Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Биринчи Мантра

ишавасйам идам сарвам
йат кинча джагатйам джагат
тена тйактена бхунджитха
ма грдхах касйа свид дханам

иша — Кудай аркылуу; авасйам — башкарылуучу; идам — бул; сарвам — баары; йат кинча — кандай болбосун; джагатйам — ааламда; джагат — бүткүл жандуу жана жансыз; тена — Аларга; тйактена — бөлүнгөн үлүшү; бхунджитхах — кабылдооң керек; ма грдхах — алам деп аракеттенбе; касйа свит — башкага тиешелүү; дханам — байлык.

Ааламдагы бардык жандуу жана жансыздар Кудайдын бийлигинде турат жана Ага тиешелүү. Андыктан ар бир адам, башкага көз артпастан, өзүнө үлүш катары бөлүнгөн, керектүүнү гана, булар кимге тиешелүү экенин жакшылап түшүнүү менен алуусу керек.

КОММЕНТАРИЙ: Веда билими жаңылышсыз, себеби Кудайдын өзүнөн башталып, рухий устаздардын улуу шакирттик мурасы тизмегинде берилет. Андыктан веда билиминин биринчи сөзүн Кудай өзү айткандыктан, бул билимдин булагы трансценденттүү. Кудай тарабынан айтылган сөз апауруша деп аталат. Бул деген, материалдык дүйнөгө таандык болбогон инсан тарабынан келет дегендик. Материалдык дүйнөдө жашаган тирүү жанда төрт кемчилик болот: ал катачылык кетиргенге, адашканга, башкаларды алдаганга жөндөмдүү жана кемчиликтүү сезимдерге ээ. Пенде бул төрт кемчилик менен чектелгендиктен, башкаларга улуу билим берүүгө жөндөмсүз. Веда кемчиликтүү тирүү жандардын чыгармасы эмес. Дүйнөнүн жаралуу учурунда веда билими Кудай тарабынан биринчи жаралган тирүү жан – Брахманын жүрөгүнө салынган, а Брахма болсо учурунда, бул билимди ушул күнгө чейин таратып келатышкан өзүнүн урпактарына жана шакирттерине өткөрүп берген.

Кудай бул пурнам, бардык жагынан мыкты, ошондуктан Ал материалдык табияттын мыйзамдарына баш ийбейт, тескерисинче, табият өзү Анын эркине баш ийет. Бирок тирүү жандар жана жансыз объекттер материалдык табияттын мыйзамдарына баш ийишет, демек, акыр түбү Кудайдын энергиялары болуп саналышат. Ишопанишад Яджур-веданын бир бөлүгүн түзөт, ошондуктан ал, ааламдагы нерселердин баары кимге таандык экендиги жөнүндөгү маалыматты камтыйт.

Ааламдагынын баары Кудайга таандык. Бул Бхагавад-гитанын жетинчи бапында (7.4-5), пара жана апара пракриталарды талкуулаган жеринде тастыкталат. Жаратылыш элементтери: жер, суу, от, аба, эфир, акыл, интеллект жана его (өзүмчүлдүк) – Кудайдын материалдык (апара пракрити), төмөнкү энергияларына кирет, а тирүү жан, органикалык энергия, пара пракритиге, Кудайдын жогорку энергиясына кирет. Эки энергия тең, пракриталар, Кудайдан чыгат, ошондуктан, акыр түбү Ал баржоктун чексиз укуктуу кожоюну болуп саналат. Ааламдагынын баары же пара, же апара пракритиге таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнүн баары Жогорку Тирүү Жанга тиешелүү.

Жогорку Тирүү Жан, Абсолюттуу Кудай Инсан, мыкты инсан болуп саналат жана толук бүткөн жана Ага Өзүнүн ар түрдүү энергияларынын жардамы менен баарын башкарганга мүмкүнчүлүк берген эң мыкты акыл-эске ээ. Жогорку Тирүү Жанды көбүнчө отко, ал эми органикалык жана органикалык эмес материяны – оттун жылуулугу жана жарыгына салыштырышат. От өзүнүн энергиясын жылуулук жана жарык түрүндө таратканы сыяктуу, Кудай да Өзүнүн энергиясын ар түрдүү формада таратат. Бирок ошол эле учурда Ал, дайыма баарын колдоп туруучу жана баарын башкарып туруучу улуу кожоюн бойдон кала берет. Ал баарын билүүчү, баардык энергияларга ээ, ар бир тирүү жанга кам көрүүчү жана акыл жеткис кудуретке, байлыкка, атак-даңкка, сулуулукка, билимге жана кечилдикке чөмүлгөн.

Акыл-эстүү адам Кудайдан башка эч ким, эч нерсеге ээ эмес экендигин дайыма эсте тутуусу керек, жана ошондуктан ар бир адам, Кудай анын үлүшү катары бөлгөндү гана алуусу керек. Мисалы уй сүт берет, бирок аны өзү ичпейт; ал чөп жана саман менен тамактанат, а анын сүтү адамдын курсагы үчүн арналган. Кудай орноткон тартип ушундай, жана биз, Ал мээримин төгүп бизге бергенине шүгүр кылып, биз ээлик кылган нерселердин баары кимге тиешелүү экенин дайыма эсте тутуубуз керек.

Мисалы биздин үй топурак, жыгач, таш, темир, цемент жана башка көптөгөн материалдардан курулган. Эгерде Шри Ишопанишаддын даражасында талкуулоочу болсок анда биз бул материалдардын эч бирин жарата албашыбызды моюнга алуубуз керек. Болгону биз аларды чогултуп жана эмгек жумшап, кандайдыр бир формага эле келтире алабыз. Жумушчу бир нерсени жасаганы үчүн эле, аны анын кожоюну деп эсептөөсүн талап кылууга укугу жок.

Азыркы учурдагы коомдо жумушчулар менен капиталисттердин араздашуусу тынчыбай келет. Бул араздашуулар эл аралык масштабга жетти, ошондуктан бүт дүйнө коркунучта турат. Адамдар бири-бири менен касташышат жана бири-бирине ит-мышыктай ырылдашат. Шри Ишопанишад ит жана мышыктарга эч кандай кеңеш бере албайт, бирок адам баласына чыныгы ачарьялар (касиеттүү устаздар) аркылуу Кудайдын кайрылуусун жеткире алат. Ошондуктан адамзаты Шри Ишопанишаддын ведалык даанышмандыгын кабыл алып, материалдык мүлк үчүн болгон талаш-тартыштарды токтотуусу кажет. Ар бир пенде Кудайдын мээрими аркылуу алган нерсесине шүгүр кылуусу керек. Коммунисттер, капиталисттер же кайсы бир партия, Кудайга таандык болгон материалдык жаратылыш каражаттарына кожоюндук кылууга аракет жасагандарын токтотушпаса, бул дүйнөдө тынчтык болбойт. Капиталисттер коммунисттерди саясий айлакерликтин жардамы менен тизгиндей алышпайт, жана коммунисттер дагы уурдалган нан үчүн күрөшүү аркылуу капиталисттердин үстүнөн жеңишке жете алышпайт. Алар, баары Жогорку Кудай Инсанга тиешелүү экендигин кабыл алышпаса, алар өздөрүнүкү деп эсептеген кандай менчик болбосун уурдалган болуп саналат, ошондуктан табият закондоруна ылайык алар жаза тартышат. Коммунисттердин да, капиталисттердин да атомдук куралдары бар болгону менен, эгерде алар өз учурунда, баары Жогорку Кудай Инсанга тиешелүү экенин моюнга алышпаса, анда акыр аягында атомдук бомбалар эки партияны тең жер жүзүнөн жок кылып салат деп ишенимдүү айтса болот. Ошондуктан, өзүбүздү куткаруу жана жер жүзүндө тынчтык орнотуу үчүн, эки партия тең Шри Ишопанишаддын насааттарын колдонуулары керек.

Адамдар ит-мышык болуп, бири-бири менен касташуу үчүн жаралган эмес. Алар адамзат жашоосунун маани-маңызын түшүнүү үчүн жетишээрлик аң-сезимдүү болуусу абзел. Веда адабияты ит-мышыктарга эмес, адамдарга арналган. Иттер жана мышыктар башка жаныбарларды өлтүрүп, алар менен тамактанышса, күнөө кылышпайт, а эгерде адам өзүнүн даам сезүү урчуктарын канааттандыруу үчүн жаныбарларды өлтүрсө, анда ага табияттын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик түшөт, жана ал шек-күмөнсүз жаза тартуусу керек болот.

Адам баласынын жашоо нормалары жаныбарларга ылайык эмес: жолборс күрүч, буудай жебейт жана уйдун сүтүн ичпейт, себеби анын тамагы үчүн жаныбарлардын эти бөлүнгөн. Жаныбарлардын жана канаттуулардын кээ бир түрлөрү өсүмдүктөр менен, башкалары – тирүү жандардын эти менен тамактанышат, бирок жаныбарлардын эч бири Кудай тарабынан орнотулган табият мыйзамдарын бузушпайт. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоочулар жана жашоонун башка төмөнкү формасынын өкүлдөрү табияттын мыйзамдарына бекем турушат, ошондуктан алар күнөө жасашпайт жана веда эскертмелери аларга арналган эмес. Адамзат жашоосу гана жасаган нерселерине жоопкер.

Бирок вегетарианчы болуу менен эле табият мыйзамдарын бузбай калам деп эсептөө туура эмес болоор. Өсүмдүктөр дагы тирүү, а бирок табият мыйзамы боюнча бир тирүү жан башка тирүү жандар менен тамактана алганы менен, адамзат жашоосунун маңызы Жогорку Кудайды таануу болуусу керек. Ошондуктан адам баласы катаал вегетарианчы болгону үчүн аябай эле кекирейгени жарабайт. Жаныбарларда, Кудайды тааный ала турган өнүккөн аң-сезим жок, бирок адам, веда адабияттарында жазылган билимди алганга мүмкүнчүлүк берген аң-сезимге ээ, жана табияттын мыйзамдары кандай иш аракетте болорун түшүнүп, андан пайда чыгара алат. Эгерде адам баласы веда адабияттарындагы насааттарды барктабаса, ал өзүнүн жашоосун чоң тобокелчиликке салат. Ошондуктан биз Жогорку Кудайдын бийлигин таанып, Анын берилгени болуубуз керек. Адам баласы өзүн бүт бойдон Кудайга кызмат кылууга арнап, Кудайга сунушталган тамактын кешиги менен гана тамактануусу керек. Бул ага өзүнүн милдетин туура аткарганга жардам берет. Бхагавад-гитада (9.26) Кудай Өзү айтат, эгер аруу берилген адам Ага вегетариандык тамак сунуштаса, Ал аны кабыл алат. Ошондуктан катаал вегетарианчы болуп эле тим болбостон Кудайдын берилгени болуп, Кудайга тамак-ашынын бүт баарын сунуштоосу кажет. Ушундан кийин гана адам прасадды, башкача айтканда Кудайдын мээримин жесе болот, ушундай берилген жан гана адамга арналган эскертме милдеттерди ылайыктуу аткара алат. А кимде ким Кудайга тамак сунуштабаса, ал күнөөлөр менен гана тамактанат жана өзүнүн жасаган күнөөлөрүн жоюу үчүн ар кандай азаптарга өзүн дуушар кылат (Б.-г., 3.13).

Күнөөнүн өзөгү, баары Кудайдын менчиги экендигин кабыл алууну каалабай, атайылап табият мыйзамдарын бузгандыкта. Табият мыйзамдарына баш ийбөө, башкача айтканда Кудай тарабынан орнотулган тартипти бузуу, адамды өлүмгө алып барат. Бир жагынан, эгерде адам туура ой жүгүртө алса, табият мыйзамдарын билсе жана керексиз напсиге байлануу же жек көрүү таасирлерине багынбаса, ал өзүнө Кудайдын көңүлүн бурат жана кайрадан Кудайга, өзүнүн түбөлүк үйүнө кайтып барууга укук алат.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада