Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Жапа

Мантра-сүкүтүнүн бул түрү үчүн болгону тегерек теспе керек. Аны дүкөндөн сатып алса же, төмөнкү жөнөкөй сунушту колдонуп жасап алса болот:

1. 109 чоң, диаметри бирден эки сантиметрге чейин болгон, жипке тизсе боло турган тешиктери бар, тоголок жыгач мончокторду (эгерде жыгачтан жасалганы жок болсо, башында кандайы болсо да ала бериңиз), жана үчтөн беш метрге чейин болгон бекем нейлон жибин сатып алыңыз.
2. Жиптин аяк жагынан он беш сантиметр калтырып түйүңүз, анан, мончокторду бирден өткөрүп, ар биринен кийин, жиптин жоондугуна жараша бир же эки түйүн кылып байлаңыз (1-сүрөт).
3. Жүз сегиз мончокту өткөрүп, жиптин эки аяк жагына акыркы мончокту өткөрүңүз (2-сүрөт).
4. Бул мончок Кришнанын мончогу деп аталат, жана ал башкалардан чоңураак болгону жакшы. Ага жиптин эки аяк жагын өткөрүп түйүп, жиптин ашыкчасын кесип салыңыз. Сиздин жапа үчүн теспеңиз даяр болду.

Мантра-сүкүтүн баштоо менен, Кришнанын мончогунан кийинки мончокту оң колдун бармагы менен ортонунун ортосунда кармаңыз (3-сүрөт) да маха-мантраны толук айтыңыз: Харе Кришна, Харе Кришна, Кришна Кришна, Харе Харе / Харе Рама, Харе Рама, Рама Рама, Харе Харе. Андан соң манжаларыңыз менен кийинки мончокту ушул сыяктуу эле кармаңыз да маха-мантраны кайра айтыңыз, анан кийинкисин... ушинтип мантраны ар бир мончокто, Кришнанын мончогуна жеткиче кайталаңыз.

Сиз бир «айлампа» жапа окудуңуз. Бир айлампа окуу сизден жети мүнөткө жакын убакыт алуусу керек, бирок башында он мүнөт, же андан көп болуусу ыктымал. Мантраны Кришнанын мончогунда окубастан, теспени буруп, айлана боюнча артка карай кетиңиз. Теспе жапа үчүн өтө манилүү, себеби сүкүт процессине тери аркылуу сезүүнү катыштырат, бул мантранын үнүнө жакшылап кунт койгонго жардам берет.

Эгерде сиз күн сайын белгилүү сандагы айлампа окууга убада берсеңиз, адашпоо үчүн, сиз күн сайын окуган айлампанын санына жараша мончоктор тизилген анча чоң эмес боо алып алганыңыз жакшы. Бул мончоктордун ортосунда түйүндөрдү түйүүнүн кажети жок, мончоктор андан чыгып кетпөөсү үчүн буларды боонун аяктарына гана байлоо керек. Айлампаны бүтүп, бир эсептөөчү мончокту ылдый жылдырыңыз.

Сиз мантраны бөлмөдө же таза абада окусаңыз болот, муну сизге жаккандай, бийик же басаң үн менен окуса болот, бирок сиздин өзүңүзгө угула тургандай жетишеерлик бийик болсун. Эң негизгиси – ар бир сөздү так жана даана айтыңыз. Сиздин акылыңыз кандайдыр бир бөлөк ойлорго оодарылууну каалоосу мүмкүн, анткени ал тынчы жок, оомо жана дайыма бир нерсе жөнүндө ойлогусу келет. Өзүңүздүн дитиңиздин баарын Харе Кришна маха-мантрасын окуганга кунт койгонго аракеттениңиз жана ар бир сөздү көңүл коюп угуңуз.

Мантраны күндүн кайсы убагында болбосун окуса болот, бирок веда адабиятында рухий практикага эң ыңгайлуу белгилүү убакыттар көрсөтүлгөн. Руханий өнүгүү үчүн эң ыңгайлуу болуп, эрте мененки убакыт эсептелет. Эгерде сиз мантра окуу үчүн, дайыма күндүн белгилүү бир убакытын бөлүп турсаңыз, бул жакшы. Күнүнө бир же эки айлампа окуудан баштаңыз жана анын санын он алтыга чейин акырындап көбөйтүңүз; бул – ким жапа-медитацияга олуттуу мамиле кылса жана Кудай Кришнанын берилгени болгусу келсе, сунушталуучу эң төмөнкү чек.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада