Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Бешинчи Мантра

тад эджати тан наиджати
тад дуре тад в антике
тад антар асйа сарвасйа
тад у сарвасйасйа бахйатах

тат — ушул Жогорку Кудай; эджати — басып жүрөт; тат — Ал; на эджати — басып жүрбөйт; тат — Он; дуре — биерден алыс; тат — Ал; у — ошол эле учурда; антике — абдан жакын; тат — Ал; антах — ичинде; асйа — мунун; сарвасйа — баарында; тат — Ал; у — ошол эле учурда; сарвасйа — баарында; асйа — мунун; бахйатах — сырткары.

Жогорку Кудай басат да, баспайт да. Ал алыста, ошол эле учурда өтө жакында. Ал баарынын ичинде, жана ошол эле учурда Ал баарынан сыртта.

КОММЕНТАРИЙ: Бул мантрада Жогорку Кудайдын акыл жеткис энергиялары аркылуу болгон, трансценденттүү иш-аракеттеринин кээ бирлери тууралуу баяндалат. Бул жерде келтирилген, бири бирине карама-каршы келген ырастоолор, Кудайдын энергияларынын акыл жеткис экендигин далилдейт. Ал басат жана баспайт. Адатта, кимде ким баса алса, аны баспайт деп айтса бул логикага туура келбейт. Бирок качан сөз Кудай жөнүндө болгондо, мындай карама-каршылык Анын акыл жеткис кудуреттүүлүгүн гана тастыктайт. Биздин билимибиздин тардыгы мындай карама-каршылыктарды жоё албайт, ошондуктан биздин Кудай жөнүндөгү элестетүүбүз биздин акыл жөндөмдүүлүктөрүбүздүн кууш чеги менен чектелген. Мисалга алсак, майавада мектептериндеги философ-имперсоналисттер Кудайдын Инсандык сапаттары көрсөтүлбөгөн жактарын гана билишет, жана Инсандык аспектин жокко чыгарышат. Бирок бхагавата мектеби, Кудай жөнүндөгү улуу түшүнүктү жактоо менен, Кудайдын, бир эле учурда Аны инсандык да, инсан эместик да өзгөчөлүккө ээ кылдырган, акыл жеткис энергияларынын бар экендиги жөнүндө айтат. Бхагаваталар, эгерде биз акыл жеткис энергиялардын бар экендигин кабыл албасак, анда Жогорку Кудай деген түшүнүк маанисин жоготорун билишет.

Кудайды өз көзүбүз менен көрбөгөн үчүн эле, Ал инсан катары жашабайт деген жарабайт. Бул аргументти жокко чыгаруу үчүн Шри Ишопанишад, Кудайдын өтө алыс, ошол эле учурда бизге өтө жакын экендигин тастыктайт. Кудайдын жайы, бизге чеги белгисиз болгон материалдык асмандан сырткары жайгашкан. Эгерде биз, атүгүл материалдык асмандын чегине да жете албасак, материалдык асмандан сырткары жайылып жаткан рухий асмандын канчалык алыста экендигин элестетип көрөлүчү. Рухий асман Бхагавад-гитада тастыкталгандай материалдык ааламдан аябай алыста жайгашкан. Бирок Кудай бизден өтө алыста экендигине карабай, Ал бизге көз ирмемде, шамалдын же ойдун ылдамдыгынан алдаганча жогору болгон секунданын кипкичинекей эле бөлүгүндө келе алат. Ал ушунчалык тез чуркаганга жөндөмдүү болгондуктан, эч кимдин Андан ашып кеткенге дарамети жетпейт. Бул жөнүндө мурунку бөлүмдө эле айтылган.

Антсе да, Жогорку Кудай биздин алдыбызга келгенде биз ага жогортон карайбыз. Кудай муну Бхагавад-гитада айыптайт, түркөйлөр Аны жөнөкөй, катардагы ажалдуу пенде катары кабыл алып шылдыңдашат деп. Ал катардагы ажалдуу пенделердин катарына кирбейт жана материалдык табияттан жаралган денеде бизге келбейт. Көптөгөн жалганчы окумуштуулар материалдык дүйнөгө келүү менен, Кудай катардагы тирүү жандар сыяктуу материалдык дене алат дешет. Кудайдын акыл жеткис жөндөмдөрүн билбестен, бул түркөйлөр Аны катардагы пенделердин деңгээлине түшүрүшөт.

Кудай акыл жеткис энергияларга чөмүлгөн, ошондуктан Ал биздин кызматыбызды каалагандай формада кабыл ала алат, жана Өзүнүн ар түрдүү энергияларын, Өзү каалагандай өзгөртө ала турган жөндөмгө ээ. Динсиздер, Кудай материалдык дүйнөгө келе албайт же эгерде Ал бул жака келсе деле, Ал материалдык энергия аркылуу жаратылган денеде келет деп ырасташат. Эгерде биз Кудайдын акыл жеткис энергияларынын бар экендигин моюнга алсак, мындай далилдер күчүн жоготот. Атүгүл Кудай материалдык энергия аркылуу жаратылган денеде биздин алдыбызга келсе да, Ал бул материалдык энергияны руханий энергияга айландырып салууга толук кудуреттүү экендигин биз ошондо түшүнөбүз. Бул эки энергия тең бир булактан жаралат жана ошон үчүн анын эркине баш ийет. Мисалы, Кудай арча-виграха түспөлүндө пайда болушу мүмкүн, башкача айтканда Кудайча формасында, ылайдан, таштан же жыгачтан жасалган өңдүү. Бул формалар жыгачтан, таштан же башка нерседен жасалганына карабастан, буттарга каршы күрөшүүчүлөрдүн оюна карабай, алар эч кандай бут болуп эсептелишпейт.

Жетиксиз көр тирилик өткөргөндөрдүн баарында бар кемчиликтүү көз, бизге Жогорку Кудайды көрүүгө тоскоолдук кылат. Бирок Аны материалдык көздөрү менен көргүсү келген, берилген жандарга кайрымдуулук кылып, Кудай алардын ибадатын кабыл алуу үчүн материалдык деп аталган формада келет. Бул, мындай берилип кызмат кылуунун төмөнкү тепкичинде турган берилгендер бутка сыйынышат дегендик эмес. Чындыгында, алар, аларга түшүнүүгө жеңил болгон түрдө көрүнүүгө макул болгон Кудайга сыйынышат. Арча формасы сыйынуучунун каалоосуна же эңсөөсүнө ылайык жасалган форма эмес, а Өзүнүн бардык атрибуттары менен түбөлүк жашайт. Ак ниеттүү берилген жан муну сезе алат, а каапырлар сезе алышпайт.

Бхагават-гитада (4.11) Кудай, Анын берилгенине болгон мамилеси анын сүйүүсүнүн тереңдигине жана берилгендигине жараша болорун айтат. Ал, Ага толук берилгендерден башка эч кимге Өзүн ачпаганга укуктуу. Ошондуктан, Ал Ага берилген жанга ар дайым жеткиликтүү, а Ага берилбеген пендеден Ал чексиз алыс, жана Ага жакындоо мүмкүн эмес.

Ушуга байланыштуу, Кудай таануучу жазмаларда көп колдонулган жана Кудайды мүнөздөөчү эки сөзгө көңүл буруу керек: сагуна (сапаттары менен) жана ниргуна (сапаттарысыз). Кээ бир комментарий берүүчүлөр сагуна деген сөз, сезимдер менен кабыл алынуучу сапаттарга ээ Кудайдын кейиптелүүсүнө тиешелүү, ошондуктан бул дүйнөгө келүү менен Кудай материалдык форма алат жана материалдык табияттын мыйзамдарынын бийлигине дуушар болот деп божомолдошот. Бирок чындыгында мындай эмес. Кудай үчүн материалдык энергия менен руханий энергиянын айырмасы жок, себеби Ал – бардык энергиялардын булагы. Ал бардык энергияларды башкаруучу, ошондуктан бизден айырмасы, эч качан алардын таасирине дуушар болбойт. Материалдык энергия Анын бийлигинде, ошондуктан Ал материалдык энергияны, ал энергиянын сапаттарынын таасирине дуушар болбостон, Өзүнүн көздөгөнүндөй колдоно алат. (Мунун мааниси Ал – ниргуна, сапаттарысыз.) Бирок, бул, Кудай формасыз дегендик эмес. Акыр түбү Ал – түбөлүктүү форма, эң баштапкы Кудай. А Анын инсансыз жагы, Брахман нуру, - бул болгону Анын Инсандыгынан чыккан, күндүн нуру Күн Перисинин жарыгы болгону сыяктуу эле нур.

Качан Прахлада Махараждан, касиеттүү баладан, каапыр атасы: «Канакей сенин Кудайың?», - деп сураганда, Прахлада Кудай баржокто бар, деп жооп берди. Ачуусу келип, атасы айтты: «Бул дегениң, сенин Кудайың хан сарайдын түркүгүндө да барбы?», - буга бала: «Ооба», деп жооп берди. Анда каапыр-хан алдында турган түркүктү талкалады, так ошол учурда андан Кудай, Нрисимханын (жарымы адам, жарымы арстан) кейпинде пайда болду жана каапыр-ханды өлтүрдү. Андыктан, Кудай баржоктун ичинде болот жана баарын Өзүнүн ар түрдүү энергиялары менен жаратат. Өзүнүн акыл жеткис жөндөмдөрүнүн аркасында, Өзүнүн ак ниеттүү берилгендерине ырайымын тартуулоо үчүн Ал каалаган жерде пайда боло алат. Кудай Нрисимха түркүктүн ичинен каапыр-хандын буйругу менен эмес, а Өзүнүн берилгени Прахладанын каалоосун аткарып пайда болду. Каапыр, Кудайды алдына келтирем деп зордой албайт, бирок Өзүнүн берилгенине мээримин төгүү үчүн, Кудай кай жерде болбосун пайда боло алат. Бхагавад-гита (4.8) дагы Кудай бул дүйнөгө динсиздерди жок кылып, динчилдерди коргоо үчүн келерин ырастайт. Албетте, динсиздерди жок кылуу үчүн Кудайда көптөгөн энергия жана Ансыз деле бул маселени аткара алган элчилери бар, бирок Өзүнүн берилгендерине кам көрүү Кудайга ырахат тартуулайт, ошондуктан Ал Өзү материалдык дүйнөгө келет. Негизинен, Ал Өзүнүн берилгендерине мээримин төгүү үчун гана келет, андан башка эч нерсе үчүн эмес.

Брахма-самхитада (5.35) айтылат, Говинда, эң баштапкы Кудай, Өзүнүн толук бөлүгүндөгү кейпинде баржоктун ичине кирет. Ал ааламга жана анын ар бир атомуна кирет. Ал Өзүнүн вират келбетинде баржоктон сырткары жана антарьями баржоктун ичинде турат. Антарьями катары, Ал биздин бардык жоруктарыбыздын күбөсү болуп, бизди биздин иш-аракеттерибиздин жемиши (карма-пхала) менен сыйлайт. Биз өзүбүз баштагы жашоолорубузда эмне жасагандарыбызды унутуп калышыбыз мүмкүн, бирок Кудай биздин бардык жоруктарыбызды байкап тургандыктан, биздин иш-аракеттерибиздин жыйынтыгы эч качан жок болбойт жана биз алардын кесепеттерин башыбыздан өткөрүүгө мажбурбуз.

Негизинен, баржоктун ичинде да сыртында да Кудайдан башка эч нерсе жок. Баржок, оттон чыккан жылуулук жана жарык сыяктуу, Анын түрдүү энергияларынын көрүнүшү. Бул жагынан Анын көп түрдүү энергиялары бири-бирине окшош. Бирок бул окшоштукка карабай, Кудай Өзүнүн инсандык келбетинде, Анын кипкичинекей ажырагыс бөлүкчөлөрү – тирүү жандарга кенедей эле жыргал тартуулагандардын баары менен чексиз ырахаттанат.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада