Шри Ишопанишад

кыргыз тилинде

Жетинчи Мантра

йасмин сарвани бхутанй
атмаивабхуд виджанатах
татра ко мохах ках шока
экатвам анупашйатах

йасмин — ушул абалда; сарвани — баары; бхутани — тирүү жандар; атма-чит-кана – руханий учкун; эва — жалаң; абхут — катары жашайт; виджанатах — ким билсе, ошого; татра — тиякта; ках — эмне; мохах —куру кыял; ках — эмне; шоках — чочулоо; экатвам — сапат жагынан бирдей; анупашйатах — нерселерди кадырлуулардын көзү менен көргөнгө, же кимде ким кандай болсо ошондой көрсө.

Кимде ким, дайыма, бүт тирүү жандарды, сапаты жагынан Кудай менен бирдей болгон руханий учкун катары көрсө, бардык нерсени кандай болсо ошондой кабыл алат. Ал үчүн, куру кыялга жана тынчсызданууга эмне себеп болушу мүмкүн?

КОММЕНТАРИЙ: Жогоруда айтылган мадхьяма-адхикари жана уттама-адхикариден башка эч ким, тирүү жандын руханий табиятын туура түшүнүүгө жөндөмсүз. Оттун учкундары сапаты жагынан оттун жалынынан айырмасы жок болгондой эле, тирүү жандар да сапаты жагынан Жогорку Кудайга окшош. Бирок саны жагынан, учкундан чыккан жылуулук жана жарыктын санын отко салыштырганга болбогон сыяктуу эле, учкундарды отко салыштырууга болбойт. Качан маха-бхагавата, улуу берилген жан, бүткүл жаралуунун бир бүтүндүгүн көрсө, анда ал баарын, Жогорку Кудайдын энергиясы катары карайт дегенди түшүндүрөт. Энергия менен энергия булагынын айырмасы жок болгондуктан, бул бир бүтүндүк өзүнө анык негизди камтыйт. Аналитикалык жактан алганда, жылуулук жана жарык оттон айырмаланганына карабай, жылуулуксуз жана жарыксыз оттун мааниси жок. Ошентип, бир бүтүн катары каралган жылуулук, жарык жана оттун бири биринен айырмасы жок.

Бул мантрада экатвам анупашйатах деген сөз бардык тирүү жандардын бир бүтүндүгүн, Кудай таануучу жазмалардын көз карашы менен карообуз керек дегенди түшүндүрөт. Жогорку бүтүндүн (Кудайдын) өзүнчө учкундары, бүтүндүн белгилүү сапаттарынын дээрлик сексен пайызына ээ, бирок Жогорку Кудайга саны жагынан барабар эмес. Биз бул сапаттарга ээбиз, бирок кенедей санда гана, себеби тирүү жан толук бүтүндүн кенедей гана бөлүкчөсү болуп саналат. Бул тамчы суу менен океанды салыштырган сыяктуу: океандын тамчы суусундагы туздун санын бүткүл океандагы туздун саны менен салыштырууга болбойт, бирок ошондой болсо да тамчыдагы туз сапаты, химиялык курамы жагынан океандагы туздан айырмаланбайт. Эгерде индивидуалдуу тирүү жан Жогорку Кудайга сапаты жагынан да, саны жагынан да барабар болгон болсо, анда ал материалдык энергиянын таасирине кириптер болмок эмес. Мурунку мантраларда эчак эле айтылгандай, бир да тирүү жан, атүгүл эң кудуреттүү девалар (перилер) да, Жогорку Жандан артыкча боло алышпайт. Ошондуктан экатвам деген сөз тирүү жан бардык жагынан Жогорку Кудайга барабар дегенди түшүндүрбөйт. Кенен мааниде колдонулгандыктан, ал, бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары дал келген үй-бүлө сыяктуу, же көп сандагы ар түрдүү элдерден турганына карабай, улуттук кызыкчылыктары бирдей болгон улут сыяктуу Кудай менен тирүү жандын кызыкчылыктарынын бирдейлигин көрсөтөт. Бардык тирүү жандар, бир улуу үй-бүлөөнүн мүчөлөрү болуп саналышат, ошондуктан алардын кызыкчылыктары Жогорку Жандын кызыкчылыгы менен дал келет. Тирүү жандар – Жогорку Жандын балдары. Бхагавад-гитада (7.5) айтылгандай, ааламдагы бардык тирүү жандар, канаттуулар, сойлоочулар, сууда жашоочулар, дарактар ж.б., Жогорку Кудайдын чегаралык энергиясынан жаралышкан, ошондуктан алар баары, башында Жогорку Жан турган, бир үй-бүлөгө таандык, жана алардын кызыкчылыктары бири-бирине каршы боло албайт.

Веданта-сутрада (1.1.12) айтылган: ананда-майо 'бхйа сат — руханий жандар жыргал үчүн жаралышкан. Өзүнүн табиятында жана мыйзамында ар бир тирүү жан, Жогорку Кудай жана Анын кайсы болбосун бөлүкчөсүн кошуп эсептегенде, түбөлүк жыргал үчүн жаралышкан. Материалдык кабыкка камалган тирүү жандар, ар дайым жыргалчылык издешет, бирок алар аны ыңгайсыз жайдан издешет. Материалдыктан тышкары, Жогорку Жан Өзүнүн сан жетпеген достору менен ырахаттануучу руханий дүйнө бар. Бул дүйнөдө материалдык сапаттардын изи да жок, ошондуктан ал ниргуна деп аталат. Ниргуна дүйнөсүндө жыргал объекттери үчүн салгылашуу болбойт. Бул жерде, материалдык дүйнөдө, дайыма түрдүү жандардын ортосунда салгылашуу жаралат, себеби мында чыныгы жыргал борбору жок. Чыныгы жыргал борбору, улуу, руханий раса бийинин борбору Жогорку Кудай болуп саналат. Биз баарыбыз Ага биригүү үчүн жана бир трансценденттүү максатты көздөгөн, чыр-чатаксыз жашоо менен ырахаттануу үчүн жаралганбыз. Бул руханий умтулуулардын эң жогорку тепкичи, жана биримдиктин бул мыкты формасын түшүнгөнүбүздө, биз куру кыялдан (моха) жана азаптан (шока) түбөлүк кутулабыз.

Кудайсыз цивилизация куру кыял аркылуу жаралат жана жалаң азап жаратат. Азыркы учурдагы саясатчылар жактаган, Кудайсыз цивилизация адамдары дайыма чочулап турушат, себеби кайсы учурда болбосун анын акыр-аягы келиши мүмкүн экендигин билишет. Табият мыйзамы ушундай. Жана, Бхагавад-гитада (7.14) айтылгандай, табияттын катаал мыйзамдарынын бийлигинен Жогорку Кудайдын лотостуу таманына берилген адам гана чыга алат. Ошондуктан, эгерде биз бүт адашуулардан жана чочулоолордон арылууну, жана бүткүл ар-түрдүү кызыкчылыктарды жалпы бир калыпка салууну кааласак, анда Кудайды биздин бардык иш-аркеттерибиздин борборуна коюубуз керек.

Биздин иш-аракеттерибиздин жемиши эч кандай башка максатта эмес, Кудайга кызмат кылуу үчүн гана колдонулушу керек, себеби, Кудайдын кызыкчылыгына кызмат кылуу менен, биз ушул мантрада айтылган, атма-бхута кызыкчылыгын сезе алабыз. Бхагавад-гитада (18.56) эскертилген атма-бхута кызыкчылыгынын жана брахма-бхута кызыкчылыгынын мааниси бир. Жогорку атма, жан – бул Кудай Өзу, а кенедей атма – бул тирүү жан. Жогорку атма, же Параматма, бардык чексиз кичинекей индивидуалдуу жандардын тиричилигин жалгыз жөлөп-таяп турат, себеби Жогорку Кудай алардын сүйүүсү менен ырахаттангысы келет. Ата ырахаттануу үчүн, өзүн, өзүнүн балдары кейпинде таратат жана аларга кам көрөт. Эгерде балдары атасынын эркине баш ийсе, үй-бүлөнүн иши шар кетет, анын бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары дал келет, жана үй-бүлөдө жагымдуу чөйрө жаралат. Кудайдын эрки менен мындай чөйрө Улуу Рух, Парабрахмандын абсолюттуу үй-бүлөсүндө өкүм сүрөт.

Парабрахман тирүү жандар сыяктуу эле инсан болуп саналат. Кудай да, тирүү жандар да инсансыз эмес. Бул трансценденттүү инсандар трансцендентүү ырахатка, билимге жана түбөлүк жашоого чөмүлүшкөн. Руханий жашоонун табияты ушундай, жана качан адам баласы ушул трансценденттүү табиятты толук түшүнгөндө, ал дароо эле Жогорку Жан, Шри Кришнанын лотостуу таманына өзүн арнайт. Бирок мындай махатмалар, улуу жандар, өтө сейрек кездешет, себеби мындай трансценденттүү көрөгөчтүккө көптөгөн жашоолордон кийин гана ээ болуу мүмкун. Бирок кимде ким кайсы бир учурда ага ээ болгон болсо, куру кыял, кайгы, төрөлүү, өлүү, ушул жашоодо биздин башыбызга түшүүчү материалдык тиричиликтин азаптары мындан ары болбойт. Шри Ишопанишаддын бул мантрасынын мааниси ушунда.

Шри Ишопанишад китебин байыркы санскрит тилинен англис тилине которуп,
комментарий жазган - Анын Кудайдык ырайымы А. Ч. Бхактиведанта Свами Прабхупада