Шри Ишопанишад
Он үчүнчү мантра
анйад эвахух самбхавад
анйад ахур асамбхават
ити шушрума дхиранам
йе нас тад вичачакшире
анйат — бөлөк; эва — шек-күмөнсүз; ахух — айтылат; самбхават — себептердин себеби болгон, Жогорку Кудайга сыйынуу менен; анйат — бөлөк; ахух — айтылат; асамбхават —башка нерсеге сыйынуу менен; ити — ошентип; шушрума — мен уккам; дхиранам — сабырдуу кадырлуулардан; йе — ким; нах — бизге; тат — бул сабакты; вичачакшире — ачык-айкын түшүндүрүштү.
Бардык себептердин эң жогорку себебине сыйынуу, эң жогорку эмес болгонго сыйынганга караганда бөлөкчө жыйынтык алып келет деп айтылат. Булардын баары, ачык-айкын түшүндүрүшкөн, сабырдуу кадырлуулардан калган.
КОММЕНТАРИЙ: Бул мантрада сабырдуу кадырлуу уламаларды угуу зарыл экендиги жөнүндө айтылат. Адам баласы, материалдык дүйнөнүн өзгөрүүлөрү тең салмактуулуктан чыгара албас чыныгы ачарьяны укканга чейин, ага трансценденттүү билимдин эшиги ачылбайт. Башка сабырдуу ачарьядан шрути-мантраларды уккан, башкача айтканда веда илимин алган чыныгы рухий устат, веда адабияттарында айтылбаган нерселерди эч качан ырастабайт. Бхагавад-гитада (9.25) ачык айтылган, кимде ким ата-бабаларга (питаларга) сыйынса, ата-бабалардын планетасына барат, ушул жерде калгысы келген оңолбос материалисттер ушул дүйнөдө калышат, а бардык себептердин улуу себеби Кудай Кришнадан башка эч кимге сыйынбаган Кудайдын берилгендери, Ага, рухий асманда жайгашкан Анын жайына барышат. Шри Ишопанишаддын бул мантрасы, ар түрдүү формадагы сыйынуу, ар кандай жыйынтыкка алып келерин ырастайт. Эгерде биз Жогорку Кудайга сыйынсак, анда албетте Ага, Анын түбөлүк жайына барабыз, а эгерде деваларга (перилерге), анын ичинде Күн Перисине же Ай Перисине сыйынсак, анда албетте алардын планетасында болобуз. Эгерде эле биз ушул кунарсыз планетада, бардык биздин пландык комитеттерибиз менен жана жыртык жамаач саясатыбыз менен калгыбыз келсе, анда муну оңой эле ишке ашыра алабыз.
Бир дагы асыл нускалуу ыйык жазмаларда акыр түбү, эмне кылганына жана кимге сыйынганына карабастан баары бир максатка жетет деп айтылган эмес. Бул сыяктуу келесоо теорияларды, чыныгы окуучулук мурасы тизиминде – парампарада жатпаган, жалган ат койду рухий устаттар алгалашат. Чыныгы рухий устат, бардык жолдор, кантип жана кимге: деваларга, Жогорку Кудайга же дагы бир башка нерсеге сыйынганына карабастан бир максатка жеткирет деп ырастабайт. Кайсы болбосун нормалдуу адам үчүн, поездге отуруу менен кайсы жерге билет алса ошерге чейин гана бара аларын түшүнүү кыйын эмес. Калькуттага чейин билет алган адам, Калькуттага бара алат, бирок Бомбейге эмес. Бирок, өздөрүн рухий устат катары көрсөткөн адамдар, кандай жол болсо да адамды улуу максатка алпарат деп насаат айтышат. Бул арзан дүнүйөкорлук убадалар көптөгөн, өздөрүнүн үйдө туулма руханий өзүн өзү таануучулук ыкмалары менен кекирейген келесоо макулуктарды өзүнө тартат. Бирок Ведалар буларды макулдабайт. Кимде ким, таанымал окуучулук мурас тизимине таандык болгон чыныгы рухий устаттан билим албаса, эч кандай жарытарлык жыйынтыкка жете албайт. Бхагавад-гитада (4.2) Кришна Аржунага айтат:
эвам парампара-праптам
имам раджаршайо видух
са каленеха махата
його наштах парантапа
«Бул улуу илим, окуучулук мурас тизиминде өтүп келген, жана адилет падышалар аны ушинтип таанышкан. Бирок убакыттын өтүшү менен бул тизмек үзүлүп калган, ошондуктан руханий билимдер азыр түп-тамыры менен жок болгон өңдөнөт».
Кудай Шри Кришна ушул дүйнөгө келген убакта, Бхагавад-гитада түзүлгөн бхакти-йоганын принциптери аябай бурмаланган болчу. Ошондуктан Кудай окуучулук мурас тизимин кайра калыбына келтирүүсү керек болчу, жана Анын алгачкы окуучусу, Кудайдын эң жакын досу жана берилгени Аржуна болду. Кришна Аржунага (Б.-г., 4.3), ал Анын берилгени жана досу болгондугу үчүн гана Гитанын принциптерин түшүнө алгандыгын ачык айтты.Башкача айтканда, Кудайдын берилгени жана досу болбой туруп Бхагавад-гитаны түшүнүү мүмкүн эмес. Ушуну менен бирге, мындан Аржунанын жолу менен баскандар гана Бхагавад-гитаны түшүнө алаарлыгы келип чыгат.
Азыр көптөгөн, Аржуна менен да, Кудай Кришна менен да иши жок адамдар, бул улуу маекти которууга жана чечмелөөгө киришишет. Алар Бхагавад-гитанын ырларын өз алдыларынча түшүндүрүшөт, бул ыйык жазманын кадырына жамынып алышып, жеткен сандырак идеяларды ойлоп табышат. Мындай чечмелөөчүлөр Шри Кришнага дагы, Анын түбөлүк жайына дагы ишенишпейт. Анда Бхагавад-гитаны алар кантип түшүндүрө алышмак?
Гитада (7.20, 23) Кришна апачык эле айтат, акылынан адашкан адамдар гана, болор болбос сыйлыкты көздөп деваларга сыйынышат деп. Анын аягында Ал, ар бирибизге, сыйынуунун бардык башка ыкмаларын таштап, Ага толук берилүүнү кеңеш берет (Б.-г., 18.66). Жогорку Кудайга болгон мындай туруктуу ишеним, өзүнүн күнөөлөрүнүн натыйжасынан толук кутулган адамда гана болот. Калгандар болсо, өздөрүнүн маанисиз ырым-жырымдарына жармашышып, материалдык чөйрөлөрдө тумчугууну улантышат, жана бардык жолдор бир максатка алып барат деген ишенимдерден улам акылдарынан адашышкандыктан, эч качан акыйкат жолду табышпайт.
Шри Ишопанишаддын бул мантрасында самбхават, эң жогорку себепке сыйынуу деген сөз чечүүчү болуп саналат. Кудай Кришна эң алгачкы Кудай Инсан болуп саналат, жана бардык жаралгандар Андан чыгат. Бхагавад-гитада (10.8) Кудай айтат:
ахам сарвасйа прабхаво
маттах сарвам правартате
ити матва бхаджанте мам
будха бхава-саманвитах
«Мен – бүткүл рухий жана материалдык дүйнөлөрдүн булагымын. Баары Менден чыгат. Муну чындап түшүнгөн акылман, берилип кызмат кылуу жолуна түшөт жана Мага бүт жүрөгү менен сыйынат».
Бул ырда Кудай Өзүн Өзү абдан так баяндайт. Сарвасйа прабхавах деген сөз Кришна бардык тирүү жандардын, анын ичинде Брахма, Вишну жана Шиванын жаратуучусу экенин көрсөтөт. Материалдык дүйнөнүн бул үч негизги Кудайлары Кудай тарабынан жаратылган, Кудай материалдык жана рухий дүйнөдөгү бүткүл жаралуулардын жаратуучусу. Атхарва-ведада (Гопала-тапани-уп., 1.24) дагы айтылат, Кудай Шри Кришна Брахма жаралганга чейин эле бар болчу жана Брахмага веда билимин Ал ачкан деп. Ушул сыяктуу эле, Нараяна-упанишадада (1) дагы айтылат: «Андан соң Жогорку Инсан, Нараяна, бардык тирүү жандарды жаратууну каалады. Ушинтип Нараянадан Брахма төрөлдү. Нараяна бардык Праджапатилерди жаратты. Нараяна Индраны жаратты. Нараяна сегиз Васуну жаратты. Нараяна он бир Рудраны жаратты. Нараяна он эки Адитьяны жаратты». Нараяна – бул Кудай Кришнанын толук экспанциясы, ошондуктан Нараяна менен Кришнанын бири-биринен айырмасы жок. Ушул эле упанишадада (Нараяна-уп., 4) айтылат: «Девакинин уулу [Кришна] Жогорку Кудай болуп саналат». Бардык жаралуунун жогорку себеби Нараяна болуп саналарын атүгүл, вайшнавдардын (инсан таанучулар) мектебине кирбеген Шрипада Шанкарачарья да далилдейт. Атхарва-ведада (Маха-упанишад, 1) айтылат: «Башында Брахма да, Шива да, от да, суу да, жылдыздар да, Күн да, Ай да болгон эмес, жалгыз Нараяна болгон. Бирок Кудай жалгыз болбойт. Ал Өзү каалагандай жаратат». Мокша-дхармада Кришна Өзү айтат: «Мен бүт Праджапатилерди жана Рудраларды жараттым, алар Мени аягына чейин билбейт, себеби аларды Менин иллюзордуу энергиям тосуп турат». Вараха-пуранада айтылган: ”Нараяна Жогорку Кудай Инсан болуп саналат. Андан төрт баштуу Брахма жана кийинчерээк баарын башкаруучуга айланган Рудра жаралган”.
Ошентип, бардык веда жазмалары Нараяна, Кришна, бардык себептердин себеби болуп саналат деген бүтүмгө келет. Брахма-самхитада (5.1) дагы айтылат, Шри Кришна – бул Жогорку Кудай деп. Ал – Говинда (бардык тирүү жандарга кубаныч алып келүүчү) жана бардык себептердин башкы себеби. Чыныгы билимдүү адамдар бул жөнүндө улуу акылмандардан жана Ведадан билишет, ошондуктан бүткүл жаралуунун булагы Кудай Кришнага сыйынууну чечишет. Мындай адамдарды будхалар, билим алган адамдар деп аташат, себеби алар Кудай Кришнага гана сыйынышат.
Кришна бул - баары дегенге ынангандык, кимде ким эч нерсе сабырдуулуктан чыгара албаган ачарьянын бул жөнүндө айтканын, ишеним жана сүйүү менен уккан адамга келет. Кимде Кудай Кришнага жана Ага болгон сүйүүгө ишеним жок болсо, эч качан бул жөнөкөй акыйкатты түшүнө албайт. Бхагавад-гитада (9.11) Кришна мындай адамдарды мудхалар – эшек сыяктуу келесоолор деп атайт. Ал жерде, мудхалар, сабырдуу ачарья берген улуу билими жок болгондуктан Кудай Инсанды шылдыңдашат деп айтылат. Кимди материалдык энергиянын куюну тең салмактуулуктан чыгара алса, анын ачарья болууга укугу жок.
Бхагавад-гитаны укканга чейин, Аржуна, материалдык энергиянын айлампасына тартылып, үй-бүлөгө, коомго жана урууга болгон кыйбастыктын айынан сокурлангандыктан, сабырдуулуктан ажырады, ошондуктан эч кимге зыяны тийбес, адамзатын сүйгөн адепкөй болгусу келди. Бирок Улуу Инсандан Бхагавад-гитада баяндалган веда билимин алып жана будха болуп, ал өзүнүн чечимин өзгөрттү жана Курукшетрадагы салгылашты пландаган, Кудай Шри Кришнага сыйына баштады. Өзүнүн туугандар деп аталган немелери менен согушуп, Аржуна Кудайга сыйынды жана ушинтип Кудайдын аруу берилгени болду. Бул, эгерде адам баласы, Бхагавад-гитада жана Шримад-Бхагаватамда баяндалган Кришна жөнүндөгү илимди ийне-жибине чейин билбеген келесоо адамдар тарабынан ойлоп табылган жалган Кришнага эмес, чыныгы Кришнага сыйынган учурда гана болуусу ыктымал.
Веданта-сутрага ылайык, самбхута – бул бүткүл жаралгандын булагы, баары кармалып турган таяныч, жана айкындалган дүйнө (джанмадй асйа йатах) жок кылынгандан кийин да сакталып калуучу жай. Веданта-сутранын кадыресе түшүндүрмөсү, анын автору тарабынан түзүлгөн Шримад-Бхагаватам, бардык эманациянын булагы жансыз таш болуусу мүмкүн эместигин үйрөтөт, Ал – абхиджна, абсолюттуу билимге ээ дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан алгачкы Кудай Шри Кришна Гитада (7.36) Ага баары белгилүү экендигин айтат: өткөн убак, азыркы учур жана келечек, - бирок эч ким, атүгүл Шива жана Брахма сыяктуу девалар да Аны толук билишпейт. Кимде ким, материалдык тиричиликтин албуут океанынын ортосунда сабырын сактай албаса, Аны аягына чейин таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнөн кур калат. Мындай чала сабат рухий лидерлер, адамзатты сыйынуу объектиси катары жарыялап, кандайдыр бир тил табышканга аракеттенишет. Алар, бул сыяктуу сыйынуу – химера экендигин билишпейт, себеби элдер көбүнесе кемчиликтүү болушат. Муну жасоого аракеттенүү – дарактын тамырын эмес, жалбырактарын сугарган сыяктуу. Дарактын тамырын сугаруу ылайыктуураак, бирок мындай түбөлүк бейтынч лидерлер тамырга караганда, жалбыракка көбүрөөк тушалышкан, жана, жалбыракка ченемсиз куюлган сууга карабастан дарак нымдын жетишсиздигинен улам куурайт.
Шри Ишопанишад, бардык бутактардын булагы болгон тамырды сугарууну кеңеш берет. Адамдарга сыйынуу, алардын денелик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталгандыктан, дайыма кемчиликтүү жана ошондуктан жанга кызмат кылганчалык маанилүү эмес. Жан – бул ар түрдүү типтеги денелерди карма мыйзамына ылайык жараткан тамыр. Эгерде биз адамдарга гана, медициналык же социалдык жактан жардам көрсөтүү аркылуу кызмат кылып жана аларга билим алганга мүмкүндүк берип, ошол эле учурда касапканаларда байкуш жандыктардын кекиртектерин мууздасак, анда бул жанга, тирүү жанга кызмат кылуу болуп саналуусу мүмкүн эмес.
Тирүү жан дайыма ар түрдүү типтеги денелерде төрөлүү, картайуу, оору жана өлүүгө байланышкан материалдык азаптарды тартат. Адамзат жашоо формасы материалдык тиричиликтин тушоосунан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал үчүн өзүбүздүн Жогорку Кудай менен үзүлгөн мамилебизди кайра калыбына келтиргенибиз жетиштүү. Кудай Өзү, элдерди Баарынан Улууга (самбхутага) берилүүгө чакыруу үчүн ушул материалдык дүйнөгө түшүп келет. Ким, Жогорку Кудайга берилүү керектигине жана сүйүү менен, бүт бардык энергиясын жумшап Ага сыйынуу керектигине элдерди үгүттөсө ошол гана адамзатка чыныгы кызмат кылган болот. Шри Ишопанишаддын он үчүнчү мантрасынын насаатынын мааниси ушундай.
Жогорку Кудайдын улуу жорук-жосундары жөнүндөгү баяндарды угуу жана аларды даңктоо – Ага сыйынуунун, ушул ызы-чуулуу доордогу эң жөнөкөй жолу. Бирок чайкоочу философтор, Кудайдын жорук-жосундары – элестетүүнүн эле натыйжасы деп ойлошот, ошондуктан булар жөнүндө уккусу келбейт жана ишенчээк эл жыйынынын көңүлүн буруу үчүн, толгон-токой оозеки чыгармаларды ойлоп табышат. Кудай Кришнанын жорук-жосундары жөнүндөгү баяндарды угуунун ордуна, мындай рухий устаттар, өздөрүнүн жолун жолдоочулары аларды даңктоосу үчүн, өзүн өзү ыксыз жарыя кылышат. Акыркы убактарда мындай шарлатандардын саны бир кыйла өстү, жана Кудайдын аруу берилгендери үчүн ушул сыяктуу эки жүздүүлөрдүн жана жалган кейиптелгендердин касиеттүү нерселерди кордогон тантыктарынан элдерди коргоо барган сайын кыйындоодо.
Упанишадалар баштапкы Кудай, Шри Кришнага биздин көңүлүбүздү кыйыр түрдө бурат, бирок Упанишадалардын түпкү маңызы болгон Бхагавад-гита Аны түз эле көрсөтөт. Ошондуктан адам, Бхагавад-гитадагы жана Шримад-Бхагаватамдагы Кришнаны түз баяндаган баяндарды угуусу керек, жана бул анын акылын акырындап балиттиктен тазалайт. Шримад-Бхагаватамда (1.2.17) айтылган: “Кудайдын жоруктары жөнүндөгү баяндарды угуу менен, берилген жан өзүнө Анын көңүлүн бурат. Ошентип, ар бир тирүү жандын жүрөгүндө жайгашкан Кудай, ага тийиштүү насааттарды берүү менен, Өзүнүн берилгенине жардам берет”. Бул Бхагавад-гитада да тастыкталат (10.10): дадами буддхи-йогам там йена мам упайанти те.
Ички дүйнөдөн алынган Кудайдын насааттары, берилген жандын жүрөгүн, раджас (кумарлык) жана тамас (түркөйлүк) материалдык гуналарынан жаралган балиттиктен тазалайт. Берилбеген пенделер толугу менен кумарлык менен түркөйлүктүн таасиринде турушат. Кумарлык адамга материалдык каалоолордон кутулууга тоскоолдук кылат, а түркөйлүк ага өзүн жана Кудайды чындап түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан кумарлык жана түркөйлүк гуналарынын таасиринде турган адамда, канчалык өзүн дин коргоочусу катары көрсөткөнүнө карабай, өзүнүн руханий табиятын баамдаганга шарты жок. Берилген жанга Кудайдын мээрими менен кумарлык жана түркөйлүк гуналары таасирин жоготот, жана ал, эң мыкты брахмандын белгиси болгон саттва гунасынын таасиринде болот. Ким болсо да бир шарт менен, эгерде чыныгы рухий устаттын жетекчилиги астында берилип кызмат кылуу менен алектенсе ал брахман боло алат. Шримад-Бхагаватамда (2.4.18) дагы айтылат:
кирата-хунандхра-пулинда-пулкаша
абхира-шумбха йаванах кхасадайах
йе 'нйе ча папа йад-апашрайашрайах
шудхйанти тасмаи прабхавишнаве намах
Начар төрөлүү алган кандай тирүү жан болсо да, эгерде Кудайдын аруу берилгенинин насааттарын орундаса тазалана алат, себеби Кудайдын кудурети чексиз.
Качан адам брахмандын сапатына ээ болгондо, ал бактылуу болот да, шыктануу менен Кудайга берилип кызмат кылат. Кудай жөнүндөгү илим ага өзүнөн өзү ачылат. Бул илимди билүү менен, ал материалдык жакшы көрүүчүлүктөн кутулат, жана Кудайдын мээрими менен, анын шектенүүчү акылы кристаллдай таза болуп калат. Кимде ким бул баскычка жетсе, азаттык алган жан болуп саналат жана бардык жерде, баржокто Кудайды көрө алат. Шри Ишопанишаддын ушул мантрасында баяндалган самбхаванын мыктылыгы ушунда.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек