Шри Ишопанишад
Экинчи Мантра
курванн эвеха кармани
джидживишеч чхата самах
эвам твайи нанйатхето 'сти
на карма липйате наре
курван — улантып; эва — ушундай; иха — ушул жашоо учурунда; кармани — ишкердүүлүк; джидживишет — адам жашап өтүүнү каалоосу керек; шатам — жүз; самах — жыл; эвам — ушундай жашаганга; твайи — сага; на — жок; анйатха — тандамы; итах — бул жолдун; асти — жашайт; на карма — ишкердиксиз; липйате — байланышкан болуусу мүмкүн; наре — адам.
Адам ар дайым ушундай жосун менен, жүздөгөн жылдар жашоону кааласа болот, анткени мындай ишмердик аны карма мыйзамдары менен байланыштырбайт. Адам үчүн башка жол жок.
КОММЕНТАРИЙ: Эч ким өлүүнү каалабайт, баары колдон келишинче узак жашагысы келет. Мындай ниет жалаң бир гана адамга таандык эмес. Ушул сыяктуу тенденцияларды элдердин жамаатынан, уюмдардан жана улуттардан байкаса болот. Тирүү жандардын бардык түрлөрү өз тиричиликтери үчүн күрөшүшөт, жана Ведада айтылат, бул кадимки эле көрүнүш деп. Тирүү жан өзүнүн табиятында түбөлүктүү, бирок, материалдык тиричиликтин туткунунда болуп, ал кайра-кайра өзүнүн денесин алмаштырууга аргасыз. Бул процесс жандын көчүүсү деп аталат, же башкача айтканда карма-бандхана, “өзүнүн ишмердүүлүгүн кулга айландыруу” дегенди түшундүрөт. Адам өзүн багуу үчүн иштөөгө аргасыз, анткени материалдык табияттын мыйзамы ушундай, эгерде ал өзүнүн ишмердүүлүгүндө ал үчүн жазылган милдеттерден баш тартса, анда табияттын мыйзамын бузат жана жандын кайра төрөлүү циклинде, өзүн төрөлүү жана өлүү азабына кабылдырат.
Адамдыкынан башка денеде жашаган тирүү жандар да төрөлүүгө жана өлүүгө аргасыз, бирок, качан тирүү жан адам денесин алганда, ал карманын мыйзамдарынын чынжырын үзүп кеткенге мүмкүнчүлүк алат. Карма, акарма жана викармалар Бхагавад-гитада баяндалган. Шастраларда буйрук кылынган милдеттерди аткаруу менен байланышкан иш-аракеттер карма деп аталат. Төрөлүү жана өлүү айлампасынан кутулуп чыгууга жардам берген иш-аракеттер акарма деп аталат. Адамдын өзүнүн эркиндигине кыянаттык кылган, жана аны төмөнкү жашоо формаларына алып баруучу иш-аракеттер викарма деп аталат. Бул үч иш-аракет формаларынын ичинен, акыл-эстүү адам, аны карманын чынжырынан куткара ала турганын тандайт. Катардагы адам, такыбаа деген атка конуу үчүн жана бул дүйнөдө же бейиште жогорку мансапка жетүү үчүн жакшы жорук-жосундарды жасайт. Бирок руханий жактан өнүккөн адамдар бардык иш-аракеттерден жана анын натыйжаларынан толук кутулууга умтулушат. Акыл-эстүү адамдар жакшы жүрүм-турумдар да, жаман жүрүм-турумдар да материалдык азап чегүүнүн себеби экендигин түшүнүшөт. Ошондуктан алар жакшы да, жаман да жоруктардын натыйжасынан куткара ала турган иштерди жасаганга аракет кылышат. Шри Ишопанишадда ушундай ишмердик жөнүндө баяндалат, анын жардамы менен пенде азаттык алуусу мүмкүн.
Шри Ишопанишаддын насааттары Бхагавад-гитада кененирээк түшүндүрүлгөнү үчүн кээде Гитопанишад, Упанишаданын түпкү маңызы деп аташат. Бхагавад-гитада (3.9-16) Кудай айтат, веда адабияттарындагы буйрук кылынган милдеттерди аткарбай туруп, найшкарма абалына же акармага жетүүгө мүмкүн эмес деп. Веда адамдын энергиясын, өзүнүн иш-аракетинин жүрүшүндө акырындап Жогорку Жандын бийлигин түшүнө алгыдай кылып багыттайт. Качан пенде Кудай Инсандын – Васудева, же Кришнанын жогорку бийлигин түшүнсө – демек, ал позитивдүү билим деңгээлинде турат. Бул өсүү баскычында табияттын гуналары (жыргалчылык, ышкыбоздук жана караңгылык) адамга таасирин токтотот, жана анын ишмердиги найшкармага, башкача айтканда ага төрөлүү жана өлүү айлампасынан кутулууга жардам берүүчү ишмердикке айланат.
Чындыгында, Жогорку Кудайга берилип кызмат кылуудан башка эч нерсе менен алектенүүнүн кереги жок. Бирок жашоонун төмөнкү өсүү баскычында дароо эле берилип кызмат кылууга же карма ишмердүүлүгүн толук токтотуп салууга мүмкүн эмес. Шартталган жан өзүнүн туйгуларын канаатандыруу үчүн, сөздүн тар же кенен маанисинде, өзүмчүлдүк максаттардын артынан түшүп иштөөгө көнгөн. Карапайым пенде сезим ырахаттары үчүн иштейт, а качан сезим ырахаттары анын айланасындагыларга, улут же бүткүл адамзатка тараганда, аны альтруизм, социализм, коммунизм, национализм, гуманизм ж.б. деп атап, ага ар түрдүү жагымдуу аттарды ыйгарышат. Бул измдер, күмөнсүз, карма-бандхананын, ишмердикти кул кылуучунун өтө жагымдуу формалары, бирок Шри Ишопанишаддын ведалык насааттары мындай дейт, эгерде пенде жогоруда көрсөтүлгөн измдердин кайсы бири үчүн жашагысы келсе, анда көңүл борборуна Кудайды коюусу керек. Кимдир бирөө үй-бүлөөлүү, альтруист, социалист, коммунист, националист же гуманист болгусу келгени эч кандай жаман эмес, болгону ал өзүнүн ишмердигинде ишавасья принциби – Кудайдык доктринаны колдонуусу шарт.
Бхагавад-гитада (2.40) Кудай Кришна айтат, Кудайдык ишмердиктер ушунчалык баалуу, кимдир бирөө бир канча эле ушундай жоруктарды жасоо менен эң чоң коркунучтардан кутулуусу мүмкүн. Бизди кооптондурган эң чоң коркунуч – бул 8 400 000 жашоо түрүнөн турган эволюция циклине кайрадан түшүү мүмкүндүгү.
Эгер пенде кайсы бир себептер менен адам формасындагы жашоо аркылуу, руханий өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарса жана эволюция циклине кайрадан түшсө муну анын башына түшчү эң эле чоң бактысыздык катары эсептеш керек. Бирок өзүнүн кемчиликтүү сезимдеринен улам түркөй адам аны кандай коркунуч күтүп турганын түшүнүүгө жөндөмсүз. Ошондуктан Шри Ишопанишад бизге өзүбүздүн энергияны ишавасья деминде колдонууну сунуш кылат. Кимде ким ушундай мамиле кылса өзүнө узак жашоо кааласа болот. Ансыз адамдын узак жашоосунун мааниси жок. Дарактар да көптөгөн жылдар жашай алышат, бирок дарак сыяктуу көп жыл, көөрүк сыяктуу дем алып, чочко жана иттер сыяктуу бала тууп, же төө сыяктуу ичип-жеп жашагандын кандай мааниси бар? Кудайга арналган жупуну жана белгисиз жашоо, Кудайсыз альтруизм же социализм идеяларына курмандык чалынган жашоо болуп саналган укмуштуудай болуп көрүнгөн ыгы жок шылдыңдардан алда канча баалуу.
Качан элдер Шри Ишопанишад деминде арам ойсуз ишмердик менен алектенишсе, бул Бхагават-гитада (18.5-9) сунушталган карма-йоганын бир формасына айланат. Жана кимде ким ушундай ишмердик менен алектенсе аны, жандын кайра төрөлүү эволюциялык циклине кайрадан түшүү коркунучу кооптондурбайт. Эгерде мындай Кудайдык иш-аракет аягына чыкпай калса да, ал баары бир аны менен алектенген кишиге пайда алып келет, жок дегенде кийинки жашоосунда адам денесинде төрөлүүгө кепилдик берет. Ушинтип адам баласы, куткарууга алып баруучу жолдо алга жылганга дагы бир мүмкүнчүлүк алат.
Кудайдык ишмердиктердин ар кандай формалары Шрила Рупа Госваминин “Бхакти-расамрита-синдху” китебинде кеңири баяндалган. Биз бул китепти “Берилгендик ширеси” деп атап англис тилине котордук, жана Шри Ишопанишад деминде аракет кылууну каалагандардын баарына сунуштайбыз.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек