Шри Ишопанишад
Он жетинчи мантра
вайур анилам амртам
атхедам бхасмантам шарирам
ом крато смара кртам смара
крато смара кртам смара
Вайух - жашоо деми; анилам - аба стихиясы; амртам - талкаланбаган; атха - эми; идам - бул; бхасман там – күлү калгыча күйүт бүткөн соң; шарирам - дене; ом — о Кудай; крато - о бардык курмандыктар менен ырахаттануучу; смара - суранам, эсиңе ал; кртам – мен жасагандардын баары; смара – эси ал; крато – о бардык курмандыктардын улуу ырахаттануучусу; смара – эсиңе алчы; кртам – менин Сен үчүн жасагандарымын баары; смара – суранам эсиңе ал.
Мейли ушул опасыз дене күлү калгыча күйсүн, мейли жашоо деми аба менен куюлушсун. Эми, о менин Кудайым, менин бардык курмандыктарымы эсиңе алчы жана, акыр түбү баары Сенин ырахатың үчүн арналган, Сен үчүн жасагандарымын баарын эсиңе алчы, суранам.
КОММЕНТАРИЙ: Опасыз материалдык дене жандын сырткы катмарынан башка эч нерсе эмес. Бхагавад-гитада (2.20) ачык айтылган, материалдык дене өлгөндөн кийин тирүү жан жок болбойт жана индивидуалдуулугун жоготпойт. Тирүү жан кандай жагдайда болсо да өзүнүн индивидуалдуулугун жана формасын сактайт. Чындыгында материалдык кабык формасыз, себеби ал жок болбос инсандын формасына ылайык өзүнүн сөлөкөтүн алат. Билими тайкы адамдардын ой-пикирине карабастан, өзүнүн баштапкы формасында бардык тирүү жандар формага ээ. Бул мантра, тирүү жан материалдык дененин жок болуусунан кийин да жашай берерин ырастайт.
Материалдык дүйнөдө материалдык табият таң каларлык чеберлик менен тирүү жандар үчүн, алардын сезим ырахаттарына болгон ынтааларына жараша ар түрдүү денелерди жаратат. Ким тезек менен тамактангысы келсе, табият тезек жегенге идеалдуу ыңгайланган материалдык дене, – чочконун денесин берет. Кимде ким башка тирүү жандардын эти жана каны менен тамактангысы келсе, керектүү азуулар жана тырмактар энчиленген жолборстун денесине ээ боло алат. Адам, бирок, эт же тезек жеш үчүн жаратылган эмес. Атүгүл тезек жеш адамдардын эң эле примитивдүүсүнүн башына да келбейт. Адамдын тиштери мөмө жана жер-жемиштерди чайнаганга аябай ыңгайлуу, бирок адамдарга да эки азуу берилген, төмөнкү өнүгүү баскычында тургандары тамакка эт колдоно алуулары үчүн.
Бирок, кандай болбосун, жаныбарлардын да, адамдардын да материалдык денелери тирүү жанга чоочун. Алар, анын кандай сезим ырахатын алууну каалагандыгына жараша өзгөрөт. Эволюция процессинде тирүү жан бир денени башка денеге алмаштырат. Бүткүл дүйнө суу менен капталып турган учурда, тирүү жандар сууда жашоого ыңгайлашкан денелерди алышкан. Анан алар өсүмдүк формасындагы жашоого өтүшкөн. Тирүү жан өсүмдүктөн куртка, курттан – канаттууга, канаттуудан – жаныбарга, а жаныбардан – адамга айланат. Жетик руханий билимге ээ болгон адам, эволюция тепкичинин эң жогорку баскычында турат, а руханий аң-сезимдин өнүгүүсүнүн эң жогорку чекити ушул мантрада баяндалган: адам, күлгө айланчу материалдык денесин калтыруусу, жана жашоо демин түбөлүк аба стихиясы менен куюлушууга мүмкүндүк берүүсү керек. Тирүү жан, прана-ваю деп аталган, ар түрдүү аба агымдарынын айлануусунун натыйжасында өзүнүн денесинде кыймыл аракет жасайт. Йогдор негизинен өздөрүнүн денесиндеги аба агымдарын башкарууну үйрөнүшөт. Ошентип, жан бир айлампа баскычынан, жашоо деми айланган экинчи айлампа баскычына, эң жогорку аба мерчими, брахма-рандхага жеткиче көтөрүлөт. Буга жетип, эң мыкты йог ааламдын кайсы болбосун планетасына өз калоосу менен бара алат. Ошол эле кезде ал бир материалдык денени таштап, башка материалдык денеге кирүүсү керек. Бирок эң жогорку мыктылыкка, бул мантрада айтылгандай, материалдык дене менен толук айрылууга жөндөмдүү болгон тирүү жан ээ болот. Мындай жан руханий чөйрөгө кирип, таптакыр башка типтеги – өзгөрүүлөргө кабылбай турган жана өлүмгө баш ийбеген, руханий дене алат.
Материалдык дүйнөдө материалдык табият тирүү жанды, анын ар түрдүү сезим ырахаттарына умтулуусунан улам денесин алмаштырганга аргасыз кылат. Микробдон баштап, Брахма жана перилер сыяктуу эң сонун материалдык денеге ээ болгон тирүү жанга чейин, тирүү жандын ушул сыяктуу каалоолору бар экендигин көрсөтөт. Тирүү жандардын баары ар түрдүү кейиптеги материалдык денелерге ээ, жана акыл-эстүү адам алардын биримдигин денелердин ар түрдүүлүгүнөн эмес, тирүү жандардын руханий табиятынан көрөт. Чочконун денесинде да перинин денесинде да, Жогорку Кудайдын бөлүнгүс бөлүкчөсү болгон бирдей эле рухий учкун бар. Тирүү жан өзүнүн сооп же күнөө иштерине жараша ар түрдүү дене алат. Адам денеси өнүгүүнүн өтө жогорку баскычында турат жана толук өнүккөн аң-сезимге ээ. Бхагавад-гитага (7.19) ылайык, адамдардын эң мыктысы, акыйкатты таанууга арналган көптөгөн көптөгөн жашоодон кийин Кудайга жан-дили менен берилет. Акыйкатты таануу процесси качан таануучу өзүн Жогорку Кудайга, Васудевага тапшырганда гана эң жогорку чекке жетет. Ансыз, кимде ким өзүнүн руханий табиятын тааныган болсо да, материалдык чөйрөгө кайра кулоого жана тирүү жандар бүтүндүн ажырагыс бөлүкчөлөрү экендигин жана эч качан өзүлөрү бүтүн боло алышпастыгын баамдап билмейинче мында калууга аргасыз. Атүгүл мындай тагдыр брахмаджьоти менен куюлушкандарды да күтөт.
Биз жогорудагы мантралардан билгендей, Кудайдын трансценденттүү денесинен чыккан брахмаджьоти, рухий учкундардан турат. Өнүккөн индивидуалдуу аң-сезимге ээ болгон рухий учкундарда, кээде өзүнүн туйгуларын канааттандыруу ниети пайда болот, жана ошондуктан алар материалдык дүйнөгө түшүшөт да, өздөрүнүн туйгуларынын өкүмүнө баш ийишип, жалган Кудайларга айланышат. Үстөмдүк кылуу каалоосу – бул тирүү жандын материалдык оорусу, андыктан, материалдык ырахаттар менен сыйкырлангандыктан, ал бул дүйнөдө бир денеден экинчи денеге көчүүгө аргасыз. Брахмаджьоти менен куюлушуу да тирүү жандын билиминин жетик эместигин көрсөтөт. Кудайга толук берилүү менен жана өзүбүздө руханий кызмат кылганга шыгыбызды өнүктүрүү менен гана, эң жогорку мыктылыкка жете алабыз.
Бул мантрада тирүү жан ага материалдык денени калтырып жана материалдык жашоо деми менен айрылышып, Кудайдын руханий падышалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү жалбарып суранат. Берилген жан Кудайдан, анын материалдык денеси күлгө айланганга чейин анын баардык жасагандарын, анын бардык курмандыктарын эстөөнү жалбарып суранат. Ал бул дубаны ажал келген мезгилде, өзүнүн бардык мурдагы ишмердиктерин эсине түшүрүп, өзүнүн түпкү максатын түшүнүү менен айтат. Кимде ким материалдык табияттын бийлигинде турса, акырында, анын материалдык денеси тирүү кезде жасаган бүт кара ниет жүрүм-турумдарын эстейт, ошондуктан өлгөндөн кийин ал башка материалдык дене алат. Бхагавад-гита (8.6) бул акыйкатты ырастайт:
йам йам вапи смаран бхавам
тйаджатй анте калеварам
там там эваити каунтейа
сада тад-бхава-бхавитах
“О Кунтинин уулу, адам денесин калтырып аткан учурда болмуштун кандай абалы жөнүндө эстесе, ал ошол абалга жетет”.
Ошентип ажал келген учурда тирүү жандын акылы аны анын өнөкөттөрү менен бирге кийинки жашоого которот.
Акылы өнүкпөгөн примитивдүү жаныбарлардан айырмаланып, өлүп бараткан адам, жашоосунда жасаган, түш сыяктуу анын эс тутумунан каалгып чыгуучу жүрүм-турумдарын эстей алат. Ошондуктан анын акылы атүгүл ушул мезгилде да, аны рухий дене алуу жана рухий падышалыкка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, материалдык каалоолорун сактайт. Бирок берилгендер, Кудайга кызмат кылуу менен өздөрүндө Ага болгон сүйүүнү өнүктүрүшөт. Атүгүл эгерде берилген жан өлүм учурунда өзүнүн Кудайга болгон кызматын эстей албаса да, Кудай аны унутпайт. Бул дубаны Кудайга, берилген жан жасаган курмандыктар жөнүндө эскертүү үчүн айтышат, бирок мындай эскертүүсүз деле Кудай Өзүнүн аруу берилгенинин кызматы жөнүндө унунпайт.
Бхагавад-гитада (9.30-34) Кудай, Аны берилгендер менен байланыштыруучу жакын мамилелерди баяндаган: “Атүгүл эгерде адам эң жаман жоруктарды жасап, бирок таза берилип кызмат кылуу менен алектенсе, аны такыбаа деп эсептөө керек, себеби ал туура жолдо. Ал өтө тез оңолот жана тынч алат. О Кунтинин уулу, кимге болбосун коркпой айт, Менин берилгеним эч качан өлбөйт. О Притхинин уулу, кимдер Менин колдоому кабыл алышса, алардын тегинин төмөн экендигине, аялдар, вайшьилер [соодагерлер] же шудралар [жумушчулар] экендигине карабай эң жогорку максатка жете алышат. Ак санатай брахмандар, берилгендер жана ыйык падышалар алардан канчалык жогору турушат! Ошондуктан, өтүп кетме, азапка толгон дүйнөгө келүү менен, өзүңдү Мага кызмат кылууга арна. Ар дайым Мен жөнүндө ойлон, Менин берилгеним бол, Менин алдыма жыгылып, Мага урмат көрсөт, жана Мага сыйын. Ушинтип, Мага толук берилүү менен, сен, шексиз, Мага келесиң”.
Шрила Бхактивинода Тхакур Гитанын бул ырларын мындайча түшүндүрөт: Кришнанын берилгени, анын кемчиликтүү мүнөздүү (су-дурачара) болуп көрүнгөндүгүнө карабай олуялардын акыйкат жолунда экендигин түшүнүү керек. Су-дурачара деген сөздүн маанисин туура түшүнүү керек. Шартталган жан эки функцияны аткарууга муктаж: ал өзүнүн дене тиричилигин кубаттоосу жана ошол эле учурда өзүн-өзү таануу жолунда болуусу керек. Социалдык абал, акыл жактан өнүгүү, гигиена, такыбаалык, тамактануу жана өзүн-өзү коргоо – булардын баары дене тиричилигин кубаттоого кирет. Өзүн-өзү таануу милдетин айтчу болсок, анда адам аны, Кудайга берилип кызмат кылуу менен аткарат, өз кезегинде бул да ишмердүүлүк менен байланыштуу. Бул эки функцияны бир эле учурда аткаруу зарыл, себеби шартталган жан денесине толук кам көрбөй кое албайт. Бирок биздин, денеге кам көрүү менен байланышкан ишмердүүлүккө жумшаган энергиябыздын үлүшү, берилип кызмат кылууга жумшалган энергиябыздын үлүшүнүн көбөйүүсүнө пропорционалдуу азаят. Адам, берилип кызмат кылуунун белгилүү деңгээлине жетмейинче, дүнүйөлүк сапаттардын капыстан чыгуу мүмкүндүгү сакталат, бирок бул өтө көпкө созулуусу мүмкүн эмес экендигин белгилөө керек, себеби Кудайдын ырайымы менен бул сыяктуу кемчиликтерден ал өтө тез арылат. Ошондуктан берилип кызмат кылуу жолу – жападан-жалгыз туура жол. Эгерде кимде ким туура жолдо болсо, дүнүйөлүк сапаттардын капыстан чыгуусу да анын өзүн-өзү таанууга болгон алгалоосун токтотпойт.
Имперсоналисттер мындай берилип кызмат кылуу артыкчылыгынан ажыраган, себеби Кудайдын брахмаджьоти аспектине байланып алышкан. Жогорку мантраларда айтылгандай, имперсоналисттер брахмаджьотинин чегинен ары чыга алышпайт, себеби Кудай – инсан экендигине ишенишпейт. Аларды казуистика жана ой жүгүртүүгө негизделген философиялык түзүлүштөр кызыктырат, ошондуктан Бхагавад-гитанын (5-ыр) он экинчи бапында ырасталгандай, алардын эмгеги натыйжасыз.
Бул мантрада айтылган мүмкүнчүлүктөрдү Абсолюттуу Акыйкаттын инсандык аспекти менен туруктуу карым-катнаш орнотуу аркылуу оңой эле алса болот. Кудайга берилип кызмат кылуу, аныгында, тогуз трансценденттүү ишмердиктен турат: 1) Кудай жөнүндө баяндарды угуу; 2) Кудайды мактоо; 3) Кудайды эскерүү; 4) Кудайдын лотостуу таманына кызмат кылуу; 5) Кудайга сыйынуу; 6) Кудайга жалбаруу менен дубаларды айтуу; 7) Кудайга кызмат кылуу; 8) Кудай менен достук мамиледе болуу; 9) Кудай үчүн толук өз напсисинен баш тартуу. Бул тогуз берилип кызмат кылуу процесстери, баары биригип же ар бири өзүнчө берилген жанга ар дайым Кудай менен байланышта болууга жардам берет, ошондуктан өмүрүнүн аягында берилген жанга Кудайды эстөө кыйын эмес. Бул методдордун бирөөсүн эле колдонуу Кудайдын көптөгөн улуу берилгендерине эң жогорку мыктылыкка жетүүгө мүмкүндүк берген: 1) Шримад-Бхагаватамдын каарманы, Махараж Парикшит, көздөгөн максатына Кудай жөнүндө баяндарды угуу аркылуу жеткен; 2) Шримад-Бхагаватамдын аңгемечиси, Шукадева Госвами, Кудайды мактоо менен мыктылыкка жеткен; 3) Акрура көздөгөн натыйжага Кудайга жалбарып дубаларды айтуу менен жеткен; 4) Прахлада Махараж көздөгөн максатына, Кудай жөнүндө эскерүү менен жеткен; 5) Притху Махараж мыктылыкка, Кудайга сыйынуу менен жеткен; 6) ийгилик Кудайы Лакшми мыктылыкка Кудайдын лотостуу таманына кызмат кылуу менен жеткен; 7) Хануман көздөгөн максатына Кудайга түздөн-түз кызмат кылуу менен жеткен; 8) Аржуна көздөгөн максатына, Кудай менен достошуу аркылуу жеткен; 9) Бали Махараж көздөгөн максатына, колунда болгон нерсесинин баарын тартуулоо менен жеткен.
Чындыгында, веда гимндеринин башка бардык мантралары сыяктуу бул мантранын маанисин түшүндүрүү, Веданта-сутрада кыскача берилет, а кененирээк булар Шримад-Бхагаватамда түшүндүрүлөт. Шримад-Бхагаватам – веда даанышмандык дарагынын бышкан мөмөсү. Шримад-Бхагаватамда бул мантра Махараж Парикшит менен Шукадева Госваминин ортосундагы маектин эң баш жагында түшүндүрүлгөн. Кудай жөнүндөгү илимди түшүндүрүүнү угуу жана укканды кайталап айтуу Кудайга кызмат кылуунун башкы принциптери болуп саналат, ошондуктан Махараж Парикшит, Шукадева Госвами баяндаган Бхагаватамдын баарын укту. Махараж Парикшит Шукадевага суроолорду берди, себеби ал ошол учурдагы улуу йогдордун жана трансценденталисттердин арасындагы эң көрүнүктүү рухий устат болчу.
Махараж Парикшит тарабынан берилген эң маанилүү суроо, ажал алдында турган адамдын милдети эмнеде экендиги жөнүндө болчу. Шукадева Госвами жооп берди:
тасмад бхарата сарватма
бхагаван ишваро харих
шротавйах киртитавйаш ча
смартавйаш чеччхатабхайам
“Бардык азаптардан кутулгусу келгендердин ар бири, дайыма, бүт жаралуунун өкүмдары, бардык кыйынчылыктарды жойуучу, бардык тирүү жандардын Улуу Руху болгон, Жогорку Кудай жөнүндөгү баяндарды угууга ашыгуусу, Аны эскерүүсү жана Аны мактоосу керек” (Бхаг., 2.1.5).
Цивилизациялуу деп аталган элдер, түнкүсүн уйку же жыныстык катнаш менен, а күндүзү өзүнүн үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн колунан келишинче көп акча тапканга аракет кылышат же дүкөндөргө барышат. Элдерде Жогорку Кудай жөнүндө айтууга же Ал жөнүндө суроо салууга убакыт калбайт. Азыр элдер бардык болгон ыкмалар менен, эң эле алгач Аны инсансыз деп жарыялап, башкача айтканда, сезимдик кабыл алуу жөндөмүнөн ажыраган деп, Кудайдын барлыгын жокко чыгарганга аракет жасашат. Бирок, Упанишада, Веданта-сутра, Бхагавад-гита же Шримад-Бхагаватам болобу, веда чыгармаларында, Кудай сезүү жөндөмүнө ээ жана бардык тирүү жандардын өкүмдары болуп саналары айтылган. Анын даңктуу иштеринин Анын Өзүнөн айырмасы жок. Ошондуктан саясатчылардын жана дүйнө улууларынын маанисиз иштери жөнүндө угуп же айтып, өзүбүздүн баалуу убакытыбызды текке кетирбөөбүз керек. Мунун ордуна өз жашообузду биздин ар бир секундабыз Кудайга кызмат кылууга арналгандай кылып уюштуруубуз керек. Жана Шри Ишопанишад бизди ушундай такыбаа иштерге үндөйт.
Өлүм учурунда, организмдин бардык функциялары бузулган учурда, эгерде ал берилип кызмат кылуу менен алектенбеген болсо, адамдын эсине эмне келет? Ал кудуреттүү Кудайдан анын кумандыктарын эстөөнү кантип жалбарып сурайт? Курмандык өз туйгуларын канаатандыруудан өз эрки менен баш тартуу дегенди түшүндүрөт. Бүт өмүрүбүздү өз туйгуларыбызды Кудайга берилип кызмат кылууга арнап, бул искусствону үйрөнүүбүз зарыл. Жана ошондо, өлүм учурунда биз өзүбүздүн эмгегибиздин жемишин колдоно алабыз.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек