Үй-бүлөдөгү тамак-аш келишпестиктери

Үй-бүлөдөгү тамак-аш келишпестиктери

«Эркектин жүрөгүнө кеткен жол ашказан аркылуу өтөт». Аялзатынын айрымдары ушул сөздү курал кылып чабуулга өтсө, башкалары вегетариандыктын (эт жебөөнүн) туусу астында согуш жүргүзүшөт.

Веда кулинариясы жана пикир келишпестиктер

Веда билимдеринин жайылышы менен барган сайын көптөгөн адамдар веда кулинариясына кызыгып, өздөрү үчүн вегетариандыкты ачып жатышат. Бирок, көбүнчө бул көрүнүш үй-бүлөдө гастрономиялык (тамак-аш) келишпестиктердин, атүгүл уруш жанжалдын келип чыгышына негиз болот.

  • Биргелешкен ашкана: Биргелешип тамактануу жана ортоктошуп колдонгон ашкана — бул абдан маанилүү. Бул эмоционалдык жактан гана эмес, үй-бүлөнүн биримдигин бекемдеген (синхронизациялаган) өтө маанилүү фактор болуп саналат.

Гастрономиялык согуш деген эмне?

Гастрономиялык согуштар — бул , качан аял киши өзунө жаккан тамагын күйөөсүнө зордук менен таңуулоосу , күйөөсүнүн табитин эске албай , тамактандыруудан баш тартышы же өзүнүн «диетасын» күчтөп сунуштоосу. Мындай учурда эмне болот?

  • Эркектин табияты: Эркек өзүнүн табияты боюнча мындай таңуулоону кабыл алууга жакын эмес. Аял аны өзү каалагандай тамактанууга мажбурлай албайт , болбосо мамилеси сууй башташы мүмкүн

  • Аялдын милдети: Албетте, эгерде аял өз үй-бүлөсүн бузууну каалабаса, анда күйөөсү эмнени кааласа, ошону даярдап берүү анын милдетине кирет. Аялдын ниети канчалык ак жана таза болбосун, жолдошу өзү каалаган тамакты ичиши керек.

Тамак-аш — таза энергия алмашуу Тамак-аш — бул энергия алмашуунун абдан сырдуу жана ыйык жолу. Тамак аркылуу адамга ырахат тартуулап, ага кам көрүп , таасир калтыруунун  ыкмасы. 

 Руслан Нарушевич