Шри Ишопанишад
Он экинчи мантра
андхам тамах правишанти
йе 'самбхутим упасате
тато бхуйа ива те тамо
йа у самбхутйа ратах
андхам — түркөйлүккө; тамах —караңгылыкка; правишанти — түшүшөт; йе — кимде ким; асамбхутим — перилерге; упасате — сыйынса; татах — буга караганда; бхуйах — артык; ива — ушул сыяктуу; те — тигилер; тамах — караңгы; йе — ким; у — дагы; самбхутйам —Абсолютта; ратах — алек.
Кимде ким перилерге сыйынса, караңгылыктын капкараңгы аймактарына түшүшөт, бирок бул андан да жогорку деңгээлде, инсан эмес Абсолютка сыйынгандарга тиешелүү.
КОММЕНТАРИЙ: Асамбхути деген санскрит сөзү, көз карандысыз эмес адамдарга тиешелүү. Самбхути деген абсолюттуу көз карандысыз болгон Абсолюттуу Кудай Инсанга тиешелүү. Бхагавад-гитада (10. 2) Абсолюттуу Кудай Инсан, Шри Кришна, айтат:
на ме видух сура-ганах
прабхавам на махаршайах
ахам адир хи деванам
махаршинам ча сарвашах
«Перилердин сонмасы да, улуу даанышмандар да Менин башталышымды да, Менин кудуретимди да билишпейт, себеби Мен – перилердин жана даанышмандардын жападан жалгыз булагымын». Андыктан, Кришна перилер, улуу даанышмандар жана олуялар ээ болгон күчтөрдүн булагы болуп саналат. Алар ээ болгон күчтөр аябай чоң болгону менен, аларда да чек бар, ошондуктан алар, кантип Кришна Өзү, Өзүнүн ички энергиясынын жардамында адам түспөлүндө келерин түшүнүүсү абдан кыйын.
Көптөгөн философтор жана улуу ришилер, олуялар, өздөрүнүн кенедей акыл жөндөмдөрүнүн жардамында Абсолютту салыштырмалуулуктан ажыратууга аракет кылышат. Бирок мунун арты менен, Абсолюттун негативдүү концепциясына гана келүүгө мүмкүн, бул метод Абсолюттун кандайдыр-бир позитивдүү аспектин билүүгө мүмкүндүк бербейт. Абсолютту жокко чыгаруу аркылуу аныктоо жетишсиз. Мындай аныктоолор адамды, өзүнүн жеке концепциясын түзүүсүнө түрткү болот, жана ал, Абсолюттун формасы да, сапаты да жок болушу керек деп элестете баштайт. Бул негативдүү сапаттар, кемитүү белгиси менен алынган, салыштырмалуу материалдык формалар жана сапаттар эмей эмине, ошондуктан алар да салыштырмалуу болуп эсептелет. Абсолют жөнүндөгү мындай элестетүүлөр жакшы жагдайда адамды, Брахман деп аталган, Кудайдын инсан эмес нурун түшүнүүгө алып келет, бирок анын жардамы менен Бхагаванды, Кудай Инсанды түшүнүү баскычына жетүү мүмкүн эмес.
Чайкоочу ойчулдар, Абсолюттуу Кудай Инсан Кришна экенин жана инсан эмес Брахман – бул Анын трансценденттүү денесинин көз уялткан нуру экенин, а Параматма, Улуу Жан, - Анын баржокко жайылуучу толук айкындалуусу экенин билишпейт. Атүгүл алар, Кришнанын, түбөлүк жыргалга жана билимге бөлөнгөн түбөлүк формасы бар экенин да билишпейт. Көз каранды перилер жана улуу даанышмандар Аны кудуреттүү Пери катары жаңылыш эсептешет, а Брахман нурун Абсолюттуу Акыйкат катары кабыл алышат. Өзүлөрүн Кришнага кызмат кылууга толук арнашкан Анын берилгендери гана, Ал – Абсолюттук Инсан жана бардык жаралуу Андан чыгарын билишет. Мындай берилгендер дайыма сүйүү менен, бүт жаралуунун булагы Кришнага кызмат кылышат.
Бхагавад-гитада (7.21, 23) айтылат, жалаң акыл-эссиз, сезим жыргалына болгон чоң каалоолор менен жүргөн акылынан адашкан адамдар гана, өзүлөрүнүн убактылуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн перилерге сыйынышат. Тирүү жан материалдык тиричилик чаташтыгында адашып калган, жана, түбөлүк жыргалга, жашоого жана билимге чөмүлгөн рухий дүйнөдөгү түбөлүктүү азаттыкты алуу үчүн, ал өзүнүн үстүнөн материалдык кулчулук кишенин алып ыргытуусу керек. Ошондуктан Шри Ишопанишад бизге, түбөлүксүз жакшылыктарды гана тартуулоого жөндөмдүү көз каранды перилерге сыйынуу менен, тигил же бул дүнүйөлүк көйгөйлөрдөн убактылуу кутулууга умтулууну сунуштабайт. Андан көрө, бүт баарын өзүнө тартуучу жана бизди, кайра Кудайды көздөй, өз үйүбүзгө алып кетип, дүнүйөлүк кулчулуктан түбөлүк куткара алуучу Абсолюттуу Кудай Инсан, Кришнага сыйынуу зарыл.
Бхагавад-гитада (7.23) айтылат, кимде ким перилерге сыйынса, ошол перилердин планетасына бара алат: Айга сыйынган Айга, Күнгө сыйынган – Күнгө ж.б. Азыркы илимпоздор Айга ракетанын жардамы менен жетүүгө аракет кылып атышат, бирок чындыгында мындай аракеттер илгери да болгон. Адамдар өздөрүнүн өнүккөн аң-сезими менен табиятынан космостук саякаттарга шыктуу болушат жана ошондуктан космос кемелеринин же кайыптан келген күчтөрдүн жардамы менен тигил же бул планетаны башкарган перилерге сыйынуу аркылуу башка планеталарга жетүүгө аракет кылышат. Веда жазмаларында айтылат, адам башка планеталарга ушул үч ыкманын биринин жардамы менен жете алат деп, бирок эң көп таралганы – тигил же бул планетаны башкарган Периге сыйынуу. Ушинтип Айга, Күнгө атүгүл ааламдагы эң жогорку планета Брахмалокага да жетсе болот. Бирок материалдык ааламдагы планеталардын баары болгону убактылуу эле баш калкалоочу жай болуп саналат. Кудай Инсан Өзү башкарган, рухий асманда калкыган Вайкунтхалокалар гана түбөлүктүү. Бхагавад-гитада (8.16) Кудай Кришна муну төмөнкү сөздөр менен ырастайт.
а-брахма-бхуванал локах
пунар авартино 'рджуна
мам упетйа ту каунтейа
пунар джанма на видйате
«Материалдык дүйнөнүн бардык планеталары, эң жогоркусунан баштап эң төмөнкүсүнө чейин, - төрөлүү жана өлүү кайталануучу, азап мекендери. Бирок, кимде ким Менин мекениме жетсе, о Кунтинин уулу, ал эч качан кайра төрөлбөйт».
Шри Ишопанишад, кимде ким перилерге сыйынып, алардын материалдык планеталарына барса, мурдагыдай эле ааламдын капкараңгы аймагында кала берерин түшүндүрөт. Аалам материалдык элементтерден турган алп катмарлар менен капталган жана жарымы суу менен толтурулган, капталган кабыгы бар кокос жаңгагын элестетет. Бул кабык жылчыксыз, ошондуктан, ааламда өкүм сүргөн көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкты жоюу үчүн Күн жана Ай керек. Ааламды сыртынан сансыз көп Вайкунтхалокалар сүзүп жүргөн, чексиз мейкиндик, брахмаджьоти курчап турат. Брахмаджьотидеги эң жогорку жана чоң планета – Жогорку Кудай Инсан, Шри Кришна Өзү мекендеген, Кришналока же башкача айтканда Голока Вриндавана. Кудай Кришна Кришналокадан эч качан кетпейт. Ал ар дайым Өзүнүн түбөлүк жандоочулары менен ошерде турат, бирок ошол эле учурда Ал баржокто, бардык материалдык жана рухий жаралууларда да бар. Бул төртүнчү мантрада айтылып өткөн. Кудай күн сыяктуу баржокто болгону менен, Ал, өзүнүн орбитасынан кыйшайбаган күн сыяктуу бир орунда турат.
Айга же, андан жогору же төмөн турган кайсы бир башка планетага баруу менен, биз жашоодогу башкы көйгөйлөрдү чечпейбиз. Ошондуктан Ши Ишопанишад бизге, караңгылыкка чөмүлгөн материалдык аалам ичиндеги кайсы бир планетага жетүүгө умтулбастан, анын чегинен чыгууга умтулуп, жаркыраган Кудай падышалыгына жетүүгө аракеттенүүбүзгө кеңеш берет. Өздөрүн динчил көрсөтүп, атак-даңк же аброй үчүн эле диний ырым-жырымдарды жасашкан адамдар да көп. Мындай жалган динчил адамдар бул ааламды таштап, рухий дүйнөгө кайтып барууну каалашпайт. Кудайга сыйынууга шылташып, алар бир гана нерсени каалашат – материалдык дүйнөдө өзүнүн статус-квосун сактоону. Атеизмге сыйынууга үгүттөшүп, атеисттер жана имперсоналисттер мындай түркөй, жалган динчилдерди ааламдын капкараңгы аймактарына ээрчитип кетишет. Атеисттер Жогорку Кудай Инсандын барлыгын ачык эле жокко чыгарышат, а имперсоналисттер болсо, Жогорку Кудайдын инсан эместик аспектине сыйынууга үгүттөшүп, атеисттерди жакташат. Ушуга чейин биз Шри Ишопанишаддан, Жогорку Кудай Инсандын барлыгын жокко чыгарган бир да мантра кезиктире элекпиз. Мантралардын биринде айтылган, Ал баарынан ылдам жылат деп. Кимде ким башка планеталарга саякат жасаса, албетте, инсан болуп саналат, а эгерде Кудай алардан да батыраак жылса, анда кандайча Ал инсан болуусу мүмкүн эмес? Жогорку Кудайдын инсан эместик концепциясы – түпкү себеби Абсолюттуу Акыйкатты жеткиликсиз түшүнгөндүктө болгон, түркөйлүктүн болгону башка эле бир формасы.
Түркөй дин жол башчылары жана веда баяндамаларындагы көрсөтмөлөрдү апачык бузган, Кудай кейиптелүүсү деген немени ойлоп табуучулар, өздөрүнүн жолун жолдоочуларды адаштырышат, ошондуктан аларга ааламдын капкараңгы аймактары даярдалган. Адатта имперсоналисттер өздөрүн Кудай кейиптелүүсү деп көрсөтүшөт, жана, веда акылмандыгы жөнүндө түшүнүгү жок акмак адамдар аларга ишенишет. Жана эгерде шарлатандар кандайдыр бир билимге ээ болсо, анда алардын колунда ал, түркөйлүккө караганда коркунучтуураак. Имперсоналисттер атүгүл, ыйык жазмаларда сунуш кылынган перилерге сыйынуу ырымдарын да жасашпайт. Ыйык жазмалар кээ бир белгилүү жагдайларда перилерге сыйынууну сунуш кылат, бирок ошол эле кезде ал жерде, көпчүлүк учурларда мунун зарылдыгы жок деп айтылат. Бхагавад-гитада (7.23) ачык айтылган, перилерге сыйынуунун түшүмү түбөлүктүү эмес деп. Бүт дүйнө түбөлүктүү эмес, демек, биз материалдык дүйнөнүн караңгылыгында эмнеге жетишсек, ошонун баары опасыз. Маселе кантип чыныгы, түбөлүктүү жашоону табууда.
Кудай, кимде ким берилип кызмат кылуу (Кудай Инсанга алып баруучу бирден бир жол) аркылуу Ага жетсе, төрөлүү жана өлүү тузагынан түбөлүк боштондук аларын ырастайт. Башкача айтканда, материянын кысмагынан бошонуу, ким Кудайга кызмат кылса ошого берилүүчү, билимден жана кечилдиктен толук көз каранды. Жалган динчилдерде билим да, кечилдик да жок. Алардын көпчүлүгү, дин боёгуна боёлгон, арам ойсуздук жана кайыр-садагачылдык ишмердигине жамынып алышып, материалдык кулчулуктун алтын кишендеринде жашагылары келишет. Жасалма диний сезимдерди көрсөтүшүп, алар мактануу үчүн эле берилип кызмат кылуу менен алектенишет жана ошол эле учурда, ар түрдүү күнөө иштерди жасашат, а аңкоо адамдар аларды руханий насаатчы жана ишеним үчүн жан аябаган адам катары кабыл алышат. Мындай диний принциптерди бузуучулар, ачарьялардын окуучулук мурасы тизиминдеги ыйык устаттардын кадыр-баркын барк алышпайт. Алар Веданын көрсөтмөлөрүн: ачарйопасана («ачарьяга баары баш ийүүсү керек»), жана Бхагавад-гитанын (4.2) сөздөрүн: эвам парампара праптам («Бул Кудай жөнүндөгү улуу илим окуучулук мурасы тизиминде берилген») тоготушпайт.
Бул шүмшүктөр – адамзат коомундагы эң коркунучтуу элементтер. Диний өкмөттүн жоктугунан улам мамлекет тарабынан алар жазаланбайт. Бирок алар, диний үгүттөөчүнүн кийимин кийип алган ич-күйдү жексурлар, тозоктун капкараңгы аймагына ташталат деп Бхагавад-гитада айтылган Кудайдын сотунан качып кутула алышпайт (Б.-г., 16.19-20). Жана Шри Ишопанишад, жалаң гана өздөрүнүн сезим ырахаттары үчүн жасашкан, рухий устаттардын ролундагы ишмердиктерин бүтүшкөндөн кийин, бул рухий лидерлер ааламдын эң жийиркеничтүү планеталарына түшүшөөрүн ырастайт.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек