Бишкектеги веда маданияты борбору — максаты таза жашоо, ой жүгүртүү жана иш-аракет жөнүндө билим алуу жана аны таратуу болгон көз каранды эмес проект.
VEDA.KG — «жаша кантип болсо да» же «жашоодон баарын ал» сыяктуу мамилеге канааттанбагандар үчүн сайт. Биз, алыс кармана турган көптөгөн нерселер бар экенин түшүнөбүз. Адам өмүрү кыска жана маанилүү болушу керек. Азыркы муун үчүн веда адабияттары аркылуу жеткен алгачкы билимди өздөштүрүү эң жакшы варианттардын бири — Ведалар. Буга йога, аюрведа жана рух жөнүндөгү илим кирет.
Биз билим алуучуларда чыныгы сапаттуу өзгөрүүлөр башталганда гана ал чыныгы билим болору жөнүндө эсеп-кысап беребиз. Бул дайыма өз ара жардамдашуунун, чыныгы тажрыйба алмашуунун жыйынтыгы. Ошондуктан биздин ишмердигибиздин бир багыты — ушундай тажрыйбага ээ болгондор менен жолугушууларды уюштуруу жана алар менен болгон пикир алышуудан максималдуу пайда алууга жөндөө.
Акыл-эсти, өз ара мамилелешүү чөйрөсүн өзгөртүү жана, натыйжада, физикалык планда чыныгы өзгөрүү — булардын баары биз менен бирге болгонго даярдарды күтөт. Алдыда — узак, жөнөкөй эмес, бирок өтө улуу жол.
Долбоор Александр Геннадьевич Хакимовдун демилгеси менен ишке киргизилген.