Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Төртүнчү Мантра

анеджад экам манасо джавийо
наинад дева апнуван пурвам аршат
тад дхавато 'нйан атйети тиштхат
тасминн апо матаришва дадхати

анеджат — кыймылсыз; экам — бир; манасах — акылдан да; джавийах — тезиреек; на — эмес; энат — бул Жогорку Кудай; девах — Индра ж.б.у. сыяктуу перилер; апнуван — жакындоосу мүмкүн; пурвам — алдыда; аршат — көңүл коюп умтулган; тат — Ал; дхаватах — чуркаган; анйан — башкалардан; атйети — артык; тиштхат — бир ордунда калган; тасмин — Анда; апах — жамгыр; матаришва — шамал жана жамгырды башкарган перилер; дадхати — жабдышат.

Кудай Инсан өзүнүн жайында калуу менен, ойдон да тезирээк жылат жана чуркагандардын баарынан озуп кетет. Кудуреттүү перилер Ага жакындаганга жөндөмсүз. Бир эле ордунда калуу менен, Ал шамал жана жамгырды жибергендердин үстүнөн да бийлик жүргүзөт. Өзүнүн мыктылыгында Ал Өзүнө тең келгендерди билбейт.

КОММЕНТАРИЙ: Жогорку Кудай, Абсолюттуу Кудай Инсан болгондуктан, Аны өздөрүнүн акылынын күчү менен таанууга аракет кылган өтө улуу философтор үчүн да Ал таптакыр түшүнүксүз бойдон кала берет. Аны, Ал өзгөчө ырайымын төккөн, Анын берилгендери гана түшүнө алат. Брахма-самхитада (5.37) айтылат, Кудайдын берилгени эмес болгон философ, космосто ойдун же шамалдын ылдамдыгындай миллион жылдар бою саякаттай алышы мүмкүн, бирок, буга карабай, Абсолюттуу Акыйкат андан, баштагыдай эле чексиз алыста турат. Анан Брахма-самхитада айтылат, Жогорку Кудай, Абсолюттуу Кудай Инсан, Өзүнүн оюндары менен ырахаттанган, Өзүнүн Голока деп аталган трансцендеттүү жайында түбөлүк жашайт. Бирок, Өзүнүн таптакыр түшүнүксүз жөндөмдүүлүктөрүнүн аркасында, Ал бир эле учурда Өзүнүн жаралган энергияларынын кайсы болбосун бөлүгүндө боло алат. Вишну-пуранада Кудайдын энергияларын, оттон чыккан жылуулукка жана жарыкка салыштырышат. От белгиленген бир жерде жайгашат, бирок анын жылуулугу жана жарыгы бир кыйла аралыкка таркайт. Ушул сыяктуу, Абсолюттуу Кудай Инсан Өзүнүн энергияларын, Өзүнүн трансценденттүү жайында калуу менен, чар тарапка таратат.

Кудай энергиялары эсепсиз, бирок алардын ичинен үч негизги категорияны бөлүп көрсөтсө болот: ички, чек аралык жана сырткы энергия. Бул категориялардын ар биринин миллиондогон түрлөрү бар. Табигый кубулуштарды жана окуяларды (аба, жарык, жамгыр ж.б.) башкарууга өкүлдөнгөн девалар (перилер), Абсолюттуу Инсандын чек аралык энергиясына таандык. Төмөнүрөөк деңгээлде жайгашкан тирүү жандар, ошондой эле адамдар да Кудайдын чек аралык энергиясына таандык. Материалдык дүйнө Кудайдын сырткы энергиясынын жаралуусу болуп, а Руханий асман, Кудай падышалыгы, - Анын ички энергиясынын айкындалуусу болуп саналат.

Андыктан, Кудайдын ар түрдүү энергиялары баржокто бар. Кудай менен Анын энергияларынын айырмасынын жоктугу, биз бул энергияларды Улуу Акыйкат катары кабыл алуубуз керек дегенди түшүндүрбөйт. Демек, Өзүн, Өзүнүн энергиялары формасында чар тарапка жайылтуу менен, Жогорку Кудай инсан эмес, же башкача айтканда Өзүнүн айрымдуулугун жоготот деп эсептеген да жарабайт. Элдер өздөрүнүн ойжорумдарында жеке акыл жөндөмдүүлүктөрүнө таянганга көнүп калышкан, бирок Жогорку Кудай биздин чектелген акыл-эсибиздин чегинен сырткары турат. Ошондуктан Упанишадалар, Кудайды чектелген акыл жөндөмдүүлүктөрүбүзгө таянуу менен түшүнүү мүмкүн эместигин эскертет.

Бхагавад-гитада Кудай, Аны атүгүл улуу ришилер жана суралар да түшүнө албастыгын айтат. Анда, Кудай жолу, ар дайым жети катар кулпунун артындагы сыр бойдон калуучу асурлар жөнүндө эмне десе болот? Шри Ишопанишаддын бул мантрасынан, Абсолюттуу Акыйкат акыр аягы, талашсыз, Абсолюттуу Инсан экендиги келип чыгат. Ансыз ушундай ар түрдүү, Абсолюттуу Акыйкат инсандын сапаттарына ээ экендигин тастыктаган жүйөөлүү далилдерди келтирүүнүн кажети болмок эмес.

Кудайдын энергияларынын өзүнчө бөлүкчөлөрүнө Анын бардык касиеттери энчиленген, бирок алардын ишмердик чөйрөсү чектелүү, ошондуктан алар өздөрү дагы чектелүү. Бөлүктү эч качан бүтүнгө салыштырууга болбойт, ошондуктан алар Кудайдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн аягына чейин таанууга жөндөмсүз. Материалдык табияттын таасири астында, болгону Кудайдын ажырагыс бөлүчөлөрү болуп саналган түркөй жана караңгы тирүү жандар, Кудайдын трансценденттүү табиятын түшүнүү үмүтү менен, илимий божомолдорду түзгөнгө аракет кылышат. Шри Ишопанишад алардын Кудайды спекулятивдик талкуулоо жолу менен таанууга болгон аракеттеринин пайдасыздыгын эскертет. Трансценденттүүлүктүн табиятын, ведалардын улуу булагы Кудайдын Өзүн угуу аркылуу түшүнгөнгө аракет жасоо керек, себеби Кудайдан башка эч ким Трансценденттүү жеткилең билимге ээ эмес.

Толук Бир Бүтүндүн ар бир бөлүкчөсүнө, Кудайдын эрки менен аракет кылууга мүмкүндүк берүүчү белгилүү энергия энчиленген. Качан ал өзүнүн милдеттерин унутканда, ал майяда, иллюзияда турат деп айтышат. Ошондуктан Шри Ишопанишад эң биринчи, биз Кудай тарабынан бөлүнүп берилген ролду гана ойноого аракет жасообуз керектигин эскертет. Бирок бул, индивидуалдуу жан, эркиндигин көрсөтө албайт дегендик эмес. Кудайдын ажырагыс бөлүкчөсү болуу менен, ал Кудайга таандык эркиндикке да ээ болуусу керек. Качан адам баласы өзүнө берилген эркиндикти акыл-эс менен пайдаланса, башкача айтканда, баары Кудайдын энергиясы экенин түшүнүп, өзүнүн эмгекчил табиятын көрсөтсө, бул ага өзүнүн, майа - сырткы энергия менен жанышуусунун натыйжасында ажырап калган баштапкы аң-сезимин кайра калыбына келтирүүсүнө жардам берет.

Биз өзүбүздүн энергияларыбыздын баарын Кудайдан алабыз, ошондуктан аны эч бир башка нерселерге эмес, жалаң Кудайдын эркин аткаруу үчүн гана колдонуубуз керек. Кимде Кудайдын эркин аткаруу каалоосунан башка каалоо калбаса, ошол гана Аны тааный алат. Жеткилең билим Кудайды Анын бүт аспекттеринде, Анын энергияларын, жана алардын кантип Анын эркине баш ийип аракеттенүүсүн таанууну көздөйт. Бул Упанишадалардын түпкү маңызы болгон Бхагавад-гитада кенен баяндалган.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада