Шри Ишопанишад
Үчүнчү Мантра
асурйа нама те лока
андхена тамасавртах
тас те претйабхигаччханти
йе ке чатма-хано джанах
асурйах —асурларга арналган; нама — төмөнкүдөй наам менен белгилүү; те — тигилер; локах — планеталар; андхена — караңгылык менен; тамаса — түркөйлүк менен; авртах — капталган; тан — тиги планеталар; те — алар; претйа — өлгөндөн кийин; абхигаччханти — түшүшөт; йе — кайсы бир; ке — ар бир; ча — жана; атма — ханах — жан кыйгычтар; джанах — инсандар.
Жан кыйдыга, ал ким болбосун, Кудайсыздык дүйнөлөрү катары белгилүү, карангылыкка жана түркөйлүккө чөмүлгөн планеталар даярдалган.
КОММЕНТАРИЙ: Адам жашоосунун жаныбарлардыкынан айырмачылыгы, тирүү жанга чоң жоопкерчилик таңуулангандыгында. Ким өзүнүн милдеттерин түшүнүп жана аны аткарганга аракет жасаса аны суралар, такыбалар деп аташат, а кимде ким бул милдеттерин барк албаса же булар жөнүндө эч нерсе билбесе, асуралар, жин-шайтандар деп аташат. Ааламда жалаң ушул эки типтеги адамдар жайланышкан. Риг-ведада айтылгандай, суралар дайыма Жогорку Кудай Вишнунун лотостуу таманына умтулушат жана ошого ылайык жүрүм-турумдарды жасашат. Алардын жолу күн нурундай жарык.
Акыл-эстүү адамдар жан, адам формасындагы денени көптөгөн миллион жылдык эволюциядан кийин жана бир денеден экинчи денеге сансыз которулуп жүрүп отуруп алаарын дайыма эстеп жүрүүлөрү керек. Материалдык дүйнөнү кээде океан менен, а адамдын денесин, атайын ушул океанды сүзүп өтүүгө арналган – бекем кайык менен салыштырышат. Веда жазмаларын жана ачарьяларды – касиеттүү устаздарды дасыккан кайыкчыларга, а адам денесине энчиленген жөндөмдүүлүктөрдү – кайыктын барар жерине чейин сүзүп баруусуна жардам берүүчү арттан соккон шамалга салыштырышат. А бирок ага берилген жөндөмдүүлүктөргө карабай, адам баласы жашоосун өзүн-өзү таанып билүү үчүн арнабаса, аны атма-ха, жан кыйды деп аташат. Шри Ишопанишад бизге, жан кыйдыга караңгылыктын капкараңгы аймактарындагы түбөлүктүү азаптар даярдалганын апачык эскертет.
Чочколордун, иттердин, төөлөрдүн, эшектердин жана башкалардын материалдык муктаждыктары, биздики кандай мааниге ээ болсо, алардыкы да ошондой эле мааниге ээ. Бирок бул жаныбарларда экономикалык көйгөйлөрдүн жаралуусу жийиркеничтүү шарттарда чечилүүсү мүмкүн, а адам баласына болсо табият мыйзамдарына ылайык ыңгайлуу шарттарда жашоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, ошондуктан адам формасындагы жашоо жаныбарлардын жашоосунан маанилүүрөөк. Адамга чочко же башка жаныбарларга караганда көп мүмкүнчүлүктөр берилгенине эмне себеп? Эмне үчүн чоң мансаптагы төрөгө мамлекет жөнөкөй майда кызматчыга караганда көбүрөөк ыңгайлуу шарттарды түзүп берет? Буга жооп мындайча, чоң мансаптагы төрөгө жогорку даражадагы милдеттер жүктөлгөн; ушул сыяктуу эле, адам өзүнүн ач курсагын тойгузуу үчүн жашаган жаныбарлардан айырмаланып, маанилүүрөөк милдеттерди аткаруусу керек. Бирок жан кыйды азыркы цивилизация, ач курсактын көйгөйүн чечүү үчүн гана күрөшүп жатат. Эгерде биз азыркы цивилизация адамы түспөлүндөгү рафинирленген жаныбарга кайрылып аны өзүн өзү таануусуна үндөсөк, ал бизге, аны бир гана нерсе кызыктыраарын айтат: кантип курсак тойгузуу керектигин, жана ачкарын адам өзүн өзү таануусу керек деле эместигин. Бирок табият мыйзамдары ушунчалык ырайымсыз болгондуктан, ушул өзүн өзү таануу идеясын четке кагып, өзүнүн кардын тойгузуу үчүн кара терге түшүп эмгектенгени менен, ал дайыма жумушсуздук коркунучунда болот.
Адам формасындагы жашоо бизге эшектер, чочколор жана иттер сыяктуу оор эмгектенүү үчүн эмес, а жашоонун жогорку мыктылыгына жетүү үчүн берилген. Эгерде бизди өзүн өзү таануучулук кызыктырбаса, табият мыйзамдары биз муну кааласак да каалабасак да, бизди жан аябастан иштегенге аргасыз кылат. Адамдар азыркы доордо жүк жүктөлгөн эшектердей же букалардай катуу эмгектенүүгө аргасыз. Шри Ишопанишаддын бул ырында асурлар иштөө үчүн каяка жөнөтүлөрү баяндалган. Эгерде адам ага буйрулган милдеттерди аткарбаса, ал асурйа деп аталган планеталарга түшүп, түркөйлүктө жана караңгылыкта, оор эмгектенүү үчүн, жашоонун төмөнкү формасында төрөлөт.
Бхагавад-гитада (6.41-43) айтылган, адам өзүн өзү таануучулук жолуна түшүп, бирок чын дилинен жасаган аракетине карабай, процессти бүтпөй калса да (б.а. Кудай менен болгон өзүнүн жеке мамилесин калыбына келтире албай калса), шучи же шримата үй-бүлөсүндө төрөлүүгө мүмкүнчүлүк алат. Шучи деген сөз руханий жактан бийик брахман, а шримат – вайшья, соодагер өкүлү дегенди түшүндүрөт. Бул деген өзүнүн Кудай менен болгон мамилесин баамдап бүтпөй калган адамга, ушул жашоосундагы чын дилден болгон аракети үчүн кийинки жашоосунда өзүн өзү таануу жолунда алга жылуусу үчүн эң сонун шарттар берилет. Атүгүл, кимде ким аягына чыкпай бул жолдон чыгып кетсе да, ага кадыр-барктуу жана атактуу үй-бүлөдө төрөлгөнгө мүмкүнчүлүк берилет, а ийгиликке жеткендердин даражасын элестетүү кыйын. Кудайды таануу үчүн болгон бир аз эле аракети үчүн, адамга, бай же атактуу үй-бүлөдө төрөлгөнгө кепилдик бар. Бирок кимде ким мындай аракет жасабаса жана иллюзияны жамынып алган болсо, кимде ким өтө эле дүнүйөкор болсо жана материалдык ырахаттарга байланган болсо, ага тозоктун капкараңгы аймактары даярдалган. Веда жазмаларынын окшоштугу ушунда. Мындай материалист-асуралар кээде аябай динчил болуп көрүнүшөт, бирок акыр түбү алардын жашоосундагы максаты материалдык байгерлик. Бхагавад-гитада (16.17-18) Кришна мындай адамдарды атма-самбхавита деп атап, катуу уяткарат. Бул сөздөр, алар улуу адам кадырына, караңгы адамдардын добуштары менен кубатталган алдамчылыктын жардамы менен жана өздөрүнүн материалдык байлыктарынын жардамы менен жеткенин түшүндүрөт. Өзүн өзү таануучулукту жокко чыгарган жана ишавасья жөнүндө, башкача айтканда баары Кудайга таандык экендигин билгилери келбеген асураларга ааламдын капкараңгы аймактары даярдалган.
Демек, адам өзүнүн экономикалык көйгөйлөрүнүн күмөндүү ыкмаларынын чечимин табууга аракет кылуу үчүн эмес, а табият мыйзамдары ага дуушар кылган материалдык жашоонун мыйзамдарынын бардык көйгөйлөрүнөн кутулуу үчүн жарыкка келет.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек