Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Негизги принциптер

Маха-мантраны кандай шартта болсо да кайталаган адамга, бул анын руханий өнүгүүсүнө укмуштуудай жакшы таасир берет. Анткен менен улуу акылмандар жана касиеттүүлөр – жапа-медитациянын чеберлери – анын таасирин күчөтүүчү, кээ бир ыкмаларды колдонууну сунушташат.
Адам Харе Кришна мантрасын канчалык көп кайталаса, төмөндө көрсөтүлгөн принциптерге ээрчүү ошончолук жеңил болот, себеби, аны кайталоо менен, ал руханий күч алат жана жогорку ырахаттанууга болгон табитин өнүктүрөт. Качан адам маха-мантраны кайталап аткан учурда руханий ырахаттануу сезе баштаса, ага, руханий өнүгүүгө тоскоол болуучу жаман өнөкөттөрдөн арылуу бир кыйла жеңилдейт.
1. Кимде ким, чындап жана чын дилден руханий өнүгүүгө умтулса, төрт негизги принциптерге ээрчүү сунушталат: а) тамакка эт, балык жана жумуртка колдонбоо; б) маң кылуучу заттарды колдонбоо (наркотикалык заттарды, марихуананы, гашишти, ЛСД, алкоголду, тамекини, атүгүл кофе жана чайды); в) кумар оюндарын ойнобоо жана акча махинациялары менен алектенбөө; г) никесиз жыныстык катнашка барбоо (а никеде – баланы бойго бүтүрүү үчүн гана).
Бул төрт жөнгө салуучу принциптерге ээрчүү руханий прогресске бат алып келет. Буларды капарга албоо, адамдын материалдык нерселерге болгон жакшы көрүүчүлүгүн күчөтүп, руханий өнүгүүнү аябай кыйындатат. Бирок жапа-медитация ушунчалык күчкө ээ, адегенде адам Харе Кришна мантрасын өзүнүн жашоо шартына карабай кайталаса болот, анан мантра өзү, бул жолдо алга жылууга жардам берет.
2. А.Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупаданын чыгармаларын ар дайым окуу керек, айрыкча “Бхагавад-гитаны” жана “Шримад-Бхагаватамды”. Кришна жөнүндө, Анын укмуштуудай жоруктары жана трансценденттүү оюн-зооктору жөнүндөгү баяндамаларды угуу менен эле, адам өзүнүн жүрөгүн, материалдык дүйнөдө ченемсиз көп убактан бери чогулган булганычтан тазалайт.
Кришна жана Кришна Өзүнүн берилгендери менен, түбөлүк оюндары аркылуу ырахаттанган руханий дүйнө жөнүндөгү баяндамаларды ар дайым үзгүлтүксүз угуу менен, адам руханий жандын табиятын толук биле алат жана чыныгы руханий ишмердик эмне экенин жана ушул материалдык дүйнөдөн кутулуп чыгуучу эң мыкты ыкма кайсы экенин түшүнө алат.
3. Материалдык балиттиктен өзүбүздү мыктылап коргоо үчүн, алгач Жогорку Кудай Инсанга, Кришнага сунушталып, жандандырылган, жалаң вегетариандык тамак жеш керек. Кайсы болбосун тирүү жанды, өсүмдүктөрдү да өлтүрүү менен, адам өзүнө бул иш-аракеттердин кармалык кесепеттерин тартат. Бирок Кришна “Бхагавад-гитада”, кимде ким Ага вегетариандык тамак сунуштаса, аны Ал кармалык кесепеттерден куткарарын айтат.
4. Өзүбүздүн ишмердигибиздин түшүмүн Жогорку Кудай Кришнага арнообуз керек. Качан адам өзүнүн жеке жыргалы үчүн эмгектенгенде, ал өзүнүн ишмердигинин кармалык кесепеттерин башынан өткөрөт. А эгерде ал Кришна үчүн эмгектенсе, бул аны кармадан эле арылтпастан, андагы үргүлөп жаткан Кришнага болгон сүйүүнү ойготот. Өзүбүздүн кадимки ишмердигибиз менен алектенүүнү уланта берсек болот, эгерде ал – түз же кыйыр түрдө – жогоруда айтылган төрт жөнгө салуучу принциптерге каршы келбесе.
5. Жапа-медитацияга жүйөлүү караган адам, кызыкчылыгы аныкына окшогондор менен колдон келишинче көбүрөөк баарлашуусу керек. Бул ага руханий күч берет. Албетте, бизге баарыбызга, биздин айланабыздагылар чоң таасир тийгизет. Ошондуктан руханий кызыкчылыгы жок адамдар менен өтө көп баарлашуу туура эмес. Харе Кришна мантрасын кайталап жана жөнгө салуучу принциптерди карманып, руханий өнүгүүгө умтулгандар менен баарлашуу, – үйүбүзгө, кайра Кудайга баруучу жолдо алга жылуунун эң мыкты жана эң бат ыкмасы.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада