Шри Ишопанишад
Киртан
Жападан, жеке медитациядан айырмаланып, киртан группалык медитацияны өзүнө камтыйт. Киртан учурунда Харе Кришна мантрасын кандайдыр бир күүгө салып ырдашат. Киртанды өз үйүңүздө, үй-бүлөө же достор менен, бирөөнүкүнө мейманчылыкка барганда же бак ичинде өткөрсөңүз болот. Бир адам киртанды “алып барат” – башкача айтканда алгач ал жалгыз Харе Кришна мантрасын ырдайт, андан кийин башкалар аны ошол эле күү менен кайталашат. Кайра “алып баруучу” мантраны жалгыз ырдайт, а башкалар анын артынан кайталашат. Ошентип Харе Кришна мантрасы кайра-кайра ырдалат, киртан андан ары уланат, жана ага катышкандар, руханий жыргалды барган сайын күчтүүрөөк сезишет.
Киртандын өзгөчөлүгү, сиз Харе Кришна мантрасын өзүңүз айтканда эле эмес, аны башкалар айтканда да угасыз. Мантраны ар түрдүү музыкалык аспаптар менен обон коштоп, ар кандай күүгө салып ырдаса болот, бирок бул милдет эмес. Киртан үчүн салттуу индия аспаптары жакшы жарашат – барабандар, талиңкелер, эгерде булар жок болсо, анда аларды колуңузда эмне болсо ошо менен алмаштырсаңыз болот – кыялданууңузга жараша. Башка музыкалык аспаптарды деле колдонсо болот – пианино, ооз гармоникасын, флейтаны, гитараны ж. б. Жөн эле кол чапсаңыз да жакшы. Балдар да киртандарга катыша алышат, бул алардын руханий өнүгүүсүнө жакшы таасир тийгизет. Ошентип кечиндеси, үй-бүлөө бүт бойдон биргелешкен киртандарга чогулса болот. Киртандарды күн сайын же колдон келишинче көбүрөөк өткөргөн жакшы.
Харе Кришна мантрасын окуу сизге руханий ойгонуу сезимин берет, атүгүл бул сезим барган сайын күч ала берет. Сиз буга өзүңүз ишене аласыз. Беш мүнөт кандайдыр бир башка сөздү же сүйлөмдү кайталап көрүңүз. Эгерде сиз кайра-кайра “Пепси-кола” деп кайталасаңыз, бир нече мүнөттөн кийин, бул сизге эч кандай канааттануу бербей, өлө тажатат. Кришнанын ысымынын үнү трансценденттүү, Анын ысымын кайра-кайра кайталагың келет.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек