Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Автор жөнүндө

Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада 1896 – жылы Калькуттада (Индия) жарык дүйнөгө келген. Ошол жерде эле, Калькуттада, 1922 – жылы өзүнүн рухий устаты Шрила Бхактисиддханта Сарасвати Госвами менен алгачкы жолу жолуккан. Залкар философ жана алтымыш төрт Гаудия-матхтын (веда уюму) негиздөөчүсү Бхактисиддханта Сарасватиге, билимдүү жаш жигит жакты, жана ал аны жашоосун веда окуусун таратууга арноосуна көндүрдү. Ошентип ал, он бир жылдан кийин андан расмий түрдө шакирттикке наам алган Шрила Прабхупаданын рухий устаты болуп калды.

Алардын алгачкы жолугушуусунда Шрила Бхактисиддханта Сарасвати Тхакур, Шрила Прабхупаданы веда билимин англис тилинде таратууга чакырды. Кийинки жылдары Шрила Прабхупада Гаудия-матханын ишине жардам берип жүрдү, “Бхагавад-гитага” комментарий жазды, а 1944 – жылы, англис тилинде айына эки жолу чыккан “Бэк ту Годхед” (“Кайра Кудайга карай”) деген аталышта журнал чыгара баштайт. Учурда анын шакирттери бул журналды дүйнөнүн отуздан ашуун тиледеринде чыгарууну улантышууда.

1947 – ж. Гаудия-вайшнавдар Коому, Шрила Прабхупаданын философиялык билимине жана анын Кудайга берилгендигине баа берип, ага “Бхактиведанта” деген наам беришет. 1950 – жылы, элүү төрт жашында Шрила Прабхупада, убактысынын баарын илимий иштерге жана адабий эмгекке арноо үчүн ванапрастха кабыл алып, үй-бүлөлүк жашоону таштайт. Ал ыйык шаар Вриндаванга жайланышып, өтө жөнөкөй шартта белгилүү Радха-Дамодара храмында жашайт. Бир нече жылдар бою Шрила Прабхупада илимий жана адабий иштер менен толук алек болот. 1959 – жылы, саньяси кабыл алып, дүнүйө иштеринен кечет. Так ошол Радха-Дамодара храмында Шрила Прабхупада өзүнүн шедевринин – он сегиз миң ырдан турган, санскрит тилиндеги классикалык философиялык чыгарма “Шримад-Бхагаватамга” (“Бхагавата-Пуранага”) болгон көп томдуу котормолорунун жана комментарийлеринин үстүнөн жумушун баштаган. Ошол эле жерде ал “Башка планеталарга жеңил саякат” аттуу кичинекей китеп жазган.

1965 - жылы, “Шримад-Бхагаватамдын” алгачкы үч томун чыгарып, Шрила Прабхупада, ага рухий устаты жүктөгөн тапшырманы аткаруу үчүн АКШга сапар алат. Кийинки жылдары ал алтымыштан ашуун которулган томдорду, комментарийлерди, философия жана дин боюнча индия классикалык эмгектеринин обзордук чыгармаларын жарыкка чыгарды.

1965 - жылдын сентябрында, Шрила Прабхупада жүк ташуучу кеме менен Нью-Йоркко келгенде, анын эч кандай каражаты жок болчу. АКШда бир жылдай жашап жана көптөгөн тоскоолдуктарды жеңип, 1966 – жылдын июль айында ал Эл аралык Кришна аң-сезими коомун (ИСККОН) негиздеди. Ал дүйнөдөн кайтканда (1977 - жылдын 14 - ноябры), ал негиздеген коом, жүздөн ашуун храмдардан, мектептерден, институттардан жана айыл-чарба уюмдарынан турган бүткүл дүйнөлүк өзүнчө бир конфедерация болуп калды.

1968 – жылы Шрила Прабхупада АКШда алгачкы эксперименталдуу ведалык айыл-чарба уюмун негиздеди. Бул башталыштын ийгилиги менен шыктанышкан шакирттери, ошондон баштап Кошмо Штаттарда жана анын чегинен сырткары жерлерде ушул сыяктуу көптөгөн коммуналарды түзүштү.

1972 – жылы ал Батышта, Далласта гурукуланы негиздөө менен, ведалык башталгыч жана орто билим берүү системасын киргизди. Шрила Прабхупаданын жолун жолдоочулар, анын насааттарына таянышып бүт дүйнө жүзүндө балдар үчүн мектептерди уюштурушту, жана ИСККОНдун билим берүү системасынын негизги эки борбору азыркы учурда Вриндаванда жана Маяпурда (Индия) жайгашкан.

Мындан сырткары, Шрила Прабхупада Индиядагы бир нече чоң эл аралык маданият борборлорунун курулушунун демилгечиси болгон. Шридхам Маяпурдагы (Батыш Бенгалия) борбордун айланасына руханий шаар салуу пландалган; бул эбегейсиз зор долбоорду ишке ашырууга ондогон жылдар кетет. Вриндаванда улуу Кришна-Баларам храмы жана бүт дүйнөдөгү зыяратчылар үчүн мейманкана салынган. ИСККОНдун ири маданият жана билим берүү борборлору Бомбейде жана Индиянын көптөгөн башка чоң шаарларында жайгашкан.

Бирок, Шрила Прабхупаданын элге калтыргандарынын эң маанилүүсү, – бул анын китептери. Илимпоздор тарабынан баркы, тереңдиги жана баянынын айкындыгы жогору бааланган, бул китептер көптөгөн колледждерде жана университеттерде окуу куралы катары кызмат кылышат. Анын эмгектери дүйнөнүн элүүдөн ашуун тилдерине которулган. “Бхактиведанта бук траст” (1972 – жылы ал тарабынан негизделген басмакана) индия философиясы жана дини тууралуу эмгектерди жарыялоочу, дүйнөдөгү эң чоң басмакана болуп саналат.

Болгону он эки жылда, өзүнүн улгайган жашына карабай, Шрила Прабхупада, беш континенттин баарында лекция окуп, дүйнөнү он төрт жолу айланып чыкты. Бирок, чектен чыккан чолоосу жоктугуна карабай, ал эч качан өзүнүн китептерин жазганды токтоткон жок. Шрила Прабхупаданын чыгармалары веда философиясынын, дининин, адабиятынын жана маданиятынын чыныгы энциклопедиясын түзөт.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада