Шри Ишопанишад
Он сегизинчи мантра
агне найа супатха райе асман
вишвани дева вайунани видван
йуйодхй асмадж джухуранам эно
бхуйиштхам те нама-уктим видхема
агне - о менин от сыяктуу чексиз күчтүү Кудайым; найа – башта; супатха –туура жол менен; райе – Сага жетүү үчүн; ас манн - бизди; вишвани - баары; дева – о менин Кудайым; вайунани - аракеттер; видван - билүүчү; йуйодхи – ырайымың менен жок кыл; асмат - биздин; джухуранам – жолдогу бардык тоскоолдуктарыбызды; энах – бардык кемчиликтерибизди; бхуйиштхам - сансыз; те - Сага; намах-уктим – урмат көрсөткөн сөз ; видхема – мен тартуулайм.
О менин от сыяктуу чексиз күчтүү Кудайым, мен Сенин лотостуу таманыңа жыгылам жана Сага өзүмүн таазимдерими тартуулайм. О менин Кудайым, суранам, мен сага жетүүм үчүн, мени туура жолго башта, жана, себеби Сен, менин мурда эмне жасагандарымын баарын билесиң, менин алга жылуума эч нерсе жолтоо болбогудай кылып, менин күнөөлөрүмүн кесепеттеринен мени куткар.
КОММЕНТАРИЙ: Качан берилген жан бардык жактан Кудайга гана ишенип жана Анын себепсиз ырайымын жалбарып сураганда, ал өзүн өзү таануу мыктылыгына алпаруучу жолдо жолтоосуз алга жыла алат. Бул Кудайга кайрылган дубада, Аны отко салыштырышат, себеби Ал эмне болсо ошонун баарын, анын ичинде Ага берилген жандын бардык күнөөлөрүн мүлдө күйгүзүп салганга жөндөмдүү. Жогорку мантраларда айтылгандай, Кудай Инсан Абсолюттун акыйкат, же улуу аспекти болуп саналат, а Анын инсансыз айкындалуусу, брахмаджьоти, – бул Кудайдын жүзүн жашырган көз уялткан жаркырак. Карма ишмердиги, башкача айтканда карма-канда өзүн-өзү таануу жолу, – өзүн-өзү таануунун жарыбаган формасы. Качан ушул жолдо жүргөн адам, Веданын жөндөөчү принциптеринен, бираз четтесе эле, анын ишмердиги викармага айланат, башкача айтканда, аны жасап аткандын өзүнө каршы болот. Адашкан тирүү жан мындай аракеттерди өзүнүн туйгуларын канааттандыруу үчүн гана жасайт, жана ошентип булар өзүн өзү таануу жолунда жолтоо болушат.
Өзүн-өзү таанууга адамдын жашоо формасында гана жетүүгө мүмкүн. 8 400 000 жашоо түрү бар, анын ичинен брахман маданиятында тарбияланган адам гана, Трансценденттүүнү түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Брахман маданияты адамды чынчылдык, өз напсисин башкара алгандык, чыдамкайлык, жөнөкөйлүк сыяктуу сапаттарга тарбиялайт, ага Кудай жөнүндө толук билим жана бекем ишеним берет. Брахман тарбиясы адамга өзүнүн жогорку тектүүлүгү менен текеберленүүнү үйрөтүүгө алып барбайт. Жогорку чиндүү аткаминердин баласы коомдо жогорку чинге жетүүгө мүмкүнчүлүгү болгондой эле, брахмандын баласында да брахман болууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок брахмандын үйүндө төрөлгөн адамдын артыкчылыгы, аны брахман кыла албайт. Мындай болуу үчүн ал брахмандын сапатына ээ болуусу кажет. Эгерде брахмандын баласы өзүнүн теги менен текеберленип, өзүндө чыныгы брахмандык сапатты өнүктүрүүсү керектигин унутса, ал өзүн-өзү таануу жолунан чыгып бузулат, жана, ошентип, ага адам болгону үчүн тапшырылган вазийпасын аткара албайт.
Бхагавад-гитада (6.41-42) Кудай, йога-бхраштам, өзүн-өзү таануу жолунан чыгып кеткен жандарга, кийинки жашоосунда такыбаа брахмандын же бай соодагердин үйүндө жарыкка келүүсүнүн натыйжасында оңолууга мүмкүндүк берилерине бизди ишендирет. Мындай үй-бүлөлөрдө төрөлгөн адамда, өзүн-өзү таанууга көп мүмкүнчүлүк бар. Бирок эгерде адам иллюзиянын таасирине түшүп, бул артыкчылыктарды туура эмес колдонсо, анда ал, Кудуреттүү Кудай белеги, адам формасындагы жашоо берген оңтойлуу мүмкүнчүлүктөрдөн айрылат.
Жөндөөчү принциптер ушундай, аны тутунгандардын ар бири, карма ишмердиги баскычынан трансценденттүү билим баскычына көтөрүлөт. Трансценденттүү даанышмандыкты үйрөнүүгө арналган көптөгөн жашоолордон кийин, адам мыктылыкка жетет жана Кудайга берилет. Адатта жол ушундай. Бирок кимде ким, Кудайга берилип кызмат кылууну баштап, дароо эле берилсе, ушул мантрада сунушталгандай, өнүгүүнүн баштапкы тепкичтеринен аттап өтөт. Бхагавад-гитада (18.66) айтылгандай, Кудай мындай берилген жанды, ошол эле замат Өзүнүн колдоосуна алат жана аны, анын бардык күнөөлөрүнүн таасиринен куткарат. Карма-канда чегиндеги ишмердик көптөгөн бузуку жоруктар менен байланышкан, философиялык өнүгүү жолунда (гьяна-кандада) мындай иш-аракеттердин саны азаят. Бирок Кудайга берилип кызмат кылууда, бхакти жолунда, чындыгында күнөөлөрдүн таасири нөлгө барабар. Кимде ким Кудайдын берилгени болсо, брахмандын сапаты тургай, Кудайдын Өзүнүн бардык сапаттарын алат. Курмандык чалуу өткөргөнгө укугу бар, дасыккан брахмандын сапаты, брахмандын үйүндө төрөлбөсө деле, берилген жанда өзүнөн өзү өнүгөт. Кудайдын кудурети ушундай. Ал брахмандын үйүндө төрөлгөн адамды, коомдун эң төмөнкү катмарына кирген, ит жегичтин деңгээлине түшүрүп, жана берилип кызмат кылуу менен алектенген, жек көрүндү ит жегичти тажрыйбалуу брахмандын деңгээлине, атүгүл андан да жогорку деңгээлге көтөрүп кое алат.
Кудуреттүү Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө жайгашкан, ошондуктан Ал Өзүнүн чын пейил берилгенин акыйкат жолго чыгара алат. Кудай мындай насааттарды Өзүнүн берилгендерине гана, атүгүл алар өздөрү башка нерселерди каалашкандарына карабай берет. Башкалар жөнүндө эмне айтса болот, аларга Кудай өздөрүнүн коркунучтары жана тобокелдиктери менен аракет кылганга мүмкүндүк берет, бирок Өзүнүн берилгенине Кудай катачылыктарды жасаганга уруксат бербейт. Шримад-Бхагаватамда (11.5.42) айтылган:
сва-пада-мулам бхаджатах прийасйа
тйактанйа-бхавасйа харих парешах
викарма йач чотпатитам катханчид
дхуноти сарвам хрди саннивиштах
Кудай, Анын лотостуу таманынан калканч тапкан Өзүнүн берилгенине ушунчалык кайрымдуу, эгерде ал кээде викарманын (Веда көрсөтмөлөрүнө каршы келген иштердин) тузактарында чаташып калса, берилген жандын жүрөгүндө жайгашкан Кудай, дароо эле анын каталарын оңдойт, анткени берилгендер Ага өтө кымбат.
Шри Ишопанишаддын ушул мантрасында берилген жан, Кудайдан анын жүрөгүн тазалоосун жалбарып сурайт. Адамда жаңылуу өзгөчөлүгү бар. Шартталган жан улам-улам жаңылыштык кетирет, жана бул кокустан болгон күнөөлөрдөн сактануунун жалгыз ыкмасы – бул, Кудай Өзү шартталган жанды, анын жолуна коюлган бардык тузактардан кутулуусуна жардам берип, өмүр бою эрчитүүсү үчүн Анын лотостуу таманына берилүү. Ага толук берилгендерди Кудай Өзүнүн колдоосуна алат. Ошентип, жөн эле Кудайга берилип жана Анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен, бардык көйгөйлөрүбүздү чечсек болот. Ак ниеттүү берилген жан мындай көрсөтмөлөрдү эки булактан алат: же касиеттүүлөрдөн, рухий устаттан жана ыйык жазмалардан, же ар биринин жүрөгүндө жайгашкан Кудайдын Өзунөн. Ошентип, веда даанышмандыгын түшүнгөн берилген жан ишенимдүү коргоодо.
Веда билими трансценденттүү, аны материалдык билимдерди алган сыяктуу ыкмалар менен алууга мүмкүн эмес. Веда мантраларын Кудайдын жана рухий устаздын ырайымы менен гана түшүнүүгө болот (йасйа деве пара бхактир йатха деве татха гурау). Эгерде адам чыныгы рухий устазды тапса, бул деген, ал Кудайдын ырайымын тапты деген. Кудай берилген жанга рухий устаз кейпинде келет. Демек, берилгендерди рухий устаз, веда жазмалары жана Кудай Өзү ички дүйнөсү аркылуу жетектейт, ошондуктан берилгенге материалдык иллюзиянын баткагына батуу коркунучу жок. Ошентип, берилген жан ишенимдүү коргоодо, жана ага жогорку мыктылыкка жетүү гарантияланган. Бул мантра ушул процессти гана көрсөтөт, а Шримад-Бхагаватам (1.2.17-20) аны дагы да кененирээк баяндайт: Кудайдын улуулугу жөнүндөгү баяндамаларды угуунун жана Анын даңкын мактап ырдоонун өзү эле такыбаалык ишмердик болуп саналат. Кудай – бардык тирүү жандардын жакшылык каалоочусу, ошондуктан, Ал ар бири Ал жөнүндө угуусун жана Аны мактоосун каалайт. Кудайдын улуулугу жөнүндөгү баяндамаларды угуу жана Анын даңкын мактап ырдоонун арты менен адам бардык көңүлгө туура келбеген нерселерден тазаланат, жана анын Кудайга берилгендиги бекемделет. Бул баскычта берилген жан өзүндө брахмандык сапаттарды өнүктүрөт жана табияттын төмөнкү гуналарынын (ышкыбоздук жана караңгылык) таасиринен толук чыгат. Берилип кызмат кылуунун аркасы менен ал мыкты билим алат, жана ошентип ага Кудайга алпаруучу жол, жана ушул жол менен кантип кетүү жөнүндөгү түшүнүк ачылат. Качан анын шектенүүлөрү таркаганда, ал Кудайдын аруу берилгенине айланат.
Бхактиведантанын, Жогорку Кудай Инсан, Кришнага адамды жакындата турган билим камтылган Шри Ишопанишадга болгон комментарийи ушинтип аяктайт.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек