдык илимдин өнүгүүсү бул түйшүктөрдү чечкен жок. Материалдык илимдин жардамы менен атом бомбасын ойлоп таап, аны менен бирге өлүмдү жакындатууга мүмкүн, бирок илим - карылыктын, оору-сыркоонун жана өлүмдүн чеңгелинен сууруп чыкканга жардам бере алуучу эч нерсе ача албайт.
Пураналардан бизге Хираньякашипунун өмүр баяны маалым. Бул падыша материалдык өнүгүү жагынан өтө жогорку деңгээлге жеткен. Өзүнүн материалдык жетишкендиктеринин жардамы менен, өзүнүн түркөйлүгүнүн күчү менен, баш ийбес өлүмдү жеңүүнү көздөгөн. Ал сүкүттүн ушунчалык катаал түрү менен алектенгендиктен, бардык планета системаларынын жашоочулары анын мистикалык күчүнөн чочулап турушту. Ал ааламдын жаратуучусу, Дева (пери) Брахманы өзүнүн алдына келүүгө мажбурлады жана Брахмадан аны амара, өлбөс кылуусун сурады. Бирок Брахма, бул нерсе анын колунан келбестигин, атүгүл ал өзү да, материалдык дүйнөнүн жаратуучусу жана бардык планеталардын башкаруучусу болгону менен, амара эмес экендигин айтты. Бхагавад-гитада (8.17) айтылгандай, Брахманын өмүрү өтө эле узун, бирок бул анын өлбөс экендигин айгинелебейт.
Хиранья алтын дегенди, а кашипу – жумшак жууркан дегенди түшүндүрөт. Бул арам ойлуу кишини бул жалганда эки эле нерсе кызыктырчу: акча жана аял, - жана ал, өлбөстүккө жетип алып бул нерселер менен түбөлүк жыргагысы келди. Ал өлбөс болуу кыялын кыйыр түрдө ишке ашыруу максатында, Брахмадан көптөгөн ар түрдүү баталарды сурады. Брахма ага өлбөстүктү тартуулай албастыгын айтканда, Хираньякашипу Брахмадан аны эч бир адам, эч кандай жаныбар, эч кандай Пери, кайсы бир башка 8.400.000 жашоо түрүндөгү эч бир тирүү жан өлтүрө албагыдай кылып бата берүүсүн сурады. Ал өзүн мындан сырткары, жерде да, асманда да, сууда да жана эч кандай курал менен да өлтүрө албагандай кыл деп өтүндү. Хираньякашипу аңкоолук кылып, бул баталарды алуу аркылуу өлүмдөн кутула алам деп божомолдоду. Бирок акыр аягында, Брахма анын бардык суранычтарын аткарганына карабай, ал жарымы адам - жарымы арстан, Нрисимха кейпиндеги Жогорку Кудайдын колунан өлдү. Аны өлтүрүү үчүн эч кандай курал керектелген жок – Кудай аны өзүнүн тырмактары менен жара тартып таштады. Ал же жерде эмес, же сууда эмес, же асманда эмес, а анын кыялына да келбеген ушул укмуштуудай тирүү жандын тизесинде өлтүрүлдү.
Бул мисалдан, атүгүл материалисттердин эң күчтүүсү Хираньякашипуга да, өлбөстүккө жетүүгө болгон эч кандай план жардам бербегендиги көрүнүп турат. Анда, пландары көз ирмем сайын ураган азыркы күндүн санда жок «хираньякашипулары» эмнеге жетишмек?
Шри Ишопанишад бизге тиричилик үчүн күрөштү жеңүүгө болгон обу жок аракеттен баш тартууга үндөйт. Ар бир адам жашоо үчүн жан аябай күрөшөт, бирок материалдык табияттын мыйзамдары ушунчалык мээримсиз болгондуктан эч ким андан качып кутула албайт. Түбөлүк жашоого жетүү үчүн, адам баласы Кудайга кайра кайтып барууга өзүн даярдоосу керек.
Кудайга кайтуу процесси – Упанишадалар, Веданта-сутра, Бхагавад-гита жана Шримад-Бхагаватам сыяктуу Кудай таануучу веда жазмаларынан үйрөнүү керек болгон билимдин өзүнчө тармагы. Ошондуктан, ушул жашоодо бактылуу болуу үчүн жана, материалдык денени калтырып кетүү учурунда түбөлүктүү, жыргалга чөмүлгөн жашоого жетүү үчүн, адам баласы ушул ыйык жазмаларды изилдөөсү жана алардан трансценденттүү билим алуусу зарыл. Кулга айланган тирүү жан өзүнүн Кудай менен болгон түбөлүктүү ич ара мамилесин унутуп, ал өзү туулган ушул жалган дүйнөдөн башка эч нерсе жок деп жаңылыш ойлойт. Кудай Өзүнүн ырайымы менен, унутчаак пендеге анын чыныгы үйү бул жерде, материалдык дүйнөдө эмес экенин эскертүү үчүн жогоруда саналган жазмаларды Индия элине, жана башка ыйык жазмаларды башка өлкөнүн элдерине берди. Тирүү жан табиятынан руханий болгондуктан, ал өзүнүн руханий үйүнө кайтып баруусу менен гана бактылуу боло алат.
Тирүү жандарды Кудайга кайтаруу үчүн, Жогорку Кудай Өзүнүн падышалыгындагы ишенимдүү кызматчыларын жиберет же мындай таризде Өзү келет. Бардык тирүү жандар – Кудайдын сүйүктүү балдары, Анын бөлүнгүс бөлүкчөлөрү, ошондуктан, материалдык дүйнөдө биз дайыма азап тартып атканыбызды көрүп, Кудай бизден да тереңирээк кайгырат. Бул азаптар биздин, өлүк материя менен туура келбестигибизди бизге кыйыр эскертүү үчүн керек, жана акыл-эстүү тирүү жандар адатта ушул эскертүүлөргө көңүл бурушуп, өздөрүн видьяны, трансценденттүү билимди үйрөнүүгө арнашат. Адам жашоосу руханий билимди тереңдетүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт, ошондуктан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргандарды нарадхама, начар адам деп аташат.
Авидья жолу, башкача айтканда туйгуларды канааттандыруу максатында материалдык билимди өнүктүрүү жолу – бул төрөлүү жана өлүүнү кайталоо жолу. Тирүү жан руханий, ошондуктан ал төрөлбөйт жана өлбөйт. Төрөлүү жана өлүү руханий жандын жалаң гана сырткы каптамына – денесине тиешелүү. Төрөлүүнү кийим кийгенге, а өлүмдү – кийим чечкенге салыштырышат. Авидьяны (түркөйлүктү) өнүктүрүүгө баш оту менен кирген түркөй адамдар, ушинткен зарыл деп ойлошот. Алар иллюзордуу энергиянын сулуулугуна сыйкырланышкандыктан, табияттын мыйзамдары берген сабактан эч кандай тыянак чыгарбастан, кайра-кайра ошол эле азаптарды тартышат.
Мына эмне үчүн пенде үчүн видьяны, трансценденттүү билимди түшүнүүгө аракет кылуусу керек. Жан аярлык материалдык абалда, мүмкүн болушунча сезим ырахаттарын чектөө зарыл. Чектелбеген сезим ырахаттары материалдык шарттарда түркөйлүккө жана өлүмгө алып келет. Тирүү жандарга руханий сезимдер энчиленген. Ар бир тирүү жан өзүнүн баштапкы руханий кейпинде, шартталган абалында материалдык денеси жана акылы менен капталып, материалдык туйгулар катары аракеттенген бардык сезимдерге ээ. Материалдык сезимдердин иш-аракети, баштапкы, рухий сезимдердин бузулуп чагылуусу. Материализм оорусу менен жараланган, материя менен капталган жан материалдык ишмердүүлүк менен алектенет. Чыныгы сезим жыргалдары жан үчүн, ал материализм оорусунан айыкканда гана ачылат. Материя менен булганбаган өзүнүн таза руханий формасында гана, тирүү жан чыныгы сезим ырахаттарын сезе алат.
Оорулуу алгач өзүнүн орусунан айыгуусу керек, ушундан кийин гана, жашоодон ырахат ала алат. Ошондуктан адам жашоосунун максаты бузулган сезим ырахаттары эмес, а материалдык оорудан кутулуу болуусу керек. Материалдык оорунун күч алуусу билимдүүлүктүн белгиси эмес, бул авидьянын (түркөйлүктүн) белгиси. Айыгуу үчүн, адам денесинин температурасын 40 - 42 градустан ашырбоосу керек. Бул адам жашоосунун максаты болуп калуусу зарыл. Азыркы материалисттик коомдо материалдык безгектин күч алуу тенденциясы байкалууда, жана ысыктык 42 градустук белгиге жетип калды (атомдук энергия формасында). Жана ушунун баары акылы кыска саясатчылардын, кайсы учурда болбосун дүйнө аңтар-теңтер болушу мүмкүн деген кошоктору менен коштолууда. Материалдык илимдерди өнүктүрүп, жашоонун эң маанилүү жагы – руханий билим маданиятын барктабагандыктын жыйынтыгы ушундай. Шри Ишопанишад, биз бул өлүмгө алпаруучу, коркунучтуу жол менен баспообуз керектигин эскертет.
Бирок бул деген денебизге кам көрүүнү таптакыр токтотуп койуу дегендик эмес. Сөз ишмердүүлүктү токтотуп койуу жөнүндө болгон жок. Бул ысытманы түшүрүү үчүн дененин температурасын нөлгө чейин түшүрүүгө аракет кылган сыяктуу эле. Биз оңтойсуз бүтүмдөн максималдуу пайда чыгарууга аракет кылуубуз керек деп айткан туураараак болот. Руханий билимдерди тереңдетүү үчүн ушул дененин жана акылдын жардамы керек, ошондуктан, өз максатыбызга жетүүбүз үчүн, биз дене жана акылга да кам көрүүбүз керек. 36,6 градус деңгээлиндеги нормалдуу температураны сактоо керек, буга жетүү үчүн Индиянын улуу акылмандары жана касиеттүүлөрү руханий жана материалдык билимдерди бирдей өнүктүрүү программасын иштеп чыгышкан. Алар элдерге эч качан өз акыл-эстерин, азап алып келүүчү сезим ырахаттарына жумшап, кыянаттык кылууга жол беришкен эмес.
Сезим ырахаттарына умтулуудан улам булганган адамдын иш-аракети, Веда аркылуу, максаты – кутулуу болгон принциптердин системасы менен тартипке салынат. Бул система динди, экономикалык өнүгүүнү, сезимдерди канааттандырууну жана кутулууну өзүнө камтыйт. Бирок азыркы учурда элдер динге жана кутулууга болгон кызыгууну жоготушту. Алардын жашоосунда бир гана максат калды – сезимдерди канааттандыруу, жана ага жетүү үчүн алар экономикалык өнүгүү пландарын түзүшөт. Адашкан элдер, коомдо динди сактоо керек, себеби сезимдерди канааттандыруу үчүн зарыл болгон экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ойлошот. А адам баласын, өлгөндөн кийин да, бейиште сезим жыргалдары менен камсыз кылуу үчүн бир топ диний ырым-жырымдар бар. Бирок бейишке жетүү диндин чыныгы максаты эмес. Ырасында, дин жолу өзүн өзү таанууга алып келүүсү керек. Экономиканы өнүктүрүү, адам баласы денесин нормалдуу, дени соо абалда сактоосу үчүн гана керек. Адам, адамзат жашоосунун максаты болгон видьяны, башкача айтканда чыныгы билимди түшүнүүсү үчүн гана сергек жашоосу жана дурус акылдуу болуусу керек. Бул жашоо бизге эшекке окшоп иштөө үчүн же авидьяны өнүктүрүү жана өзүбүздүн сезимдерибизди канааттандыруу үчүн берилген эмес.
Видья жолу Шримад Бхагаватамда эң сонун баяндалган. Бул чыгарма адамды, өз жашоосун Абсолюттуу Акыйкатты түшүнүүгө арноосуна түрткү берет. Абсолюттуу Акыйкатты акырындап түшүнөт, алгач Брахман катары, анан Параматма катары жана аягында Бхагаван катары (Кудай Инсан). Абсолюттуу Акыйкатты, онунчу мантранын комментарийинде баяндалган, Бхагавад-гитанын он сегиз принцибине амал кылып, материалдык кулчулуктардан кутулган кенен көз караштагы билимдүү адам гана түшүнөт. Бул он сегиз принципти сактоонун башкы максаты Кудай Инсанга трансценденттүү сүйүү менен кызмат кылууга жетүү. Ошондуктан элдин баарына, алардын көз караштарына карабастан, Кудайга сүйүү менен кызмат кылуу өнөрүн үйрөнүү сунуш кылынат.
Видья максатына алып келүүчү түз жолду, Шрила Рупа Госвами өзүнүн, биз «Берилгендик ширеси» деген ат менен англис тилине которгон, Бхакти-расамрита-синдху деген китебинде баяндайт. Шримад Бхагаватамда (1.2.14) видья жолу төмөнкү сөздөр менен баяндалган:
тасмад экена манаса
бхагаван сатватам патих
шротавйах киртитавйаш ча
дхйейах пуджйаш ча нитйада
Ошондуктан өзүбүздүн бүт көңүлүбүздү коюу менен, Жогорку Кудай жөнүндөгү баяндарды ар дайым угуубуз, мактообуз, Аны эстөөбүз жана Ага – берилгендердин коргоочусуна сыйынуубуз керек. Эгерде динчилдик, экономиканы өнүктүрүү жана сезимдерди канааттандыруу, Кудайга сүйүү менен кызмат кылууга жетүүгө багытталбаса, анда алар болгону, Шри Ишопанишаддын кийинки мантраларында айкын боло турган түркөйлүктүн ар кандай формалары эле болуп саналат.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек