Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Прасадды кантип жасоо керек

Вегетарианчылыктын жогорку максатын түшүнүү биринчи иретте, биз Кришнага тартуулагыбыз келген азык-түлүктөрдү тандоо. “Бхагавад-гитада” Кудай айтат, тамакты материалдык табияттын жыргалчылык, ышкыбоздук жана түркөйлүк сыяктуу гуналарына жараша, ага туура келген үч категорияга бөлсө болот. Сүт азыктары, дан өсүмдүктөрү, шекер, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер жана жаңгактар – булар, жыргалчылык гунасына кирген азыктар, жана буларды Кришнага тартууласа болот. Эрежеге ылайык, ышкыбоздук жана түркөйлүк гунасына кирген азыктарды Кришнага тартууласа болбойт, “Бхагавад-гитада” (17.9-10) Ал Өзү айткандай, мындай азыктар “азап, бактысыздык жана ооруларды алып келет“ жана булар “даамсыз, бузулган жана жагымсыз жыттанган” болот. Эт, балык жана жумуртка – сарымсак, пияз жана козу карындар сыяктуу эле материалдык табияттын төмөнкү гуналарына кирген азыктар экендигин түшүнүү кыйын эмес. Буларды Кришнага тартуулаганга болбойт. Кофеини бар чай жана кофе, наркотикалык зат болуп саналат, жана буларды да Кришнага тартуулаганга болбойт. Анын ордуна чөптөрдү чогултуп же сатып алып, алардан чай демдесе болот. Азык-түлуктөрдү сатып алып жатканда эт, балык жана жумуртка бул азыктардын составына кириши мүмкүн экендигин эске тутуу керек, ошондуктан этикеткаларын көңүл коюп текшерүү керек жана шектүү учурларда сатуучудан суроо же фабрикага кайрылуу керек. Мисалы, сүттөн ачытылып жасалган азыктардын жана каймактардын кээ бир сортторунда, касапканада өлтүрүлгөн жаныбарлардын мүйүздөрүнөн, туяктарынан жана сөөктөрүнөн жасалган желатин бар. Сиз сатып алып жаткан сырдын курамында да – музоонун карынындагы ткандардан алынчу фермент сычуг жок экендигине да ынануу керек.
Кудай Кришнанын берилгендери эмес адамдар жасаган тамактарды да (өзгөчө дан өсүмдүктөрүнөн жасалган) жебөө керек. Табияттын кылдат мыйзамдары ушундай, ашпозчунун аң-сезими тамакка физикалык деңгээлде эле эмес, кылдат деңгээлде да таасирин тийгизет. Мындай тамак биздин аң-сезимибизге билинбей таасир берген өткөргүч болуп калат. Бул принципти сүрөттөгөн башка мисал, - холсттогу сыйпандылардын жыйындысын эле эмес, а аны караган адамга көрүнгөн, сүрөтчүнүн маанайын да көрсөткөн картина. Анын сыңары, эгерде биз руханий аң-сезими бар болбогон адамдар (мисалы, фабрикада иштегендер) жасаган тамакты жесек, биз, албетте, алардын материалисттик аң-сезиминин кандайдыр бир бөлүгүн сиңдирип алабыз. Андан сырткары, мүмкүнчүлүктүн болушунча, биз жалаң жаңы табигый азык-түлүктөрдү колдонуубуз керек.
Тамак жасап аткан учурда, тазалыкты сактоо өтө маанилүү, себеби пакизалык жана такыбаалык – эже сиңдилер. Кришнага таза эмес нерселердин эч бирин тартуулоого болбойт, ошондуктан ашкананы таза карманууга аракет кылыңыздар. Тамак даярдоодон мурун сөссүз колду жууңуз. Тамак жасап атканда даамдап көрбөңүз. Тамак даярдоо – бул сүкүт процессинин бөлүгү, анткени сиз тамакты өзүңүз үчүн эмес, биринчи болуп анын даамын татуучу жана ырахаттануучу, Кришнаны ыраазы кылуу үчүн жасап жатасыз да. Эгерде сиз тажрыйбадан өткөн рецепт менен жасасаңыз, сизде баары ойдогудай болот. Тамакты жасап бүткөн соң, сиз аны Кришнага тартууласаңыз болот.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада