Шри Ишопанишад
Ысымдар жана терминдер сөздүгү
Авидья (авидйа) – караңгылык, түркөйлүк.
Авьякта (авйакта) – жаралуунун айкындалбаган абалы.
Акарма же найшкарма (наишкарма) – адамды төрөлүү жана өлүү айлампасында калуу коркунучунан куткаруучу ишмердик.
Амара – өлбөстүк.
Ананда (ананда) – жыргалчылык, Жогорку Кудайдын аспекти.
Ананта – чексиз.
Анумана (анумана) – индуктивдүү логиканын жардамы менен алынган билим.
Анапа-виддха (анапа-виддха) – таза жана булганбаган; күнөө жолой албаган.
Апара пракрити (апара пракрти) – Кудайдын төмөн баскычтагы сапаты.
Апаурушея (апаурушея) – материалдык эмес инсан тарабынан айтылган; Жогорку Кудайдын сөздөрү.
Ароха (ароха) – таанып билүүнүн жогору көздөй кетүүчү процесси.
Арча виграха (арча-виграха) – храмда сыйынуучу Кудайдын кейипи.
Асур (асура) – жексур.
Атма (атма) – жан.
Атма-ха (атма-ха) - жан кыйды.
Ачарья (ачарйа) – өзүнүн жүрүм-туруму менен окуткан рухий устат.
Брахма (Брахма) – ааламдагы алгачкы жаралган тирүү жан, планеталардын жана биологиялык түрлөрдү жаратуучу.
Брахмаджьоти (брахмаджьоти) – рухий дүйнөнү жарык кылган Жогорку Кудайдын денесинен чыккан жаркырак.
Брахман – Абсолюттуу Чындыктын инсансыздык аспекти.
Брахмандар (жекелик санда брахмана) – билим таратуучулар, кечилдер; веда коомундагы төрт социалдык топтун биринчиси.
Брахма-рандхра – мыктылыкка жеткен йог, өзү каалаган планетага баруу үчүн, өзүнүн денесин калтырып кетүүчү төбөдөгү көзөнөк.
Бхагаван (Бхагаван) – Жогорку Кудай Инсан.
Бхакти – Жогорку Кудайга берилүү менен кызмат кылуу.
Бхакталар (жекелик түрдө Бхакта) – берилгендер.
Вайкунтхалокалар (жекелик түрдө Вайкунтхалока) – рухий асман планеталары.
Вайшьалар (жекелик санда вайшьа) – соодагерлер социалдык тобу; веда коомундагы төрт социалдык топтун үчүнчүсү.
Варнашрама (варнашрама) – коомду төрт социалдык топко жана рухий жашоону төрт баскычка бөлгөн система.
Веда – билим.
Веда-вада-раталар (жекелик санда веда-вада-рата) – Ведаларга өздөрүнүн жеке чечмелөөсүн бергендер.
Ведалар – Кудайдын Өзү тарабынан берилген, алгачкы ыйык жазмалар.
Видья (билим)– билим.
Викарма – ыйык жазмалар аркылуу тыйуу салынган иш-аракеттер.
Вишну-таттва (Вишну-таттва) – Жогорку Кудайдын толук экспанциясы.
Вриндаван (Врндавана) – мындан 5000 жыл мурда Кудай Кришна Өзүнүн балалык оюндарын өткөргөн Индиядагы айыл.
Гуналар (жекелик санда гуналар) – булар үчкө бөлүнөт: саттва-гуна (жыргал), раджо-гуна (ышкыбоздук) жана тамо-гуна (түркөйлүк). Гуна деп, тирүү жандарды шартталууга алып келүүчү материалдык табияттын үч негизги башталышын, иллюзордуу материалдык энергиянын үч “иш-аракет тартибин” түшүнүшөт. Гуналар жандын жашоо образын, ой-жүгүртүүсүн жана иш-аракетин аныкташат.
Гуру – рухий устат.
Гьяна (джнана) – билим; акыйкатты философиялык жол менен таануу.
Двиджа-бандху – брахмандын үй-бүлөөсүндө төрөлүп, бирок брахмандык сапаты болбогон адам.
Джива-шакти (джива-шакти) – тирүүлүк күчү.
Дхира (дхира) – материалдык иллюзияга көңүл бурбаган, кебелбес адам.
Ишавасья (ишавасйа) – борборунда Кудай болгон коом концепциясы.
Йога-бхрашта (йога-бхрашта) – өзүн-өзү таануу жолунан тайып кеткен адам.
Каништха-адхикари (каништха-адхикари) – жаңыдан баштаган берилген жан; Кудайды таануунун төмөнкү баскычында турган адам.
Карма – адамга буйрулган милдеттердин чегинде жүзөгө ашуучу иш-аракет.
Карма-бандхана – адамды материалдык дүйнөгө тартуучу ишмердик.
Карма-йога – иш-аракеттерибиздин жемиштеринин баарын Кришнага тартуулоо.
Карми (карми) – туйгуларын канааттандыруу менен алек болушкан жана өзүнүн эмгегинин жемиштери менен ырахаттануу үчүн иштегендер.
Кшатрийлер (жекелик санда кшатрийа) – жоокерлер жана башкаруучулар тобу; веда коомундагы төрт социалдык топтун экинчиси.
Мадхьяма-адхикари (мадхйама-адхикари) – Кудайды таануунун ортоңку баскычында тургандар.
Майя (майа) – иллюзия; тирүү жанды адашууга алып келүүчү Кудайдын энергиясы.
Майяяпахрита-гьяни (майайапахрита-джнани) – өздөрүн Кудаймын деп эсептегендер.
Маха-бхагавата (маха-бхагавата) – мыктылыкка жеткен берилген жан.
Мритьюлока (Мртйулока) – өлүм жайы, материалдык дүйнө.
Мудхи (жекелик санда мудха) – түркөйлөр; эшекке окшогон адамдар.
Найшкарма (наишкарма) – акарма.
Нарадхама (нарадхама) – адамдардын төмөнү.
Нараяна (Нарайана) – Кудай Кришнанын толук экспанциясы.
Ниргуна (ниргуна) – “материалдык сапаттарга ээ болбогон”, Жогорку Кудайдын эпитети.
Парабрахман – Жогорку Рух.
Параматма (Параматма) – Улуу Рух, Кудай Кришнанын экспансиясы.
Парамапара (парампара) – окуучулук мурас тизмеги.
Пара-пракрити (пара-пракрти) – Кудайдын эң жогорку энергиясы.
Прана-ваю (прана-вайу) – дененин иштөөсүн камсыз кылган, денедеги аба агымдары.
Прасад (прасада) – Кришнага тартууланган, ыйык тамак.
Пратьякша (пратйакша) – түздөн-түз байкоо процесси аркылуу алынган билим.
Пуруша – жыргоочу; материалдык ааламдарды жаратып, тиричилигин кубаттап жана аларды жок кылуучу Жогорку Кудайдын материалдык дүйнөдөгү экспансиялары.
Сагуна (сагуна) – сапаттарга ээ болгон.
Сат – Жогорку Кудайдын түбөлүктүүлүк аспекти.
Сач-чид-ананда-виграха (сач-чид-ананда-виграха) – Жогорку Кудай, жыргалдын жана билимдин түбөлүк кейипи.
Сура – ыймандуу адам.
Трипад-вибхути (трипад-вибхути) – Кудайдын энергиясынын төрттөн үч бөлүгүн түзгөн рухий табият.
Уттама-адхикари (уттама-адхикари) – Кудайды таануунун эң жогорку тепкичине жеткен адам.
Хиранмая-патра (хиранмая-патра) – Жогорку Кудай Инсандын жүзүн тоскон, көз уялткан жаркырак.
Шабда (шабда) – кадырлуу веда жазмаларын угууга негизделген, Трансценденттүүнү таануу методу.
Шримат (шримат) – вайшья, соодагерлер тобунун мүчөсү.
Шрути (шрути) – угуу прецессинде алынуучу билим. Шабда дегенди карагыла.
Шуддха (шуддха) – антисептикалык; Жогорку Кудайдын эпитети.
Шудралар (жекелик санда шудра) – жумушчулар; веда коомундагы төрт социалдык топтун төртүнчүсү.
Шукра (Шукра) – кудуреттүү.
Шучи (шучи) – руханий өнүккөн брахман.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек