Шри Ишопанишад
Он бешинчи мантра
хиранмайена патрена
сатйасйапихитам мукхам
тат твам пушанн апаврну
сатйа-дхармайа дрштайе
хиранмайена — алтын нур менен; патрена — көз уялткан катмар менен; сатйасйа — Улуу Акыйкатты; апихитам — жашырылган; мукхам — жүз; тат — ушул катмар; твам — Өзүңү; пушан — о жөлөп таёочу; апаврну — суранам, алып сал; сатйа — таза; дхармайа — берилген пендеңе; дрштайе — көрсөтүү үчүн.
О менин, бүткүл тирүүлүктү жөлөп таёочу Кудайым! Сенин чыныгы жүзүң Сенин көз уялткан нуруң менен жашырылган. Бул катмарды алып сал жана Өзүңдү аруу берилгениңе көрсөт.
КОММЕНТАРИЙ: Бхагавад-гитада (14.27) Кудай Өзүнүн денесинин көз уялткан нурун (брахмаджьоти) төмөнкүдөй баяндайт:
брахмано хи пратиштхахам
амртасйавйайасйа ча
шашватасйа ча дхармасйа
сукхасйаикантикасйа ча
“Мен – өлбөс, жогорку бакыттын баштапкы абалынын көрсөткүчү болгон түбөлүк жана түгөнбөс инсансыз Брахмандын түпкү негизимин”. Брахман, Параматма жана Бхагаван – булар бир эле Абсолюттуу Акыйкаттын үч аспекти. Баштоочулар үчүн Брахманды түшүнүү жеңилирээк. Параматма, – Улуу Жан, – бул Абсолюттуу Акыйкаттын, руханий өнүгүүсү жогорураак адамдарга жеткиликтүү болгон аспекти, а Бхагаванды баамдоо Абсолюттуу Акыйкатты түшүнүүнүн эң жогорку баскычы болуп саналат. Бул Бхагавад-гитада (7.7) Кудай Кришна, Ал – Абсолюттуу Акыйкаттын эң жогорку көрсөткүчү: маттах паратарам манйат деп айткан жеринде ырасталат. Демек, Кришна брахмаджьотинин да, чар тарапка жайылган Параматманын да булагы болуп саналат. Андан соң Бхагавад-гитада (10.42) Кришна айтат:
атха ва бахунаитена
ким джнатена таварджуна
виштабхйахам идам кртснам
экамшена стхито джагат
“Булардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин айткандын кандай мааниси бар, о Аржуна? Өзүмдүн болгону кенедей эле бөлүкчөм менен Мен бүткүл ааламдын өтмө катарына өтүп колдоп турам”. Ошентип, Өзүнүн толук бөлүкчөсүнүн биринин – чар тарапка тараган Параматманын жардамы менен – Кудай бардык материалдык космос жаралуусун колдоп турат. Руханий дүйнөдө да бардык болмуш Кудайдын колунда турат. Ошондуктан Шри Ишопанишаддын ушул шрути-мантрасында Кудайды пушан, бардык жаралууну колдоочу деп аташат.
Шри Кришна, Кудай Инсан, дайыма трансценденттүү ырахатка (ананда-майо 'бхйасат) чөмүлүп турат. Кришна мындан беш миң жыл мурда Вриндаванда жашаган кезде, Ал ар убак, Өзүнүн оюндарынын башынан баштап эле трансцендентүү жыргалда болгон. Агха, Бака, Путана жана Праламба сыяктуу ар түрдүү демондорду өлтүрүү, Ал үчүн болгону жагымдуу көңүл ачуу эле болгон. Ал, Өзүнүн айылында жашап, Өзүнүн энеси, агасы жана достору менен жыргалга баткан, жана, качан Ал тентек май уурдаган балакайдын ролун ойногондо, Анын шоктугунан тегерегиндегилердин баары рухий жыргалга чөмүлүштү. Кудайды май уурдачу балакай деп Аны жемелөө үчүн аташпайт, май уурдоо менен, Ал Өзүнүн аруу берилгендерине ырахат тартуулаган. Кудай Вриндаванда жасагандарынын баарын, Ал Өзүн курчаган Анын берилгендерине ырахат тартуулоо үчүн жасаган. Кудай Өзүнүн оюндарын, Абсолюттуу Акыйкатты табууну көздөгөндөрдүн: алып-сатар философтордун жана хатха-йога деген неме менен алектенген акробаттардын көңүлүн Өзүнө тартуу үчүн көрсөткөн.
Шримад Бхагаватамда (10.12.11) Шукадева Госвами Кудайдын жана Анын малчы досторунун бала чактагы оюндарын мындайча баяндайт:
иттхам сатам брахма-сукханубхутйа
дасйам гатанам пара-даиватена
майашританам нара-даракена
сакам виджахрух крта-пунйа-пунджах
“Гьянилер инсансыз, жыргалга чөмүлгөн Брахман катары таанышкан, берилгендер момунчулук менен кызмат кылышып, Баарынан Жогорку Кудай катары сыйынышкан, жана дүнүйөкор элдер кадимки эле адам катары эсептешкен Жогорку Кудай, Кудай Инсан, өтө көптөгөн такыбаа жүрүм-турумдарды жасашып, ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болушкан малчы-балдар менен менен ойноду”.
Мына ошентип, Кудай, Аны шанта (бейтараптык), дасья (кызмат кылуу), сакхья (достук), ватсалья (ата-энелик) жана мадхурья (жубайлык) сыяктуу сүйүү мамилелери байланыштырган Өзүнүн руханий жолдоштору менен ар дайым трансценденттүү ишмердик менен алек.
Жазмаларда айтылган, Кудай эч качан Вриндаван-дхамадан кетпейт, ошондуктан жөндүү суроо берүү керек: Ал жаралуу иштерин кантип башкарат? Бул суроого Бхагавад-гита (13.14-18) жооп берет: Параматма, Кудайдын толук бөлүгү, же Улуу Жан, бүткүл материалдык жаралуунун өтмө катарынан өтөт. Кудай Өзү материалдык дүйнөнүн жаралуусуна, сакталуусуна жана жок болуусуна катышпайт, бирок Өзүнүн толук экспансиясы, Параматма кейпинде, Ал дүйнөдө болуп жаткандын баарынын себепкери болуп саналат. Ар бир тирүү жан атма, жан болуп саналат, бирок Параматма, Улуу Жан, - бул бардык жеке жандарды башкарган жогорку атма.
Кудайды таануунун бул усулу – улуу илим. Материалисттик санкхья-йоганын жолун жолдоочулар материалдык жаралуунун жыйырма төрт элементин анализдөөдөн жана буларга сүкүт кылгандан жогору жылышпайт. Аларга пуруша, Жогорку Кудай жөнүндө чындыгында эч нерсе белгисиз. Абсолюттун табиятына инсансыздык көз караштарды жакташкан трансценденталисттер, брахмаджьотинин көз уялткан нурунан адашышкан. Бирок, кимде ким Абсолюттук Акыйкатты Анын бүт толуктугунда көргүсү келсе, алгач жыйырма төрт элементтен жогору көтөрүлүп, анан Анын көз уялткан нурунан ары өтүүсү керек. Шри Ишопанишадда, буга, Кудайды жашырган хиранмая-патраны, көз уялткан нурду алып салуу жөнүндөгү дубада ишара бар. Бул жабуу алынып салынгыча жана адам Жогорку Кудай Инсандын чыныгы жүзүн көрмөйүнчө, ал Абсолюттуу Акыйкатты толугу менен түшүнө албайт.
Параматма, Кудайдын инсандык аспекти, – бул Анын үчтөн бир толук экспансиясы, же пуруша-аватаралар деп аталган вишну-таттвасы. Ааламдын ичинде жайгашкан вишну-таттва Кширодакашайа Вишну деп аталат. Так ушул Вишну ааламдагы үч башкы Кудайдын: Брахманын, Вишнунун жана Шиванын бири болуп саналат. Ал – баржокко жайылуучу Параматма, ар бир тирүү жандын жүрөгүндө жайгашкан Улуу Жан. Ааламдагы экинчи вишну-таттва – бул Гарбходакашайа Вишну, бардык тирүү жандардын жалпы Улуу Жаны, алардан жогору, Себеп океанында жамбаштап жаткан Каранодакашайа Вишну турат. Ал бардык ааламдардын жаратуучусу болуп саналат. Йога системасынын олуттуу жолдоочулары мунун жардамы менен, жаралуунун жыйырма төрт элементинин чөйрөсүнүн чегинен сыртка чыгып, ушул вишну-таттваларды түздөн-түз көрө алышат. Сезимтаанымдык философияны үйрөнүү, Кудай Шри Кришнанын трансценденттүү денесинин көз уялткан нуру болгон инсансыз брахмаджьотини түшүнүүгө жардам берет. Брахмаджьоти – бул Кришнадан чыккан нур экендиги Бхагавад-гитада (14.20) жана Брахма-самхитада (5.40) ырасталат:
йасйа прабха прабхавато джагад-анда-коти-
котишв ашеша-васудхади вибхути-бхиннам
тад брахма нишкалам анантам ашеша-бхутам
говиндам ади-пурушам там ахам бхаджами
“Миллиондогон, миллиондогон ааламдарда, ар биринде уникалдуу жашоо шарты бар сансыз планеталар жайгашкан. Жана ушул планеталардын баары брахмаджьотинин бир эле бурчунда жайгашкан. Бул брахмаджьоти мен сыйынган Жогорку Кудай Инсан, Говинданын нурлануусу”.
Брахма-самхитанын бул мантрасында Абсолюттуу Акыйкатты жетик түшүнүү чагылдырылган. А Шри Ишопанишаддын биз талкуулап жаткан шрути-мантрасында, Брахма-самхитада бекитилген, тереңирээк түшүнүккө болгон жолдо, орто баскыч баяндалган. Шри Ишопанишаддын бул мантрасы – Андан брахмаджьоти жабуусун алып салууну жана Өзүнүн чыныгы жүзүн ачуусун суранган, Кудайга кайрылган жөнөкөй эле мантра. Брахмаджьоти нуру Мундака-упанишаданын (2.2.10-12) бир нече мантарларында кеңири баяндалат:
хиранмайе паре коше
вираджам брахма нишкалам
тач чхубхрам джйотишам джйотис
тад йад атма-видо видух
на татра сурйо бхати на чандра-таракам
нема видйуто бханти куто 'йам агних
там эва бхантам ану бхати сарвам
тасйа бхаса сарвам идам вибхати
брахмаиведам амртам пурастад брахма
пашчад брахма дакшинаташ чоттарена
адхаш чордхвам ча прашртам брахмаи-
ведам вишвам идам вариштхам
“Материалдык дүйнөнүн катмарларынын чегинин ары жагында жаткан руханий дүйнөдө, материалдык балиттик тийбеген, Брахмандын чексиз нуру төгүлгөн. Трансценденталисттер бул көз уялткан аппак жарыкты бардык жарыктардын булагы деп эсептешет. Ал дүйнөдө күндүн жана айдын жарыгына, отко же электр кубатына муктаждык жок. Ырас, материалдык дүйнөдө көрүнгөн ар кандай жарык, болгону бул улуу жарыктын учкуну болуп саналат. Бул Брахман алдыда жана артта, түндүктө жана түштүктө, чыгышта жана батышта, анан жогоруда жана төмөндө жайгашкан. Башкача айтканда, Брахмандын улуу нуру материалдык асманды да, руханий асманды да каптап турат”.
Мыкты билим – бул Брахман нурунун алгачкы себеби Кришна экендигин түшүнүү. Бул билимди, Кришна жөнүндөгү илим кеңири баяндалган Шримад-Бхагаватам сыяктуу жазмалардан алса болот. Бхагаватамда анын автору, Шрила Вьясадева, ар кайсы адамдар, алардын Улуу Акыйкатты түшүнүүсүнүн тереңдигине жараша, Аны же Брахман катары, же Параматма катары, же Бхагаван катары баяндашарын белгилеп кеткен. Шрила Вьясадева, Улуу Акыйкат бул джива, кадимки эле тирүү жан деп эч жерде айтпайт. Тирүү жанды эч качан кудуреттүү Улуу Акыйкат деп эсептөөгө болбойт. Эгерде тирүү жан Кудай болчу болсо, ал Кудайга, Ал Өзүнүн көз уялта жалтыраган жабуусун алып салып, Анын чыныгы жүзүн көрүүгө мүмкүндүк берүүсүн суранмак эмес.
Натыйжада, инсансыз Брахманды Улуу Акыйкаттын энергиялары тууралуу эч нерсе билбегендер түшүнөт деп айтса болот. Кимде Кудайдын материалдык энергиялары жөнүндө түшүнүк болсо, бирок руханий энергия жөнүндө эч нерсе же дээрлик эч нерсе билбесе, ал Параматманы түшүнөт. Ошентип, Брахманды жана Параматманы баамдоо – бул Абсолюттуу Акыйкатты жарым-жартылай баамдоо. Бирок качан хиранмайа жабуусу басаңдап, адам Шри Кришнаны, Жогорку Кудай Инсанды, Анын бардык энергиялары менен бирге түшүнгөндө, ал, Васудева деп аташкан Кудай Шри Кришна бүт баары: Брахман, Параматма жана Бхагаван – васудевах сарвам ити экендигин түшүнөт. Ал – Бхагаван, дарактын тамыры, а Брахман жана Параматма – Анын бутактары.
Бхагавад-гитада (6.46-47) үч типтеги трансценденталисттерди салыштыруу анализи жүрөт: инсансыз Брахманга сыйынгандар (гьянилер), Параматмага сыйынгандар (йогдор), жана Кудай Шри Кришнанын берилгендери (бхакталар). Ал жерде айтылган, веда даанышмандыгын изилдешкен гьянилер, катардагы кармилерден жакшыраак, йогдор гьянилерден да жогорураак турушат, а йогдордун ичинен өздөрүнүн болгон күчтөрүн Кудайга кызмат кылууга арнашкандар, эң мыктылардан болушат. Башкача айтканда, философ, өзүнүн эмгегинин натыйжасы менен жыргоо үчүн иштегендерге караганда жакшыраак, философко караганда мистик жакшыраак, а бүт йог-мистиктердин ичинен, дайыма Кудайга кызмат кылып, бхакти-йога жолун кармангандар жакшыраак. Жана Шри Ишопанишад бизге ушул мыктылыкка карай жол ачат.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек