Шри Ишопанишад
Он алтынчы мантра
пушанн экарше йама сурйа праджапатйа
вйуха рашмин самуха теджо
йат те рупам калйана-тамам тат те пашйами
йо 'сав асау пурушах со 'хам асми
пушан —о сактоочу; эка-рше — алгачкы философ; йама — жөнгө салуучу принцип; сурйа —суралардын (улуу берилгендердин) түпкү максаты; праджапатйа —праджапатилердин (адамзатты жаратуучулар) ак санатайы; вйуха — мээримиң менен алып сал; рашмин — нурларын; самуха — суранам, алып сал; теджах — жаркырак; йат — ушундай; те — Сенин; рупам — келбетиң; калйана-тамам — эң берекелүү; тат — кайсы; те — Сенин; пашйами — мен көрө алмакмын; йах — кимде ким; асау — күн сыяктуу; асау — ким; пурушах — Кудай Инсан; сах — өзү; ахам — мен; асми — бар.
О менин Кудайым, о ааламды сактап турган алгачкы философ, о жөнгө салуучу принцип, аруу берилгендердин түпкү максаты, адамзат жаратуучуларынын ак санатайы! Суранам, Өзүңдүн көз уялткан трансценденттүү нурларынды алып салчы, Сенин жыргалга чөмүлгөн келбетиңди көрөйүн. Сен – мен сыяктуу күнгө окшош, түбөлүктүү Жогорку Кудай Инсансың.
КОММЕНТАРИЙ: Күн менен анын нуру бири бирине окшош. Ушул сыяктуу эле, Кудай менен тирүү жандар да сапаты жагынан бири биринен айырмасы жок. Күн бирөө, а анын нурларынан турган бөлүкчөлөрдүн саны чексиз. Күндүн нурлары анын бөлүгүн түзөт, чындыгында Күн өзүнүн нурлары менен бирге Күн болуп саналат да. Күн планетасы – Күн перисинин турагы, жана, ушул сыяктуу, брахмаджьоти нуру чыккан улуу руханий планета, Голока Вриндавана, – Өзүнүн түбөлүк оюндары менен ырахаттанган, Кудайдын турагы. Бул Брахма-самхитада (5.29) ырасталат:
чинтамани-пракара-садмасу калпа-вркша-
лакшавртешу сурабхир абхипалайантам
лакшми-сахасра-шата-самбхрама-севйаманам
говиндам ади-пурушам там ахам бхаджами
“Мен, түбөлүктүү Кудай, уй кайтаруучу, бүткүл тирүү жандардын жаратуучусу, бардык тилектерди аткаруучу, жана тилектерди аткаруучу дарактар менен курчалган философиялык таштан жасалган жайда жашаган Говиндага сыйынам. Ал жакта Ага сүйүү жана урматтоо менен жүздөгөн жана миңдеген ийгилик кудайлары кызмат кылышат”.
Брахма-самхитада, брахмаджьоти, Күн планетасынан чыккан күн нуру сыяктуу рухий дүйнөнүн улуу планетасынан, Голока Вриндавандан чыккан нур болуп саналары жөнүндө айтылат. Адам баласы брахмаджьотинин көз уялткан жаркырак пардасынан өтмөйүнчө, ал Кудай падышалыгы жөнүндө эч нерсе биле албайт. Брахмаджьотинин жарыгынан сокурланышкан, философ-имперсоналисттер Кудайдын жайын да, Анын трансценденттүү келбетин да түшүнө алышпайт. Билимдин жетишсиздиги алардын, Кудай Кришнанын ырахатка бөлөнгөн трансцендентүү келбетин түшүнүүлөрүнө тоскоолдук кылат. Мына эмне үчүн Шри Ишопанишаддын ушул дубасында көз уялткан брахмаджьоти жарыгын алып салуусун жана аруу берилгенине Анын магдыраган трансценденттүү келбетин көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүсүн суранып Кудайга кайрылуу жасалат.
Инсансыз брахмаджьотини таанып билүү менен, адам Кудайдын жыргалдуу аспектин түшүнөт. Параматманы, Кудайдын чар тарапка жайылма аспектин таанып билүү процессинде, йогко андан да жыргалдуу кубаныч келет. Бирок, Жогорку Кудай Инсан менен бетме-бет кездешкенде, берилген жан Кудайдын эң ырахаттуу келбетинин айкындалуусун түшүнөт. Улуу Акыйкатты бул мантрада алгачкы философ, коргоочу жана аалам жакшылыгы деп атайт, ошондуктан Ал эч качан инсансыз болуусу мүмкүн эмес. Шри Ишопанишаддын тыянагы ушундай. Пушан (коргоочу) деген сөз өтө маанилүү, анткени, бардык тирүү жандарды коргоо менен, Кудай Өзүнүн берилгендерине өзгөчө камкордук көрөт. Инсансыз брахмаджьотнин пардасынан ары өтүп жана Кудайдын инсандык аспектин жана Анын магдыраган түбөлүктүү келбетин таанып билип, берилген жан Абсолюттуу Акыйкатты толук түшүнөт.
Бхагават-сандарбхада (3.1.3-6) Шрила Джива Госвами айтат: “Абсолюттуу Акыйкатты, Кудай Инсанды түшүнүү менен толук таанып билишет, себеби Кудай баарынан кудуреттүү жана бардык трансценденттүү энергияларга ээ. Брахмаджьотини түшүнүү Абсолюттуу Акыйкаттын энергияларын толук түшүнүүну болжобойт, ошондуктан, Брахманды түшүнүү – бул Кудай Инсанды жарым-жартылай эле түшүнүү. О илимпоз даанышмандар, бхагаван деген сөздүн биринчи мууну (бха) эки мааниге ээ: биринчиси – “бардык керектүүлөр менен камсыздоочу”, экинчиси – “коргоочу”. Экинчи муун (га) “өткөрүүчү”, “башкаруучу” же ”жараткан” дегенди түшүндүрөт. Ван деген муун, бардык тирүү жандар Анда жайгашышат, а Ал ар бир тирүү жанда жайгашат дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, бхагаван деген трансценденттүү сөз чексиз билим, бийлик, энергия, байлык, күч жана таасир дегенди түшүндүрөт, ошондой болсо да ушул дөөлөттөрдүн эч биринде материалдык балиттиктин кенедей да кошулмасы жок”.
Кудай Өзүнүн аруу берилгендерин бүт керектүүлөр менен камсыз кылат жана аларды кыйшаюусуз, Кудайга болгон сүйүүнү өркүндөтүүгө карай жетелейт. Өзүнүн берилгендеринин башкаруучусу катары, Ал акыр аягында аларга Өзүн белек кылып, көптөн күткөн берилип кызмат кылуу жемиши менен сыйлайт. Кудайдын себепсиз мээриминин арты менен берилгендер Анын жүзүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошентип, Кудай Өзүнүн берилгендерине эң жогорку рухий планетага, Голока Вриндаванга жетүүгө жардам берет. Жаратуучу болгондуктан, Кудай Өзүнүн берилгенине, ал акыр аягында Ага жете алуусу үчүн бардык керектүү сапаттарды бере алат. Кудай себептердин себеби болуп саналат. Башкача айтканда, Кудайдын Өзүндө себеп жок болгондуктан, Ал бүт жаралуунун алгачкы себеби. Ошентип, Ал Өзүнүн ички энергиясын айкындоо менен Өзү менен Өзү ырахаттанат. Сырткы энергия Анын Өзү аркылуу жаратылган эмес, анткени Ал Өзүн, Өзүнүн пуруша экспансиялары кейпинде таратат жана ушул кейиптерде материалдык жаралууну сактап турат. Ушул экспансиялары аркылуу Ал космос айкындалуусун жаратат, сактайт жана жок кылат.
Тирүү жандар да Кудай Инсандын өзүнчө экспансиялары болуп саналышат, жана, алардын кээ бирлери Жогорку Кудайды туурап, бийлик кылууну каалагандыктан, Ал алар өздөрүнүн бийлик кылуу каалоолорун толук канааттандыруусу үчүн, аларга космос жаралуусуна киргенге мүмкүнчүлүк берет. Кудайдын бөлүнгүс бөлүкчөлөрү, тирүү жандардын барлыгы, себеп-натыйжа байланышы механизмин ишке киргизүү менен, айкындалган дүйнөнү кыймылга келтирет. Ошентип, тирүү жандарга, материалдык табияттын үстүнөн бийлик жүргүзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилет, бирок Өзүнүн, пурушалардын бири болгон толук айкындалуусу, Параматма (Улуу рух) кейипинде Кудай Өзү чыныгы башкаруучу болуп кала берет.
Ошентип, тирүү жандардын (атмалардын) жана бийликке ээ болгон Кудайдын (Параматманын) ортосунда, башкача айтканда жан менен Улуу Рухтун ортосунда өтө чоң айырмачылык бар. Параматма бийлик жүргүзөт, а атма Анын бийлигинде, демек, алар ар башка түркүмдөргө киришет. Бирок, Параматма атма менен тыгыз байланышта болгондуктан, Аны тирүү жандын туруктуу жандоочусу деп аташат.
Бардык абалдарда (сергек, уктаган, жана да айкындалбаган абалдарда) болгон, жана джива-шактини, жашоо кубатын, шартталган жана куткарылган жандар кейипинде жараткан Кудайдын чар тарапка жайылуу аспектин Брахман деп аташат. Кудай Параматманын да, Брахмандын да булагы, демек, акыр түбү бардык тирүү жандар жана бүт жаралуу Андан чыгат. Кимде ким ушул акыйкатты түшүнсө, өзүн Кудайга берилип кызмат кылууга арнайт. Мындай аруу жана билими жетик болгон Кудайдын берилгени Ага бүт дили менен байланган, жана, мындай берилгендер бирге чогулушканда, алар Кудайдын трансценденттүү иштерин мактоодон башка нерсе менен алектенишпейт. Кимде ким аруу берилгендердин мыктылык даражасына жетпеген болсо, тагыраак айтканда кимде ким Кудайды Брахман түрүндө же Параматма түрүндө эле тааныган болсо, мыкты берилгендердин иш аракеттеринин маанисин түшүнгөнгө жөндөмсүз. Кудай Өзү аруу берилгендердин жүрөктөрүнө керектүү билимди салуу менен жардам берет. Өзүнүн берилгендерине өзгөчө мээрим төгүп, Ал түркөйлүктүн бүт караңгылыгын таратып жок кылат. Философ-эмпириктер жана йогдор мындайды элестете да алышпайт, анткени аздыр-көптүр деңгээлде жеке жөндөмдүүлүктөрүнө жана күч-аракеттерине ишенишет. Катха-упанишадада (1.2.23) айтылгандай, Кудайды Анын мээримине татыктуу болгондор гана тааныйт, башка эч ким тааный албайт. Кудай мындай өзгөчө мээримин Өзүнүн аруу берилгендерине гана тартуулайт. Ошентип, Шри Ишопанишаддын бул мантрасында, брахмаджьоти айкындай албаган Кудайдын мээрими жөнүндө кеп болду.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек