Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Бхакти-йога баарыбыз үчүн

Эзелтеден бхакти жолун улуу даанышмандар, олуялар жана падышалар жолдошкон. Өткөн замандын залкар акындары берилип кызмат кылуу жолун даңкташып, укмуштуудай ырларды, одаларды жазышып өздөрүндөгү Кудайга болгон аруу сүйүүнү аябай макташкан.

Бхакти-йога миңдеген жылдар илгериге караганда да, азыркы учурда керектүүрөөк жана маанилүүрөөк, себеби азыркы адамдарда убакыт да, кайсы бир башка йога системасындагы көптөгөн буйруктарды аткарууга мүмкүнчүлүк да жок. Бирок бхакти методу эч кандай татаал эмес. Бхакти-йога бизге, өзүбүздөгү чыныгы улуу сапаттарды өнүктүргөнгө жана материалдык дүйнөнүн ар бир жашоочусу умтулган – түбөлүк жашоо, түбөлүк бакыт, түбөлүк билимди алууга жардам берет.

Бхакти-йоганы жолдоо, ким экендигине карабастан ар бир адамдын колунан келет. Бул үчүн дербиш болуу, үйдү, үй-бүлөөнү жана жумушту таштоо же чоң чыгаша кылуу зарыл эмес. Бир гана нерсе – жашообуздагы башкы орунду Кришнага арнообуз керек. Биздин бардык ойлорубуз, каалоолорубуз жана иштерибиз бир гана Ага арналуусу керек. Эгерде сүйүү жана берилүү менен Кудайдын ыйык атын – Харе Кришна маха-мантрасын кайталап, буйрук кылынган милдеттерди аткарып, А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупаданын китептерин окуп жана Кудайга өзүбүздүн тамак-ашыбызды сунуш кылсак биз бул нерсеге жете алабыз.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада