Шри Ишопанишад
Алтынчы Мантра
йас ту сарвани бхутанй
атманй эванупашйати
сарва-бхутешу чатманам
тато на виджугупсате
йах — кимде ким; ту — бирок; сарвани — баары; бхутани — тирүү жандар; атмани — Жогорку Кудай менен байланышта; эва — гана; анупашйати — белгилүү абалдагы көз караш менен байкайт; сарва-бхутешу — ар бир тирүү жанда; ча — жана; атманам — Улуу Рухту; татах — анда; на — жок; виджугупсате — кимдир бирөөнү жактырбайт.
Кимде ким баарын Жогорку Кудай менен байланышта көрсө, ким бардык тирүү жандарды Анын ажырагыс бөлүкчөлөрү катары жана Жогорку Кудайды баржокто көрсө, анда, эч качан кимгедир же эмнегедир жек көрүү болбойт.
КОММЕНТАРИЙ: Бул мантра маха-бхагавата, баарын Жогорку Кудай Инсан менен байланышта көргөн улуу инсан жөнүндө баяндайт. Жогорку Кудайдын бар экендигин таанып билүүнүн үч баскычы бар. Каништха-адхикари – бул Кудайды таануунун төмөнкү тепкичинде турган адам. Ал сыйынуучу жайга келет: чиркөөгө, храмга же мечитке (кайсы динди тутунганына жараша) – жана ал жерде Кудайга ыйык жазуулардагы көрсөтмөлөргө жараша сыйынат. Бул деңгээлдеги берилген жан, Кудай, атайын Ага сыйынуу үчүн бөлүнгөн жайларда гана болот, андан башка эч жерде болбойт деп эсептейт. Ал берилип кызмат кылууда кайсы бир адам кандай абалда экендигин аныктаганга, жана да ким Жогорку Кудайды тааныды, а ким тааный электигин түшүнгөнгө жөндөмсүз. Мындай берилгендер шаблондуу эскертме жазууларга ээрчийт жана, кайсы бир сыйынуунун түрү башкасынан жакшы деп эсептеп, далай ирет бири бири менен касташат. Мындай, берилип кызмат кылуунун төмөнкү баскычында турган каништха-адхикарилерди, эми эле рухий баскычка жетүү үчүн материалдык чеңгелден кутулууга аракет кыла баштаган берилген-материалисттер деп аташат.
Берилип кызмат кылуунун экинчи баскычына жеткендерди, мадхьяма-адхикари деп аташат. Бул берилгендер тирүү жандардын төрт тибинин айырмачылыгын көрүшөт: 1) Жогорку Кудайдын; 2) Кудайдын берилгендеринин; 3) Кудай жөнүндө эч нерсе билбеген күнөөсүз адамдардын; 4) Кудайга ишенбеген жана Ага кызмат кылуу менен алек болгондорду жек көргөн каапырлардын. Мадхьяма-адхикари бул төрт категорияга таандык болгондор менен өзүн ар түрдүүчө алып жүрөт. Алар Кудайга Андан өзүлөрүнүн сүйүү объектисин көрүп сыйынышат, берилип кызмат кылуу менен алек болгондор менен достошушат, Кудайга болгон күнөөсүздөрдүн жүрөгүндө үргүлөп турган сүйүүнү ойготууга аракет кылышат, жана Кудайдын атын шылдыңдаган каапырлардан алыс болушат.
Мадхьяма-адхикариден, баарын Жогорку Кудай менен өз ара байланышта көргөн уттама-адхикари жогору турат. Мындай берилген жан, динчилдер менен каапырларды бөлүп карабайт, а ар бирин Кудайдын ажырагыс бөлүкчөлөрү катары карайт. Ал билимдүү брахман менен тентиген иттин негиздүү айырмасы жок экендигин, ал дагы, бул дагы, баштагы жашоолорундагы сапаты жагынан ар түрдүү дүнүйөлүк иш-аракеттеринин натыйжасында алышкан, ар башка денелерде жайгашканына карабастан Кудайдын ажырагыс бөлүкчөлөрү экендигин билет. Ал, брахмандын денесинде жайгашкан Жогорку Кудайдын бөлүкчөсү, өзүнүн Кудай тарабынан берилген көз карандысыздыгына кыянаттык жасабаганын, а иттин денесинде жайгашкан Кудайдын бөлүкчөсү өзүнүн көз карандысыздыгын туура эмес колдонгонун, ошондуктан табият мыйзамдары менен жазаланып, жаныбардын денесине камалганын түшүнөт. Уттама-адхикари брахман жана иттин иш-аракеттеринин айырмачылыгына көңүл бөлбөстөн экөөнө тең жакшылык кылганга аркет жасайт. Мындай билимдүү берилген жанды материалдык денелер жолдон чыгара албайт, аны дененин ичиндеги руханий учкун кызыктырат.
Кимде ким уттама-адхикарини туурап, жалпы теңдик жана боордоштук идеясын жарыя кылып, бирок өзүнүн жүрүм-турумунда жашоонун денелик көз карашына жетектелсе, ал алдамчы филантроп болуп саналат. Жалпы боордоштук идеясын жеке рухтун жана баржокто болуучу – Жогорку Кудайдын толук экспанциясы болгон Жогорку Рухтун табиятын түшүнбөгөн келесоо адамдардан эмес, уттама-адхикариден үйрөнүү керек.
Шри Ишопанишаддын бул мантрасында адам байкоосу керек экендиги, башкача айтканда нерселерге белгилүү тараптан кароо керек экендиги апачык айтылат. Бул биз ачарьяга, улуу устатка эрчүү керек экендигибизди түшүндүрөт. Бул жерде колдонулуучу санскрит сөзү, – анупашйати. Ану - амал кылуу, пашйати – байкоо дегенди түшүндүрөт. Ошентип, анупашйати деген сөз нерселерди демейдеги, куралсыз көзгө көрүнгөндөй кабыл алуу керек дегенди эмес, а ачарьялардын изи менен эрчүү керек дегенди түшүндүрөт. Материалдык кемчиликтер, демейдеги, куралсыз көзгө нерселердин чыныгы табиятын көрүүгө мүмкүндүк бербейт. Улуу кадырлууларды укпай туруп, чыныгы көрөгөч болуу мүмкүн эмес. Улуу кадыр-барк болуп, Кудайдын Өзү тарабынан ачылган веда даанышмандыгы эсептелет. Веда акыйкаты Кудайдан башталып, Брахмага, Брахма – Нарадага, Нарада – Вьясага, Вьяса – өзүнүн көптөгөн окуучуларына өткөрүп келген, окуучулук мурас тизими аркылуу өткөрүлүп берилет. Илгери Ведаларды жазганга эч кандай зарылдык жок болчу, анткени байыркы убактарда адамдар мыкты акылга жана эс тутумга ээ болушкан. Аларга, буга амал кылуу үчүн бир эле жолу устаттын оозунан угуу жетиштүү болчу.
Азыр Кудай таануучу жазмаларга көптөгөн комментарийлер басылып чыгарылып жатат, бирок көпчүлүк комментаторлор, веданын түпкү эрежелеринин түзүүчүсү Шрила Вьясадевадан келген окуучулук мурас тизиминде жатпайт. Шрила Вьясадеванын акыркы, Веданта-сутранын табигый чечмелөөсү, эң мыкты жана улуу эмгеги – Шримад Бхагаватам болуп саналат. Мындан сырткары, Кудайдын Өзү тарабынан айтылып Вьясадева тарабынан жазылган Бхагавад-гита да бар. Бул, Кудай таануучу жазмалардын эң маанилүүлөрүнөн, жана Гитанын же Шримад-Бхагаватамдын принциптерине каршы келген ар бир комментарий, кадырсыз болуп саналат. Упанишада, Веданта, Веда, Бхагавад-гита жана Шримад-Бхагаватам окуулары бири-бирине толук уйкашат, жана Вьясадеванын мектебине таандык болбой жана Шри-Ишопанишадда баяндалган Кудай Инсандын жана Анын көп түрдүү энергияларынын барлыгына ишенбей туруп, Ведаларга таандык кандайдыр бир башка тыянак чыгарууга эч ким аракет кылбоосу керек.
Бхагавад-гитага (18.54) ылайык, кимде ким кутулуу баскычына (брахма-бхута) жетсе гана, жана ар бир тирүү жанда өз тууганын көргөн болсо гана уттама-адхикари боло алат. Дайыма тигил же бул материалдык пайданын артынан кууган саясатчылар, мындай көрөгөчтүккө ээ эмес. Кимде-ким уттама-адхикаринин жоругун туураса, ал башка адамдардын (атак-даңк үчүн же кандайдыр бир сыйлык үчүн) материалдык денесине кызмат кылат, бирок ал руханий жанга кызмат кылууга жөндөмсүз. Мындай туурамчылар руханий дүйнө тууралуу эч нерсе билишпейт. А уттама-адхикари материалдык денеден жанды көрөт жана ага рух катары кызмат кылат, жана ошондо материалдык жыргалчылык ага өзүнөн өзү эле келет.
Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада
- Киришүү
- Кайрылуу
- Биринчи Мантра
- Экинчи Мантра
- Үчүнчү Мантра
- Төртүнчү Мантра
- Бешинчи Мантра
- Алтынчы Мантра
- Жетинчи Мантра
- Сегизинчи Мантра
- Тогузунчу Мантра
- Онунчу Мантра
- Он биринчи мантра
- Он экинчи мантра
- Он үчүнчү мантра
- Он төртүнчү мантра
- Он бешинчи мантра
- Он алтынчы мантра
- Он жетинчи мантра
- Он сегизинчи мантра
- Автор жөнүндө
- Ысымдар жана терминдер сөздүгү
- Бхакти-йога баарыбыз үчүн
- Мантра сүкүтү
- Жапа
- Киртан
- Негизги принциптер
- Прасад – руханий тамак
- Прасадды кантип жасоо керек
- Кришнага тамакты кантип тартуулоо керек