Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Кайрылуу

ом пурнам адах пурнам идам
пурнат пурнам удачйате
пурнасйа пурнам адайа
пурнам эвавашишйате

ом — Толук Бир бүтүн; пурнам — толук бүткөн; адах — көп ирет; пурнам — бүтүн; идам — ушул жаралган дүйнө; пурнат — эң сонундан; пурнам — бүткөн бөлүгү; удачйате — жаратылган; пурнасйа — Толук Бир бүтүндөн; пурнам — толук; адайа — бөлүнгөн; пурнам — эң жакшы теңдикте; эва — карабастан; авашишйате — калат.

Кудай Инсан баарынан улуу, ошондуктан Ал абсолюттуу жана баарынан жогору, Андан чыккандын баары, анын ичинде ушул жаралган дүйнө, бардык керектүүлөр менен камсыз болгон, ошондуктан өзү да Толук Бир бүтүн болуп саналат. Толук Бир бүтүндөн чыккандын баары толуктукка ээ. Андан ушунчалык көптөгөн бүтүрүлгөн бөлүкчөлөр чыкканына карабай Толук Бир бүтүндөй эле, Ал эң жогорку теңдикте турат.

КОММЕНТАРИЙ: Толук Бир бүтүн, Эң жогорку Абсолюттуу Акыйкат, - бул кемчиликсиз Кудай Инсан. Инсансыз Брахманды таануу деген Абсолюттуу Бүтүндүктүн бир эле аспектин таануу дегендик, бул Параматмага, Улуу Рухга карата да адилеттүүлүк эмеспи. Жогорку Кудай Инсан бул сач-чид-ананда-виграха. Инсансыз Брахманды таануу – бул Анын сат аспектин, башкача айтканда түбөлүктүүлүк аспектин таануу, Параматманы, Улуу Рухту таануу, - сат жана чит, түбөлүктүүлүктү жана билимди, а Кудай Инсанды таануу – бул Анын бардык аспекттерин – сат, чит жана ананданы (ырахатты) таануу. Качан адам Кудай Инсанды тааныганда, ал ушул аспекттердин баарын, анын бүт толуктугунда таанып билет. Жогоруда айтылгандай, Жогорку Кудай Инсан - бул сач-чид-ананда-виграха. Виграха форма дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, Толук Бүтүндүк формасыз эмес. Эгерде Анын формасы жок болсо же Өзү жараткандардын кайсы биринен калышса, Аны толук деп атоого мүмкүн эмес. Толук Бир бүтүндүк биздин тажрыйбабызга ылайык келген же ылайык келбеген бардык нерсени өзүнө камтуусу керек, ансыз Ал толук болбойт.

Толук Бир бүтүн, Кудай Инсан, ченемсиз энергияларга ээ, жана алар да Кудайдын өзүндөй эле ушунчалык сонун. Мына эмне үчүн ушул жаралган дүйнө да өзүнчө баалуу жана эң сонун. Жыйырма төрт элементтен турган, убактылуу жаралган материалдык аалам, ушул ааламдын жашоосун кубаттап туруу үчүн бардык керектүүлөрдү өндүрүп чыгарганга жөндөмдүү. Анын жашоосун кубаттоо үчүн, сырттан эч кандай күч колдонуунун кажети жок. Бул ааламдын жашап туруусу үчүн Толук Бир бүтүндүн энергиясы менен чектелген, белгилүү убакыт бөлүнгөн. Жана качан ал бүткөндө, Толук Бир бүтүндүн жогорку планына ылайык бул убактылуу жаратылыш жок кылынат.

Кенедей толук баалуу бөлүкчөлөргө (тирүү жандарга) Толук Бир бүтүндү түшүнүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилген; ар кайсы кемчиликтер – болгону Толук Бир бүтүн жөнүндөгү алардын билиминин толук эместиги. Адам формасындагы жашоо, тирүү жанга, өзүнүн аң-сезимин таануусу үчүн толук мүмкүнчүлүк берет. Тирүү жан муну эволюция процессинде, 8 400 000 жашоо түрүндө, анын ар биринде ырааттуу түрдө жашап өтүү менен алат. Эгерде, бул жогорку аң-сезим энчиленген форманы алуу менен, адам Толук Бир бүтүндүн составындагы өзүнүн жогорку бүтүндүгүн сезбесе, анда ал өзүнүн баалуулугун аңдап билүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып, материалдык табияттын закондоруна баш ийүү менен, кайрадан эволюция циклине түшөт.

Табиятта биздин жашообузду камсыздай турган бардык керектүүлөр бар экенин түшүнбөстөн, сезим ырахаттарына арналган, толук кандуу жашоо деп аталган шартты түзүү үчүн жаратылыш ресурстарын колдонууга аракет жасайбыз. Бирок мындай, акыйкат жолунан чыгарган жашоо жалган деп эсептелинет, анткени, эгер тирүү жан Толук Бир бүтүн менен байланышта болбосо, ал сезимдер жашоосу менен ырахаттана албайт. Мисалы, кол денеге уланып турган учурда гана бир бүтүндүн толук жарамдуу бөлүгү болуп саналат. Эгер колду кесип салса, анда ал кол катары көрүнгөнү менен, колдун бардык касиеттеринен ажырайт. Ушул сыяктуу эле, тирүү жандар Толук Бир бүтүндүн бөлүнбөс бөлүкчөлөрү болуп эсептелет, жана, алар Толук Бир бүтүндөн бөлүнүп турган учурда, алардын өздөрүнүн мыктымын деген жалган элестөөлөрү аларга көздөгөндөй канааттануу алып келбейт.

Адам качан Толук Бир бүтүнгө кызмат кылган учурда гана өзүнүн толук баалуулугун баамдайт. Бул дүйнөдөгү ар кандай башка кызматтар – социалдык, саясий, коомдук, эл аралык же атүгүл планеталар аралык болобу – адам баласы аны Толук Бир бүтүнгө кызмат кылуу менен байланыштырбаса, толук кандуу болбостон кала берет. Бирок, качан тирүү жандар, Толук Бир бүтүндүн бөлүкчөлөрү, кандайдыр Аны менен байланышта, колдорунан келгенин жасашканда, алар да толук кандуу болуп калышат.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада