Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Он төртүнчү мантра

самбхутим ча винашам ча
йас тад ведобхайа саха
винашена мртйум тиртва
самбхутйамртам ашнуте

самбхутим — түбөлүктүү Кудай Инсан, Анын трансценденттүү аты, формасы, оюндары, сапаттары жана өзбелгилери, Анын жайындагы ар түрдүүлүк ж. б.; ча — жана; винашам — перилердин, адамдардын, айбанаттардын жана башкалардын жалган аттары, даңктары ж.б. убактылуу материалдык айкындалуулары; ча — жана; йах — ким; тат — аны; веда — билет; убхайам — экөө тең; саха — бирге; винашена — жок болуучулардын баары менен; мртйум — өлүм; тиртва — ашып түшкөн; самбхутйа — Кудайдын түбөлүк падышалыгында; амртам — өлбөстүк менен; ашнуте — ырахаттанат.

Адам баласы Кудай Инсанды жана Анын трансценденттүү ысымын, убактылуу материалдык жаралууну, анын убактылуу перилери, адамдары, айбанаттары менен кошо билген сыяктуу эле мыктылап билүүсү кажет. Муну түшүнүп, ал өлүмдү аяк асты кылып, түбөлүк Кудай падышалыгында жыргалга жана билимге бөлөнгөн түбөлүк жашоодо жыргоо үчүн, утурумдук аалам жаралуусунан жогору көтөрүлөт.

КОММЕНТАРИЙ: Илимий прогресс деген ат менен адамзат цивилизациясы көптөгөн космос кемелери жана атом энергиясы сыяктуу материалдык нерселерди жасады. Бирок бул нерсе адамды өлүү, кайра төрөлүү, картайуу жана ооруу азабы сыяктуу зарылдыктардан куткара алган жок. Качан акыл-эстүү адам бул көйгөйлөр жөнүндө илимпоз деп аталгандардан сураганда, алар ар дайым, өзүлөрүнө таандык айлакерлик менен, материалисттик илим ордунда турбайт, келечекте адамды өлбөс, түбөлүк жаш жана ооруларга чалдыкпас кыла алат деген жоопту беришет. Бул сыяктуу жооптор илимпоздор, материалдык табияттын фундаменталдуу мыйзамдарын элементардык да түшүнбөстүгүн далилдейт. Материалдык табиятта баары материянын катаал мыйзамдарына баш ийишет жана тиричиликтин алты баскычы аркылуу өтүүгө муктаж: төрөлүү, өсүү, сакталуу, укум-тукум калтыруу, картайуу жана, аягында, өлүү. Кандайдыр бир материалдык табият менен байланышкандардын эч бири, турмуштун бул алты мыйзамын айланып өтө албайт. Ошондуктан эч ким – девалар да, айбанаттар да, өсүмдүктөр да материалдык дүйнөдө түбөлүк жашай алышпайт.

Ар кайсы тирүү жандарда жашоо узактыгы ар кандай болушу мүмкүн. Ушул материалдык ааламга башчылык кылган тирүү жан, Дева Брахма, көптөгөн миллион жыл жашайт, а кенедей микроб – болгону бир канча саат эле жашайт. Бирок эч ким материалдык дүйнөдө түбөлүк жашай албайт. Бул жерде баары төрөлөт же атайын шарттарда жасалат, кайсы бир убакыт аралыгында жашайт, жана эгерде бул тирүү жан болсо, анда ал өсөт, өзүнө окшогондорду жаратат, акырындап карыйт жана аягында өлөт. Ушул мыйзамдарга ылайык, атүгүл Брахмалар (ар түрдүү ааламдарда миллиондоп саналган) да эртеби-кечпи өлүүсү керек. Ошондуктан бүткүл материалдык аалам Мартьялока – өлүм жайы деп аталат.

Окумуштуу-материалисттер жана саясатчылар ааламдан өлүмдү кууп салууга аракет жасашат, анткени руханий табияттын өлбөс экендиги жөнүндө билишпейт. Мунун себеби, алардын, жетик трансценденттүү тайрыйбанын даанышмандыгына бөлөнгөн веда адабияттары менен тааныш эместигинде. Бирок, тилекке каршы, азыркы адамдар Ведаларда, Пураналарда жана башка ыйык жазмаларда баяндалган билимди алгысы келбейт.

Вишну-пураналардан (6.7.61) биз төмөнкүнү билебиз:

вишну-шактих пара прокта
кшетраджнакхйа татха пара
авидйа-карма-самджнанйа
тртийа шактир ишйате

“Кудай Инсан, Кудай Вишну, пара (жогорку) жана апара (төмөнкү) деп аталган түрдүү энергияларга ээ. Тирүү жандар жогорку энергияга таандык“. Биз азыр бийлигинде турган материалдык энергия, төмөнкү энергия болуп саналат. Бул, тирүү жанды түркөйлүк (авидья) катмары менен каптаган жана аларды кармалык ишмердик менен алектенгенге түрткү болгон энергия, материалдык дүйнөнү жаратат. Бирок Кудайдын төмөнкү, материалдык энергиядан жана тирүү жандардан айырмаланган башка формадагы жогорку энергиясы да бар. Бул жогорку энергиядан, Кудайдын түбөлүктүү, бузулбас жайы жаралгандыгы Бхагавад-гитада (8.20) да далилденген:

парас тасмат ту бхаво 'нйо
'вйакто 'вйактат санатанах
йах са сарвешу бхутешу
нашйатсу на винашйати

Бардык төмөнкү, орто жана жогорку планеталар, Күн, Ай жана Венера баш болуп – ааламда жайылып жатат. Алар Брахманын өмүрү өткөнгө чейин гана жашашат. Андан да, кээ бир төмөнкү планеталар Брахманын ар бир күнүнүн аягында жок болушат, а кийинки күндүн башталышында Брахма аларды кайрадан жаратат. Жогорку планеталарда убакыт жердегиге караганда башкачараак эсептелет. Бир күн, көпчүлүк жогорку планеталарда жердеги бир жылга барабар. Жердеги төрт доор мөөнөтү (Сатья, Трета, Двапара жана Кали), жогорку планеталардын убакыт көрсөткүчүндө болжол менен он эки миң жылга барабар. Миңге көбөйтүлгөн бул убакыт өлчөмү, Брахманын бир күнүнө барабар, жана анын түнү да ошончого созулат. Мындай күндөр жана түндөр айларга жана жылдарга туура келет. Брахма мындай жылдан жүздү жашайт, анын жашоосунун акырында бүт жаралган аалам жок кылынат.

Качан Брахманын түнү киргенде, Күн жана Ай баш болгон жогорку планеталардын жашоочулары да, жана Мартьялока (Жер) планетардык системасында жашаган тирүү жандар да, ааламдын төмөнкү планеталары да топон суу астында калышат. Бул убакыт ичинде, рухий жашоосу уланганы менен, бир да тирүү жан, бир да жашоо формасы айкындалган абалда болбойт. Бул болмуштун көрүнбөгөн абалы авьякта деп аталат. Брахманын өмүрүнүн аягында, бүт аалам кыйраган учурда да, авьякта мезгили келет. Бирок болмуштун көрүнбөгөн ушул эки абалынан тышкары башка көрүнбөгөн табият – көптөгөн планеталары менен, Брахманын өмүр аягында ушул материалдык ааламдын бардык планеталары жок болгон учурда да түбөлүк жашаган жана жашоосун токтотпогон руханий атмосфера, же рухий асман бар. Материалдык дүйнө, ар бирин өзүнүн Брахмасы башкарган көптөгөн материалдык ааламдардан турат. Ар түрдүү Брахмалардын башчылыгында турган бүт космостук дүйнө түзүлүшү, Кудайдын энергиясынын болгону төрттөн бирин (экапад-вибхути) түзөт, жана бул энергия төмөнкү энергия деп аталат. Брахмага баш ийбеген руханий табият трипад-вибхути деп аталат (ал Кудайдын энергиясынын төрттөн үчүн түзөт). Бул – жогорку энергия, пара-пракрити.

Руханий табияттын абсолюттуу бийлөөчүсү Кудай Шри Кришна болуп саналат. Бхагавад-гитада (8.22) айтылгандай, Ага аралашмасыз таптаза, берилип кызмат кылуунун жардамында гана жакындоо мүмкүн, башка эч бир метод – гьяна (философия) да, йога (мистицизм) да, карма (жыйынтыгынын мүдөөсүн көрүү үчүн жасалган ишмердик) да – буга туура келбейт. Кармилер, башкача айтканда, өздөрүнүн эмгегинин мүдөөсү үчүн гана эмгектенгендер, Күн жана Ай тиешелүү болгон Сваргалока планетасына баруулары мүмкүн. Гьянилер жана йогдор андан да жогорку, Махарлока, Тапалока жана Брахмалока сыяктуу планеталарга жетүүсү мүмкүн, а эгерде алар берилип кызмат кылуунун жардамы менен өздөрүндө андан да бийик сапаттарды өнүктүрүшсө, анда, өздөрүнүн руханий өнүгүүсүнүн деңгээлине жараша рухий дүйнөгө, рухий асмандын (Брахман) жаркыраган космостук атмосферасына же Вайкунтха планеталарына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бирок албетте, кимде берилип кызмат кылуу тажрыйбасы жок болсо, Вайкунтха рухий планеталарына бара албайт.

Материалдык планеталарда ар бири, Брахмадан баштап кумурскага чейин, материалдык табияттын үстүнөн үстөмдүк кылууга умтулушат. Бул материалдык оору деп аталат. Тирүү жан бул оорудан айыкмайынча, бирде адамдын, бирде Деванын, бирде айбанаттын формасын алып, кайра кайра денесин алмаштырганга муктаж. Бирок ал, кандай дене алса да, аягында, тирүү жандар жайгашкан – Брахманын түнү ичинде жана Брахманын өмүрүнүн аягында, ааламдын эки типтеги талкалануу учурундагы айкындалбаган абалга өтүүсүнө туура келет. Эгерде биз ушул төрөлүү жана өлүү айлампасынан кутулуп чыккыбыз келсе жана аларды жандап жүргөн картайуудан жана оорулардан кутулгубуз келсе, анда, Кудай Кришна менен же Анын толук экспансиялары, Анын Нараяна формалары менен мамиледе болуп, түбөлүк жашоого мүмкүн болгон рухий планеталарга барууга аракет кылуубуз керек. Кудай Кришна жана Анын толук экспансиялары сансыз рухий планеталардын ар биринде жашашат, жана бул фактты шрути-мантралар далилдейт: эко ваши сарва-гах кршна идйах/эко 'пи сан бахудха йо 'вабхати (Гопала-тапани-уп., 1.3.21).

Кришнаны эч ким өзүнүн бийлигине баш ийдире албайт, ошондуктан шартталган жандар өз бийлигине материалдык табиятты баш ийдиргенге далалат кылышат, бирок жыйынтыгында алар өздөрү, кайталанма төрөлүү жана өлүүнүн азаптарына туштуктурган мыйзамдардын бийлигине түшүп калышат. Кудай бул дүйнөгө, эң башкысы, Анын эркине адамдагы баш ийүүчүлүктү тарбиялоо болуп саналган, диний принциптерди калыбына келтирүү үчүн келет. Кудайдын Бхагавад-гитадагы (18.66) корутунду насааты ушундай: сарва-дхарман паритйаджйа мам экам шаранам враджа — “Башка жолдордун баарын ташта да, жөн гана Мага берил”. Тилекке каршы, түркөй адамдар бул эң маанилүү көрсөтмөнү өзүлөрүнүн билгендериндей кайра түшүндүрүшөт жана ар кандай жолдор менен элдерди адашууга алып келишет. Кудайга сүйүп кызмат кылуунун жардамы менен руханий падышалыкка баруу үчүн керектүү илим алганга умтулуунун ордуна элдерге, ооруканаларды ачуу керек деп айтышат. Аларды, тирүү жанга эч качан чыныгы бакыт алып келбеген, убактылуу жеңилдик берүүчү ишмердикке кызыгууга үйрөтүшөт. Алар, табияттын кыйратуучу күчтөрүн ооздуктоо үмүтү менен, ар кандай коомдук жана жарым жартылай официалдуу уюмдарды уюштурушат, бирок жалтанбас табиятты кантип тынчтандырууну билишпейт. Көпчүлүк адамдардын, Бхагавад-гитанын улуу билермандары деген аттары бар, бирок бул билермандар, материалдык табиятты тынчтандырууга мүмкүн болгон, Гитада сунушталган методду көрүшкөн эмес. Бхагавад-гитада (7.14) кудуреттүү табиятты тынчтандыруунун жалгыз амалы – өзүбүздөгү Кудай аң-сезимин ойготуу экендиги түз айтылган.

Шри Ишопанишаддын ушул мантрасында айтылат, ар бирибиз бир эле учурда самбхутини да, (Кудай Инсан), винашаны да (убактылуу материалдык табият) билүүбүз зарыл. Убактылуу материалдык айкындалууну билүү менен эле эч ким кутула албайт, анткени тирүү жандарды бул дүйнөдө кадам сайын өлүм аңдып турат (аханй ахани бхутани гаччхантиха йамалайам). Ооруканаларды куруу да табияттын кыйратуучу күчтөрүнөн эч кимди коргой албайт. Жыргалга жана билимге чөмүлгөн түбөлүк жашоо тууралуу жетишерлик билимге ээ болгон адам гана кутула алат. Веда маданиятынын баары элди түбөлүк жашоону табуу өнөрүн үйрөтүүгө багытталган. Элди, нерселердин сезим ырахаттарын убада кылуучу, өтүп кетме сүйкүмдүүлүгү суктандырат. Бирок бул нерселерге кызмат кылуу элди акыйкат жолдон тайдырып, алардын бузулуусуна түрткү болот.

Ошондуктан биз өзүбүз кутулуубуз керек жана жакындарыбызга кутулууга алып баруучу жолду көрсөтүүбүз керек. Акыйкат жаккан жакпаганга карабайт. Ал болгону бар. Эгерде биз төрөлүү жана өлүү айлампасынан суурулуп чыккыбыз келсе, Кудайга берилип кызмат кылуубуз керек. Бул тил табышуу тууралуу кеп болуучу учур эмес, бул өмүргө тете болуучу суроо.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада