Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Мантра сүкүтү

Кимде ким бакытка жетүүнү жана бардык азаптардан жана чочулоолордон кутулууну кааласа, сүкүт, иш-аракетинин өтө маанилүү аспектин түзөт.

Сүкүт “ой аркылуу жайбаракат байкоо” дегенди түшүндүрөт, бирок байкоо объектиси болуусу керек. Күнүмдүк, акыл-эсти ээлеген чочулоолордон кутулуу үчүн, адам материалдык деңгээлден жогору көтөрүлүп, трансценденттүү, рухий деңгээлге бекемделүүгө умтулуусу кажет. Муну, Кудайдын аттарын үзгүлтүксүз кайталоо, ушинтип Аны менен баарлашуу аркылуу жасаса болот.

Түрдүү жазмаларда далилденгендей, Кудайдын аттары көп: Кришна, Рама, Иегова, Аллах, Будда ж. б. Кудайдын аттарын кайталоонун тазалоочу таасири бар жана адамды материалдык деңгээлден рухий деңгээлге көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. Индияда миңдеген жылдардан бери элдер Кудайдын аттарын мантралар формасында кайталашат. Санскрит тилинде мана – “акыл”, трая – “кутулуу” дегенди түшүндүрөт. Ошентип, мантра – бул биздин акыл-эсибизди чочулоолордон куткаруучу, трансценденттүү үндөрдүн айкалышы.

Веда адабияты бир мантраны махамантра (улуу мантра) деп атайт. “Кали-сантарана-упанишадада” айтылат, аны түзгөн он алты сөздү – Харе Кришна, Харе Кришна, Кришна Кришна, Харе Харе / Харе Рама, Харе Рама, Рама Рама, Харе Харе, - айрыкча биз жашап жаткан Кали югада, араздашуу, чочулоо жана эки жүздүүлүк доорунда кайталоону кеңеш берет.

Кришна деген ысым “баарына сүйкүмдүү”, Рама – “баарын кубанычка бөлөөчү” дегенди түшүндүрөт, а Харе – бул Кудайга берилип кызмат кылуу энергиясына кайрылуу. Ошентип маха-мантра: “О баарына сүйкүмдүү, о баарын кубанычка бөлөөчү Кудай, о Кудайдын энергиясы! Суранам, Сага берилип кызмат кылганга мүмкүнчүлүк берчи” дегенди түшүндүрөт. Харе Кришна маха-мантраны окуу үчүн катуу талап кылынуучу эреже жок. Мантра-сүкүтүнүн эң укмуштуусу, аны менен кай жерде болбосун, кайсы убакытта болбосун – үйдө, жумушта, автобуста же метродо, же атүгүл унаанын рулунда да алектенсе болот.

Мантра-сүкүтүнүн эки түрү бар: жеке, мында адам мантраны теспе менен (бул жапа деп аталат) окуйт, жана башка формасы, качан ал кимдир-бирөөнүн артынан кайталайт (бул киртан деп аталат). Киртан адатта музыкалык аспаптарда ойноо жана кол чабуу менен коштолот. Мантра-сүкүтүнүн тигил да бул да формасы сунуш кылынат, себеби экөө тең адамга оң таасирин тийгизет.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада